Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:33

ЖАЛАЛАБАТ: ТЕКЕБАЕВДИН ИНИСИ МИЛИЦИЯДА СУРАК БЕРҮҮДӨ


25-декабрда “Сентябрь” телеканалынын Түштүк аймагындагы деректири Асылбек Текебаев Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө чакыртылды. Ага кылмыш кодексинин 234 беренесине ылайык бейбаштык кылды деген айып тагылууда. Мындай айыпка анын өзү менен окуянын күбөлөрү макул эмес.

Түштүк аймагына эркин маалыматтарды таркаткан сыналгынын башчысы Асылбек Текебаев 25-декабрда Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө чакыртылган. Жалалабат райондор аралык сот 5-декабрда “Сентябрь” телеканалынын мунарасына ажыратылган жерди мыйзамсыз деп таап, мунараны көчүрүп кетүү чечимин чыгарган. Райондук милициянын тергөө бөлүмүнүн башчысы Мухамед Мамашевдин айтымында Текебаев мурда эки ирет расмий чакырууга келбей койгон. Тартип сакчылары менен сот аткаруучу чечимди жүзөгө ашырууга барганда каршылыкка туш болушкан:

- 5-декабрь 2007-жылы сот аткаруучулар ички иштер бөлүмүнө билдирүү менен арыз жазып келишкен. Биз ошол эле күнү кылмыш каттоо китебине түшүрүп, 204-статьянын 3-бөлүгүнүн негизинде негизсиз ок куралдарды аткандыгы үчүн деп Текебаев Асылбектин үстүнөн кылмыш ишин козгоп, азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Райондук сот аткаруучулар кызматынын жетекчиси Тилек Батырбеков телеканалдын деректирин жоопко тартуу арызы менен кайрылган. Анын белгилешинче Текебаев телефон менен сүйлөшкөндө жана мунара турган токой бөлүгүндө да аны коркутуп, асманга ок чыгарган:

- Доону камсыз кылуу боюнча аныктаманы түшүндүрүп берели десек, ал мылтыгын чыгарып бизге эскертүү иретинде асманга 4-5 жолу атып жиберди. Биз ага соттун аныктамасын аткаруу барагын тааныштырып, көчүрмөсүн алып, кол коюп берүүсүн сурансак, оозго алгыс сөздөр менен сөгүнүп, кетип калгыла, болбосо бардыгыңарды атып салам деп коркутуп, биз жакка атырылды.

Бирок тартип сакчылары менен сот аткаруучу “Сузак” токой бөлүмүнө сот чечим чыгаралекте барышып, мунараны камсыздаган электр жарыгын өчүрүшкөн. Өздөрүнүн ким экендигин тааныштырбай, соттун чечимин жокко чыгарууга мүмкүндүк беришпеген. Асылбек Текебаевдин ушундай көрсөтмөсү боюнча ал бейбаштык жасады деген айыпты четке кагып, сурак дем алышы жок жети саатка созулгандыгын жана бүрсүгүнү кайра уланаарын айтты:

- Сот чечим чыгарса, соттук чечим өзүнүн мыйзамдуу күчүнө киргенде каалагандай аракетиңерди кылсаңыздар болот, азыркы кылганыңар туура эмес деп гана айткам. Эч кимди сөккөн эмесмин, эч кандай мылтык атылган эмес, бардыгы тып-тынч болгон. Себеби ал жерде менден башка милиция тарабынан 30дай адам болгон, керек болсо алардын бардыгы тастыктап берет.

Окуя болгон жерде 60тан ашык киши болгон. Алардын бири Айбек Султанкуловдун пикири боюнча мунара жанында Текебаев кылмыш жасаган эмес. Бийликтин кемчилигин сындаган телеканалды жабуу үчүн бейбаштыкка шылтоолонгон саясий аракеттери көрүлүүдө. Элдин эркин маалымат алуу укугу бузулууда:

- Саясий себептер менен кармап атат. Бул коркутуп-үркүтүү, теленин оозуп жаап чындыкты уктурбаш керек. Негизги эле максаты ошол.

Телемунара кызматкери Калыбек Алиев “Сентябрь” сыналгысы менен жетекчисин коргоп калуу үчүн саясий жана мыйзамдык иш-чаралар көрүлөрүн билдирди.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG