Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:52

АДВОКАТТАРДЫН БААРЫ ЧӨНТӨК КАРАП ИШ КЫЛАТ


Турмушу начар үй-бүлө мүчөлөрүнүн укугун коргоо максатында мамлекет жыл сайын 5 миллион сом ажыратат. Айрым бейөкмөт уюмдар мындай катмарды жалаң «чөнтөк адвокаттар» жактагандыктан, айыпталгандардын дээрлик көпчүлүгү соттолуп кетишүүдө деп кабатыр. Ал эми дал ушул кесиптин ээлеринин да бул өңүттө пикири бир кылка эмес.

Кыргыз Өкмөтүнөн маалымдашкандай, турмушу начар үй-бүлө мүчөлөрүнүн укугун коргоо максатында мамлекет казынасынан жыл сайын 5 миллион сом бөлүнөт. Мынча сумма 4 миң адамды жактаганга гана араң жетет. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, жалгыз мисал, быйылкы май айында эле 2,5 миңдей адам кармалып, анын 1 миң 600үнө кылмыш иши козголгон. Мунун ичинен 800 чактысы жетишпеген үй-бүлөнүн өкүлдөрү экен. Ошолорду коргогонго каражат табылбай, ошол бойдон калып кетти.

Адам укугу боюнча "Эдвокаси" борборунун директору Жеңишбек Төрөевдин айтымында, бөлүнгөн каражаттын аздыгынан «чөнтөк адвокаттар» көпчүлүк убакта тергөөчүлөр жана соттор менен жең ичинен сүйлөшүп алып, мукураган жарандардын укугун жакшылап коргоого аракеттенишпейт. Аталган уюм жабыркагандардын арасында сурамжылоо жүргүзгөндө, 60 пайызга жакыны жактоочусун тергөө убагында таптакыр көрүшпөгөндүгүн, сот жараяны учурунда гана жолуктурушкандыгын, тилекке каршы, бардык документтерге адвокаттар катышып жүргөндөй кол коюшкандыгын айтып беришкен.

- Өкмөт тарабынан иштеген адвокаттар укуктук жардам бере албай атат. Кимдер катышып атат? Бул клиенти аз, жаңыдан келген адвокаттар катышып атат. Бул адвокаттар формалдуу катышып атат. Бирок кылмыш ишин карасаң документтер толук жасалган, адвокаттардын колу жүрөт, - дейт Жеңишбек Төрөев.

Жеке адвокат Нурмухаммад Умаров да кээ бир кесиптештери мыйзамды жакшы билбегендиктен, жалаң ортомчулук менен шугурланып, тергөөчүлөр жана соттордун катачылыктарын жаап-жашырып, пара ташыган кызматкерге айлангандыгын жашырган жок.

- Президент айткандай посредник болуп калып атат. Бул туура эмес. Көбү законду жакшы билбейт, - деди Нурмухаммад Умаров.

- Адвокаттардын баары чөнтөккө карап иш кылат дегенге мен түк кошулбайм. Ар бирибиздин мойнубузга адам тагдыры жүктөлгөн. Аларды деңгээлинде коргобосок, бизге кийин-соң деле кайрылышпайт эле да. Демек, ишеним артып жатышабы, биз бейөкмөт уюмдар каралагандай, чөнтөк адвокат эмеспиз, - дейт Галина аттуу жактоочу.

Оштук айрым бейөкмөт уюмдар Адилет министрлигинин алдында турмушу начар адамдарга укуктук жактан акысыз көмөк көрсөтүү кеңешин уюштуруп, Өкмөт ажыраткан каражаттын сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдаланылышын такай көзөмөлдөп туруу сунушу менен кайрылышкан. Президенттин администрациясы менен байланышканыбызда, учурда «Кепилденген юридикалык жардам жөнүндө» мыйзам долбоору даярдалып, парламентке жөнөтүлгөнү жатканын маалымдашты.

XS
SM
MD
LG