Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:40

ӨКМӨТ КУРАМЫНДА БАЯГЫЛАР ЭЛЕ


27-декабрда Жогорку Кеңеш премьер-министр Игорь Чудинов сунуштаган «Өкмөттүн структурасын» карап, аны бекитип берди. Структура бекитилгенден кийин түш оой президент өз жардыгы менен өкмөттүн мүчөлөрүн толук дайындады. Өкмөттүн курамынан Социал-демократиялык партиянын мүчөлөрү чыгарылып, алардын ордуна жаңы министрлер келди. Калган министрлер негизинен өз ордуларында калышты.

Жогорку Кеңеш бүгүн «Өкмөттүн структурасы» жөнүндөгү мыйзамды кабыл алгандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берген премьер-министр Игорь Чудинов өкмөт жакынкы күндөрү куралып бүтөөрүн билдирген эле:

-Жакынкы күндөрдө куралат. Алгачкы дайындоолор боюнча эртең маалымат ала баштайсыңар. Жаңы жылга чейин өкмөттү курап бүтөбүз. Биз жекшемби күндөрү да иштеп, жаңы министрлер менен министрликтердеги ишти талдап, 8-январга карай өкмөттүн кадимкидей иштеп калышына жетишибиз керек.

Бирок 27-декабрда эле түштөн кийин президенттин жардыктары жарыяланып, анда өкмөт толук курамы менен бекитилди. Ал жардыктарга ылайык Искендербек Айдаралиев биринчи вице-премьер-министр, Досбол Нур уулу вице-премьер-министр, Мурат Исмаилов өкмөттүн аппарат башчысы болуп дайындалды. Күч министрлери Болотбек Ногойбаев, Муратбек Суталинов, Исмаил Исаков жана тышкы иштер министри Эднан Карабаев ордунда калды. Каржы министринин милдетин аткаруучу болуп келген Акылбек Жапаров экономикалык өнүктүрүү жана соода министри болуп дайындалып, Социалдык фонддун төрайымы Тажикан Калимбетова каржы министри болуп дайындалды.

Премьер-министрлик кызматка көтөрүлгөн Игорь Чудиновдун ордуна өнөр жай, энергетика жана отун ресурстар министри болуп Сапарбек Балкыбеков дайындалды. Ал буга чейин «Улуттук электр станциялар» акционердик коомун жетектеп келген. Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине Бишкек шаарынын мурунку мэри Арстанбек Ногоев, саламаттык сактоо министри болуп Марат Мамбетов дайындалды. Маданият жана маалымат министри Султан Раев, юстиция министри Марат Кайыпов, эмгек жана социалдык коргоо министри Өктөмхан Абдуллаева өз ордуларында калды. Ошондой эле бажы комитетинин төрагасы Нурлан Акматов, салык комитетинин башчысы Темирбек Курманбеков, мамлекеттик мүлк комитетинин башчысы Турсун Турдумамбетов, миграция жана эмгек менен камсыздоо комитетинин башчысы Айгүл Рыскулова өз ордунда калды. Социал-демократиялык партиянын мүчөлөрү Сооронбай Жээнбеков жана Туйгуналы Абдраимов кызматтарынан бошотулду. Социал-демократтардын лидерлеринин бири Осмонбек Артыкбаев партиялаштарынын кызматтан бошотулушун мындай баалады:

-Социал-демократиялык партиянын мүчөлөрү болгон министрлер иштегенде элге жакшы болмок. Биздин партия дагы «Ак жол» партиясы менен катар экономикалык жоопкерчиликти тең бөлүшмөк. Өздөрү министрлерди дайындаганга байланыштуу эми экономикалык жоопкерчиликти «Ак жол» партиясы жана бийлик өзүнө алып жатат. Сооронбай Жээнбеков жана Туйгуналы Абдраимов Социал-демократиялык партиянын мүчөсү болгон үчүн кызматтан алынды.

Бүгүн 27-декабрда парламентте премьер-министр Игорь Чудинов өкмөттүн структурасын мурунку калыбында бекитип берүүнү депутаттардан өтүндү.
Ал өтүнүч менен Жогорку Кеңеш 14 министрлик, 5 мамлекеттик комитет жана премьер-министр, биринчи вице-премьер-министр, вице-премьер-министр жана өкмөттүн аппарат башчысы-министрден турган өкмөттүн эски структурасын бекитип берди. Түштөн кийин болсо президенттин жардыгы менен өкмөт мүчөлөрү дайындалды.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG