Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:07

ТЕМИР САРИЕВ: БИЙЛИКТИН МЫЙЗАМСЫЗ САЯСАТЫНА КАРШЫ КҮРӨШ ТОКТОБОЙТ


Кыргызстанда оппозициялык күчтөр жана бейөкмөт уюмдар жаңы кыймылга биригип, аны “Акыйкат үчүн” деп аташты. Бул кыймылдын максат-мүдөөлөрү жөнүндө “Азаттыкка” экс-депутат Темир Сариев айтып берди.

- Бир катар саясий партиялар, бей өкмөт уюмдары кечээ биригип акыйкат үчүн кыймыл түзбөдүбү, ошол кыймылды түзүүнүн учурда канчалык зарылдыгы бар?

- Шайлоодон кийин көп адамдар нааразы болгон, саясий партиялар, бей өкмөт уюмдар шайлоонун бурмаланып өткөнүнө, анын жыйынтыктарына макул болбой, ошонун негизинде шайлоонун жыйынтыгы боюнча биринчи конференция болгондо 8 саясий партия, 11ге жакын бей өкмөт уюмдар жана коом таануучулар биргелешип чогуу сүйлөшүп, бүгүнкү бийликтин туура эмес кылып аткан иштерине чогуу бололу деп коодук уюм түздү, анын уюштуруу комитети түзүлдү. Жаңы жылдан кийин Бишкекте чоң конференция чакыралы деп жатабыз. Негизгиси шайлоонун жыйынтыктарын тааныбоо жана Кыргызстандын бүгүнкү болуп аткан жана келечекти саясатына толук анализ берип, анан өзүнүн сунуштарын берүү.

- Акыйкат үчүн кыймыл эртең дагы жыйын өткөрүп алдыдагы аракеттери иш чаралары тууралу талкуу уюштурганы жатат дейт, мына ушулар тууралу да токтоло кетсеңиз?

- Ооба, уюштуруу комитети жүрдү, ар бир саясий партиялардан жана бей өкмөт уюмдардан бирден кишилер кирди. Анын азырынча координатору болуп саясатчылардын ассоциациясы бар Жекшенкулов Аликбек болду. Бул жерде бир саясий партиянын астында чогулган жок деп негизги бей өкмөт уюмдары, партиялар айтып атат. Эртеңки боло турган жыйын жумасына 2-3 жолу, керек болсо 4 жолу чогулуп турат. Алардын негизгиси алдыда келе турган конференцияга даярдануу, бей өкмөт уюмдардын көзөмөл кылган протоколдорунун барын чогултуп, ошол боюнча Кыргызстага шайлоонун анык өткөнүн, анын жыйынтыктарын жарыялоо. Бардыгы бир нерсеге макул болуп атат, бүгүнкү парламенттин легитимдүүлүгү абдан чоң суроо болуп калды, саясий партиялардын көбү шайлоонун жыйынтыгын тааныбайбыз деп чыгышкан. Ошон үчүн бул конференцияда баары жыйынтыкталып айтылат. Бир гана мамлекеттин ичиндеги органдар эмес, эл аралык байкоочулар дагы шайлоону тааныбайбыз деп атат. Шайлоо абдан чоң мыйзам бузуулар менен өттү. Мунун бардыгы тең 16-декабрдагы шайлоонун легитимдүүлүгүн, анын жыйынтыгын чоң суроого коюп атат.

- Ал эми коомчулукта оппозициянын башы бирикпейт, баары эле президент, өкмөт башчы болгусу келип, негизги максаты бийликке жетүүнү көздөйт деген пикирлер айтылып келатпайбы. Мына ушул өңүттөн алганда “Акыйкат үчүн” кыймылдын келечеги барбы?

- “Акыйкат үчүн” кыймыл эки гана максат менен чогулуп атат азырынча. Андан кийинки саясий максаттарды өзүнүн ишинде көрөт. Мына 8 саясий партия бирикти, жакын арада жобосу иштелип чыгат. Негизгиси, бул бүгүнкү мамлекеттик саясатка эл каршы экендигин көрсөтүп атат. Анткени, 16-декабрдан кийин репрессиялык методго өтүп кетишти, көп адамдарды жүйөөсүз эле камап, сабап, аларды ар түрдүү коркутуу иш чараларына өтүп кетти. Ушинтип бийлик өзүнүн элин сыйлабаса, аларды сабап, коркута берсе, кандайдыр бир радикалдуу формаларына өтүүгө түртөт, бул дүйнөлүк тарыхта белгилүү. Ал эми бул партияларды жана бей өкмөт уюмдардын чогулушу кандайдыр бир мыйзамдуу жол менен күрөшүүнүн жолун издөө деп эсептесек болот.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG