Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:53

28 – ДЕКАБРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Улуу жүз казактардын приставы майор Перемышльский 1851-жылдын 28-декабрында Ормон ханга кат жолдогон. 1901-жылдын 28-декабрында кыргыз калкынын көрүнүктүү уулу, таанымал саясий жана коомдук ишмер Юсуп Абдрахманов жарык дүйнөгө келген.

Улуу жүз казактардын приставы майор Перемышльский 1851-жылдын 28-декабрында Ормон ханга кат жолдогон. Капитандын жазганына караганда Ормон хан жазган катты анын жигити Саза алып келген. Майор Перемышльскийдин кайра кайтарган жообунда, Ормон ханга улуу жүз казактар менен ынтымак-ырашкерчиликте жашаш керектиги сунуш кылынып, эгер анын казактарга карата кандайдыр бир кинеси болсо, орус администрациясына ардактуу адамдарды жиберсеңиз, биз аны чечебиз деген ишеним айтылат.

Орус бийлиги тарабынан туткундалган 1851-жылдын сентябрь айында туткунга алынган эки кыргыз, ушул жылдын 28-декабрында түрмөдөн бошотулган. Кыргыздын журт башчылары Ормон хан менен Жантай манаптардын орус бийлигине туткундардын бошотулушун өтүнгөн катынынын негизинде, алар түрмөдөн чыгарылып, туткундарга минген аттары менен курал-жарактары кайтарылып берилген.

Кыргыз калкынын көрүнүктуу уулу, таанымал саясий жана коомдук ишмер Юсуп Абдрахманов 1901-жылдын 28-декабрында жарык дүйнөгө келген. Анын киндик каны Күңгөй-Аксуу волостунун Чиркей айлына таамп, Юсуптун балалык чагы Сазановка айлында өткөн. Ал башында 3 жылдык жергиликтүү-орус мектебин бүтүргөн. 1914-жылы Караколдогу шаардык жогорку училищеде окуп, тилекке каршы, 1916-жылкы окуя анын билим алуусуна кедерге келтирген. 1920-жылдын тарта ал партиялык кызматка аралашып, 1924-жылы ал Түркстан Борбордук Аткаруу Комитетинде жооптуу катчынын милдетин аткарган. Ю. Абдрахманов 1927-жылы Кыргыз автономиялык областынын Элдик комиссарлар Кенешине төрагалык кызматка дайындалып, 1938-жылы бейкүнөө атылып кеткен.

1930-жылдын күз айында Сталин, Молотов, Кагановичтер ВКП (б) Борбордук комитетинин чечимине таянып, Орто Азиядан чогултулчу пахта планын 28 млн пудга чейин көтөрүүгө Ортоазия бюросун милдеттендирген. Кыргыз АССР Элдик комиссарлар кенешинин торагасы Юсуп Абдрахманов партия буйругуна ылайык Ош округунун пахта райондорун кыдырган. Партия койгон милдет аткарылбасына көзү жеткен Ю. Абдрахманов 1930-жылдын 28-декабры менен белгиленген күндөлүгүнө: «биздин жетекчилер денесинин кайсыл жагы менен ойлонгонуна таңмын. Канткен күндө да, директиваны көсөм деп айтууга мүмкүн эмес. Мындай директивалардан улам, биз бир жылга гана жашачудайбыз деген ой кетет»,-деп жазган.

Эл аралык «Руханият» ассоциациясы 2004-жылдын бу күнү, Түркия Республикасынын премьер-минимтри Режеп Эрдоганга «2004-жылдын мыкты адамы» деген наам ыйгарды.

Бу күнү, 1869-жылы Америка Кошмо Штаттарында сагыз патенттелип, 1908-жылы Сицилия аралындагы жер титирөөдөн 160 миңдей адам каза болуп, 1925-жылы айтылуу акын Сергей Есенин «Англетер» мейманасында көз жумуп, 1856-жылы АКШ президенти Вудро Вильсон жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG