Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:41

ООГАН ӨКМӨТҮ БАТЫШТЫК ЭКИ ДИПЛОМАТТЫ ӨЛКӨДӨН КУУП ЖАТАТ


Амирбек Усманов, Прага Улуттар уюмунун өкүлдөрү Ооган өкмөтү менен батыштык эки дипломаттын чатагына байланыштуу шашылыш сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө. Ырасмий Кабыл БУУнун жергиликтүү бөлүмүндө иштеген британ жаранын жана Евробиримдиктин жооптуу кызматкерин өлкөнүн коопсуздугуна шек келтирди деп, бейшембиге чейин Ооганстандан чыгып кетүүнү буйруган. БУУ окуяны “өз ара түшүнбөстүк” деп атады.

Ооган бийликтери батыштык эки дипломатты өкмөткө билдирбей туруп, өлкө түштүгүндөгү Муса Кала шаарында талибдердин өкүлдөрү менен жолугушту деп күнөөлөдү. Президент Хамид Карзайдын өкүлү Гумаюн Хамидзада 25—декбарда кабарчылар менен болгон кездешүүдө“персона нон грата” деп жарыяланган Майкл Семпл менен Мервин Паттерсон менен кошо жүргөн ооган коллегалары камакка алынганын да кошумчалап, эки диплматка байланыштуу чырдын жайын мындай түшүндүрдү:

-Алар өз кызматтарына ылайыксыз иштерге катышып, Ооганстандын мамлекеттик коопсуздугуна коркунуч келтирди.

Гелманд провинциясынын Муса Кала шаары он ай бою талибдердин ээлигинде болуп, жакында эле НАТОлук күчтөрдүн курамындагы британ аскерлери тарабынан бошотулган.

Улуттар Уюмунун Кабылдагы кеңсеси дипломаттар Муса Калага кайра куруу иштерин координациялоо үчүн барганын айтып, Ооган өкмөтүнүн чечимин “өз ара түшүнбөстүк”, деп баалады. БУУнун өкүлү Нило Мубарездин “Эркин Ооганстан” радиосуна айтышынча, өкүлчүлүктө маселе жакын арада оң чечилерине ишенишет:

-Биздин кесиптештерибиз Ооганстандан эртең чыгып кетишет. Бирок, өз ара түшүнбөстүк жөндөлмөйүнчө, Ооган бийликтери менен сүйлөшүү токтотулбайт. Маселе жөндөөр замат коллегаларыбыздын Ооганстанга кайра келүүсүнө жол ачылат. Биз - алар кайра келет деген үмүттөбүз.

БУУнун экинчи бир өкүлү Алим Сыдыкю: “БУУнун кызматкерин өлкөдөн чыгарууга эч кендай негиз жок экенин Ооганстандын өкмөтүнө ачык билдирдик. Мунун биз Гелманд провинциясынын бийликтери менен борбордук өкмөттүн ортосундагы түшүнбөстүктүн натыйжасы катары көрүүдөбүз”,- деп билдирди.

Лондондо чыгуучу “Индепендент” гезитинин жазышынча, Евробримдиктин Ооганстандагы миссиясын убактылуу жетектеп жаткан Майкл Семпел дари жана пушту тилдерин мыкты билет жан Ооганстан боюнча чоң адис эсептелет. Ошондуктан, аны өлкөдөн айдап чыгуу Батыштын ооган эли менен жакындашуусуна чоң жолтоо болот, деп бүтүм жасайт гезит.

XS
SM
MD
LG