Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:01

Б. БХУТТО ЖАН КЕЧТИ ЖАРДЫРГАН БОМБАДАН КУРМАН БОЛДУ


Пакистанда мурдагы премьер-министр Беназир Бхутто жанкечти жардырган бомбага кабылып курман болду. Бул жөнүндө эл аралык маалымат каражаттарына Бхутто жетектеп келген Пакистандын элдик партиясынын өкүлү билдирген. Пакистандын Ички иштер министрлиги дагы Бхуттонун курман болгонун ырастаган билдирүү берди. Бомба жардыруу Бхутто Равалпиндиде өзүнүн жактоочулары өткөргөн митингде сүйлөп бүткөндө болгон. Жардыруудан 20 дан ашык адам набыт болуп, ондогон адамдар жаракат алды. Бхутто Пакистанда премьер-министр кызматында эки жолу болгон. Ал январь айына белгиленген парламенттик шайлоодон кийин өкмөт башчылыгына кайтып келүүнү ойлоп жаткан.Кыргызстандык саясатчылар Беназир Бхутто өлтүрүлгөн террордук актыны катуу айыпташып, Пакистандагы кырдаалга кабатырлануу билдирип жатышат.

Кыргыз саясат таануучусу Токтогул Какчекеев Беназир Бхуттонун өлүмү эми Пакистандагы кырдаалды курчутат деген жоромолун айтат.

-Бул кишини өлтүргөн жакшылыкка алып келбейт. Эми Пакистанда, Ооганстанда кооптуу абал түзүлүп калат. Аны кайра калыбына алып келиш өтө кыйын болот. Эл мүмкүн Мушараффка каршы кандайдыр бир өзүнүн күчүн жана талабын көрсөтөт.

Пакистанда 1999-жылы аскерий төңкөрүш орун алып, Первез Мушарафф бийликке келген. Ошондон бери өз эрки менен мекенин таштап сүргүндө жүргөн Бхутто ага карата коррупцияга байланыштуу айыптоолор алынган соң ушул жылдын октябрында эле Пакистанга кайтып келген. Кабарларга караганда, бул Бхутто менен Первез өз ара макулдашууга келгенден кийин гана мүмкүн болгон. Ал макулдашууга ылайык январда өтчү парламенттик шайлоодон кийин деле Мушарафф бийлик башында калмак. Бирок бул сүйлөшүү ушу күнү күчүндө беле же жокпу айтуу кыйын эле. Анткени соңку мезгилде бул эки саясатчынын мамилеси өтө эле начарлап кеткен.

Кыргыз парламентинин депутаты Бакыт Бешимов Беназир Бхуттонун өлтүрүлүшун кескин айыптады. Ал саясий оппоненттерин бомба аркылуу, адам өмүрүн кыюу аркылуу жеңүү – жеңилгендикке тете деп эсептейт:

-Эмне дейли...Албетте ал Пакистандын тарыхында өзүнүн атасындай сөзсүз калат. Бир убакта атасы да ошондой диктатордук режимге каршы чыгып, өлтүрүлгөн эле.Беназир жакшы билим алып атасынын саясий жолуна түшкөн эле. Эми тилекке каршы ушундай болуп калды...

Беназир Бхуттону көрүп билгендер анын эл арасында өтө абройлуу экенин белгилеп келишет. Кыргызстан Аялдар конгрессинин төрайымы Замира Акбагышева Бхуттонун эл арасындагы бийик кадыр-баркын мындайча эскерет:

-Кыргызстан Аялдар конгресси эки жолу Пакистанда болгонбуз. Биз биринчи жолу Бхутто бийликте кезинде барганбыз. Экинчи жолу бийликке Первез Мушараф келгенден кийин бардык. Жөнөкөй эл Беназир Бхуттону өтө сыйлачу. Ал бийликтен кетээрде, мамлекеттен кетээрде көп маселелер болду... Бирок баары бир элдин көбү Беназир Бхуттону колдогон да.

Беназир Бхуттого буга чейин да кол салууга аракет кылышкан. Быйыл октябрда ал кайра мекенине кайтып, аба-майданынан шаарга келе жатканда өтө катуу жардыруу болуп, андан 130 дай адам мүрт кеткен.

Бхутто буга чейинки сөздөрүнүн биринде аялга кол салуу шариятка туура келбей турганын айткан эле.

- Мага кол салууга аракет кылган шалаакы адамдар мусулмандар эмес. Анткени мусулмандар аялдарга кол салбайт. Мусулмандар бейкүнөө элдерге кол салбайт, - деген эле Пакистандын мурдагы премьер-министри.

Беназир Бхутто эки жолу Пакистанда премьер-министрлик кызматты аркалаган. Январга белгиленген өлкөдөгү парламенттик шайлоодон кийин ал өкмөт башчылыкка кайтып келем деген ойдо болчу.

Бхутто 1996-жылы Кыргызстанга ырасмий сапар менен келип кеткен.

Элен Куленбекова, Бишкек

XS
SM
MD
LG