Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:29

БАКЫТ БЕШИМОВ: БИР ПАРТИЯНЫН ҮСТӨМДҮГҮ АСТЫНДА КОНСТРУКТИВДҮҮ ИШ БОЛБОЙТ


Жогорку Кеңештин төртүнчү чакырыгында шайланган депутаттар ишке киришкенин бир жума болду. Жаңы парламент азыр коомчулук сынынан өтүп жаткан кези. Жогорку Кеңештеги социал-демократтар фракциясынын депутаты Бакыт Бешимов “Азаттык” менен таңкы маекке чыгып, парламент ишин кандай баштап жатканы, партиялык тизме менен шайланган парламенттин өзгөчөлүгү жөнүндө айтып берди.

- Жаңы парламенттин ишине сиз кандай баа берет элеңиз?

- Башталышын айтып кетейин, анткени толук жыйынтык чыгарыш али эрте. Көрүп атасыздар, биринчи жума “Ак жол” партиянын үстөмдүгү менен өтүп жатат. Анткени, бир партиядан толук жетекчилик шайланды, андан тышкары көпчүлүк комитеттерди ошол партия ээледи. Алар ачык эле айтып жатат, биз көпчүлүктүн партиясыбыз, ошондуктан негизги саясий орундарды ээлегенге укугубуз бар, анан жоопкерчиликти өз мойнубузга илдик деп. Албетте, биринчи күңдөр эмнени көрсөттү, эгерде бир партиянын үстөмдүгү менен мындан ары деле бардык нерсе өтө берсе, конструктивдүү диалогго барбай, албетте, жалпы парламенттин ишине шек келтириши ыктымал.

- Сиз азыр өзүңүз эле айтып кеттиңиз, ушул парламентте комитеттердин көбүнө бир партиянын гана мүчөлөрү ээ болуп калды деп, башкача айтканда “Ак жол” партиянын мүчөлөрү төрага, төраганын орунбасарлары болуп шайланды. Эми СДП парламентке идеяларын, мыйзам долбоорлорун сунуштап, аны ишке ашырууга кудурети жетеби?

- Комитеттердин орунбасарлары да шайланып атканда, биз ар бирине өзүбүздүн сунушубузду бердик элек. Бирок тилекке каршы аны туура түшүнбөй, “Ак жол” партиянын мүчөлөрү бардыгын тизмеден шайлоо убагында чийип салды. Ошол нерсеге биз бир топ нааразы болдук. Бирок өзүбүздүн идеяларды ишке ашырыш үчүн ошол комитеттерде активдүү иштейли деп атабыз, бул бир. Экинчиден, жалпы талкуу болгондо элге ачык-айкын билдиребиз. Андан тышкары колубуздан келишинче ар кыл маалыматты элге кенен таратып, өзүбүздүн сунуштарыбуз жөнүндө да билдиребиз. Анан кандай болот азыр айтыш кыйын. Эмне үчүн дегенде, ошол сунуштарыбызды берип, аны талкууга коюп чечели деп атканда көпчүлүк, албетте, аны четке кагып коюшу мүмкүн. Азыр ошондой абалдабыз. Бирок эгерде өтө конструктивдүү, өтө демилгечи болуп иштесек бир топ нерсени жасаса болот. Ал деле көрүнүп атат азыркы парламенттин ичинде.

- СДПнын мүчөсү депутат Жээнбеков спикер Адахан Мадумаровду парламенттин стратегиясын айтпай эле, акыл үйрөтүп баштады деп сынга алды эле, сиздин буга көз карашыңыз кандай?

- Аны мен айттым эле. Адахан Мадумаров ишин баштаганда эле бир жакка кетип атат. Ал тартипти орнотуш керек деп атат. Бирок тартипти орноткондо өзүнүн тегерегинде турган адамдардын ой-пикирин угуш керек. Экинчиден, чынын айтканда ал парламенттин жалпы стратегиясын төрагалыкка барып атып билдире албады, терең ачалбады. Ал да телекөрүүчүлөргө, жалпы элге көрүндү. Үчүнчүдөн парламенттин жаңы ролун азыркы учурда эске алып туруп, партиялык тизменин негизинде түзүлгөн жаңы парламенттин биринчи кадамдары кандай болот, ал жөнүндө салмактуу ойлонуш керек. Менимче бир топ жеңилдик кетирип атат.

- Жакында эле Жогорку сот СДПнын мүчөсү Өмүрек Бабановдун пайдасына чечим чыгарды. Эми ал кайрадан парламенттик депутаттыкка барар-барбасы тууралу сиздин маалыматыңыз барбы?

- Аны биз фракцияда бүгүн талкуулайбыз. Ал жигиттин өзүнүн орду бар. Учурда СДПКга бут тосуулар болбоду беле. Ошонун негизинен дагы аны адилетсиздиктин негизинде тизмеден алып салды, бирок Жогорку сот кайра тизмеге тикеледи. Ал маселе бүгүн чечилет.

- Маегиңизге чоң ырахмат.

XS
SM
MD
LG