Октябрь айында референдумда кабыл алынган Конституцияга ылайык өкмөт башчылыкка талапкерди парламенттик шайлоодо 50% көп добушту жеңип алган партия көрсөтөт.Жогорку Кеңеште абсолюттук көпчүлүк добушка ээ болгон «Ак жол» партиясы дүйшөмбү күнү жыйын куруп, премьер-министрликке талапкерди көрсөткөнүн Жогорку Кеңештин депутаты, «Ак жол» партиясынын жооптуу катчысы Жангроз Каниметов «Азаттыкка»билдирди:
-Бизде фракция түзүлгөн. Фракциянын жетекчиси Ибраимова Элмира Султановна болду. Анан биздин Конституциялык укугубуз бар. Ошого ылайык шайлоодо жеңген партия өкмөт башчылыкка талапкерди сунуш кылат. Биз фракциянын бардык мүчөлөрү кол коюп, ошол укуктан пайдаланып, Чудинов Игорь Витальевичти өкмөт башчылыкка сунуш кылдык.
«Ак жол» партиясы биринчи вице-премьер-министрликке Искендербек Айдаралиевдин талапкерлигин сунуштап, колдоорун жарыялады.
Игорь Чудиновдун талапкерлигин өкмөт башчылыкка сунуштоодо партия кандай өзгөчөлүктөрдү эске алганын Каниметов атады:
-Биринчиден, бул энергетика министрлигинин ишин алып барууда өзүн көрсөттү. Экинчиден, түз инсан жана бүгүнкү экономиканы жакшы билген адам катары сунуштадык.
Айрым талдоочулар, «Ак жол» партиясын мурунку президенттин жакындары түзгөн «Алга Кыргызстан» партиясы менен окшоштуруп келсе, эми Игорь Чудиновдун премьер-министрликке көрсөтүлүшүн Николай Танаевдин өкмөт башчылыкка келиши менен салыштырууда. Кыргыз эмес улуттагы адамдын өкмөт башчылыкка келүүсү президенттин көңүлүн тынч коет. Анткени, андайларда президент болом деген амбиция болбойт, деген ойлор айтылууда.
«Асаба» партиясынын лидери Азимбек Бекназаровдун пикиринде Игорь Чудиновду өкмөт башчылыкка алып келүүгө башка себептер негизги ролду ойноду:
-Азыр чоң-чоң стратегиялык обьектилер, кен байлыктар, суу-токойлорду менчитештирүү боюнча мыйзамдардын пакети Жогорку Кеңешке киргизилет. Ошол эле Камбараталар, Назарбаев 2003-жылдан бери алалбай жүргөн Каркыранын жарымы, пансионаттар. Мына ушулардын баарын мыйзам иретинде азыркы парламент «Ак жол» алып берет. Ошондо кыргыз болуп калса, кыргыздык каны ойноп кетиши мүмкүн эле. Буга (Чудиновго) баары бир. Баарын өткөрүп-өткөрүп берип, Москвага «до свидания» деп деп кете берет.
Азыркы кездеги коомдук өкмөттүн башчысы, мурдагы премьер-министр Амангелди Муралиев Игорь Чудиновду комсомолдук кызматтан бери билерин, бирок ал чоң мамлекеттик кызматтарда өзүн көрсөтө электигин белгиледи. Муралиев ошондой эле Чудиновду дайындалуусун башка саясий долбоор менен да байланыштырды:
-Эми Мадумаровду спикерликке шайлашты. Чудиновду өкмөт башчылыкка коюшту. Менин оюмча, бул жерде бир саясий оюн болгону жатат. Кыязы, жакын арада мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо болот го. Ошого ылайыктап кадрларды дайындап жатышат. Мөөнөтсүз президенттик шайлоо Кыргызстандагы саясий системаны коңшу мамлекеттердегидей абалга алып келүү үчүн өткөрүлүшү күтүлүүдө.
Премьер-министрлик кызматка бекиген Игорь Чудинов 1961-жылы Бишкекте төрөлгөн. Кезинде комсомолдук кызматтарда иштеген. 2005-жылдан 2007-жылга чейин «Кыргызгазды» башкарып, андан кийин Өнөр жай жана отун-энергетика министри кызматына дайындалган. Быйылкы жылдын 16-декабрындагы парламенттик шайлоодон кийин «Ак жол» партиясы тарабынан өкмөт башчылыкка көрсөтүлүп, президенттин жардыгы менен бул кызматка 24-декабрда дайындалды.