Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:37

ОШТО ШАЙЛОО ПРОТОКОЛДОРУН ДАГЫ ЭЛЕ ОҢДОП ЖАТЫШАТ


«Ата Мекен» партиясынын Оштогу участкалык шайлоо комиссияларынын айрым мүчөлөрүнө 16-декабрдагы парламенттик шайлоонун оңдолгон протоколдоруна кол койдуруу аракеттери жасалууда. «Демилгечилерди» милиция формачан кишилер коштоп жүрүшкөндүгү маалымдалса да, жергиликтүү мамлекеттик органдар мындай окуялар катталбагандыгын айтышууда.

Ош шаарына караштуу Хабиб Абдуллаев атындагы орто мектептеги участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү, «Ата Мекен» партиясынын өкүлү Манас Өскөнбаев ага жарандык кийимчен эки кишини коштогон милиция келип, оңдолгон протоколго кол коюп, а түгүл «Ак жол» партиясына кирүүгө үгүттөгөндүгүн «Азаттыкка» мындайча маалымдады.

- Хабиб Абдуллаев мектебинде “Ата мекен” партиясынын атынан шайлоо участкасынын мүчөсү болчумун. Ал жерден “Ата мекен” партиясы 120 добуш алган протокол түзүп тапшырганбыз. Бүгүн бир милиция формасында, 2 граждандык кийинген адам келип ошол протоколду өзгөртүп жазалы деген сунуш менен мага кайрылышты. Мен айттым, бул законду бузуу болуп эсептелет, ошондуктан кайрдан кол койбойм дедим. Эми “Акжолго” өтпөйсүңбү дегендей болушту, - дейт Манас Өскөнбаев.

«Ата Мекен» партиясынын түштүктөгү координатору Кадырбек Сарыков «Ата Мекен» парламентке жолотулбай соттошуп жаткандыгын, алардын жер-жерлердеги активисттерин коркутуп-үркүтүү күн өткөн сайын күчөп бараткандыгын билдирди:

- Ош шаары боюнча 590 гана добуш алды деп айтып атышат. Биздин колубуздагы кол коюлган, печать басылган протокол боюнча 3292 добуш алды. Шайлоонун жыйынтыгы боюнча түзүлгөн протоколду биз өзгөртүп келдик, ошого кол коюп бериңиз деп келишти. Бул коркутуу эмей эмне. Шайлоодон бери биздин күнүбүз ушул.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын, улуттук коопсуздук комитетинин жетекчилиги жана Ош шаардык шайлоо комиссиясы айтылган фактыларды комментарийлөөдөн баш тартышты. Ошол эле учурда Ош облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Амат Маматоморов «ата мекенчилерди» мажбурлоо же куугунтуктоо жөнүндө биринчи жолу угуп жаткандыгын, жалпы жонунан 16-декабрдагы шайлоо адилет, демократиялуу маанайда өткөндүгүн белгиледи.

- Биз райондук, шаардык проколдорун толук алдык. Ошонун негизинде жыйынтык чыгардык. Облус шайлоо комиссиясынын алдында «Ата мекен» партиясынын өкүлүнөн түшкөн арыз бар. Анын тиешелүү фактыларынын болбогондугуна байланыштуу аны биз канаттандырганыбыз жокбуз. Андан тышкары облус шайлоо комиссиясына башка эч кандай арыз-даттануулар түшкөн жок, - деди Амат Маматоморов.

Материал обого даярдалып калганда, «Ата Мекен» партиясынын Карасуу райондук комитетинин башчысы Төлөгөн Келдибаев алардын аймактык штабын жабууга милиция чындап мажбурлагандыгын белгилейт:

- "Карасуу автотранстын" директору Юсуповдун үйүнө ички ички кызматынан бир нече өкүлдөр барып, «Ата мекенди» чыгарып беришин талап кылганда, ал киши кечээ жолугуп, менин да бала-чакам бар, тынчырак жашайын, дегенинен аргасыздан биз партиянын Карасуу районундагы штабын өткөрүп бердик. Куугунтуктоолор азыр дале жүргүзүлүп атат, биздин партиянын активисттерин, мүчөлөрүн коркутуп-үркүтүүлөр, ичара бөлүп-жаруулар күндөн-күнгө күчөп атат, - деп «Азаттыкка» кабарлады Төлөгөн Келдибаев.

XS
SM
MD
LG