Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:09

КАТОЛИКТЕР ЫЙСА ПАЙГАМБАРДЫН ТУУЛГАН КҮНҮН МАЙРАМДАШУУДА


Миллиондогон католиктер Ыйса пайгамбардын туулган күнүн белгилешүүдө. Салттуу таат Ыйсанын туулган жери Бетлеем шаарында жана Ватиканда өттү.

Папа Бенедикт 16 дүйшөмбүдөн шейшембиге караган түнү Ватиканда салттуу таат өткөрдү.
Рим католик чиркөөсүнүн башчысын угуу үчүн Ыйык Петр чиркөөсүнө 10 миңдей киши чогулду. Таат 42 өлкөдө түз эфирде көргөзүлдү.

80 жаштагы понтифик элди кудайга кайрылуу үчүн, кембагалдарга, азап тарткандарга жардам берүү үчүн убакыт табууга чакырды:

-Биздин, менин жылуу сөзүмө муктаж жакындарыбызга, жардамга муктаж кыйналган адамга, баш паанага муктаж качкынга убакытыбыз барбы? Жаратканга убакыт жана жай табылабы?

Дүйшөмбү, 24-декабрда, Ватикандагы Ыйык Петр аянтында Ыйса пайгамбардын туулган жерин чагылдырган кеп расмий ачылды. Быйыл ымыркай Ыйсанын айкели чоңураак жасалып, ал адаттагыдай Бетлеемдеги малканага эмес Назарет шаарына орнотулган. Ватикан мындай өзгөрүү Ыйса Бетлеемде эмес бардык жерде төрөлгөн деген идеядан келип чыкканын түшүндүрдү.

Шейшембиде Рим папасы дүйнө жүзүндөгү жолдоочуларын 60ка жакын тилде куттуктады.

Ыйса пайгамбардын туулган күнү Иордан дарыясынын батыш жээгинде жайгашкан Бетлеем шаарында да белгиленди. Тооратка ылайык, Ыйса дал ошол жерде төрөлгөн.

Соңку эки жылдан бери ал жердеги кырдаал салыштырмалуу тынч болгондуктан зыяратчылардын саны өсүүдө.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, быйыл ыйык шаарга былтыркыга караганда эки эсе көп турист келди.

Палестин автономиясынын президенти, мусулман Махмуд Аббас да түнкү таатка катышты.
Аны өткөргөн Патриарх Мишел Саббах болсо өз сөзүндө Жакынкы чыгышта тынчтык орнотууга үндөдү.

XS
SM
MD
LG