Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:00

БХУТТОНУН ТҮБҮНӨ ЖЕТИШТИ


Дүйнө коомчулугу Пакистандын экс-премьери, оппозициянын лидери Беназир Бхуттонун өмүрүн кыйгандарды кескин айыптап жатышат. Кечээ ал Равалпинди шаарындагы митинг маалында жарылган бомбадан жарадар болуп, ооруканада көз жумду. Бхуттонун өлүмү тууралуу кабар өлкөдө массалык тополоңдорду тутантты. Пакистандагы кырдаалды талкуулоо үчүн кечээ Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши чукул жыйын өткөрдү.

Соңку маалыматтарда Бхуттону жанкечти адегенде эки ирет атып, жарадар кылганы, андан соң өзү да жарылып өлгөнү айтылат. Жанкестинин бомбасынан 20дай киши,алардын арасында Бхуттонун басма сөз катчысы да жер жазданды, дагы жоон топ адам жарадар болду. Бхутто алам саатта ооруканага жеткирилип, операция маалында каза тапты.

Экс-премьердин кайтыш болгонун анын партиялашы, сенатор Бабар Аван угузду. “Азыр эле доктор менен сүйлөштүм,ал мага Беназир Бхуттонун бу дүйнөдөн өткөнүн бышыктады”, - деп айтты Пакистан элдик партиясынын өкүлү.

Бул суук кабар бир катар шаарларда апалаң-тапалаң чыгарып,анын арты кара тополоңго айланды. Равалпиндиде,Пешаварда,Карачиде жана башка жерлерде буркан-шаркан түшкөн адамдар президент Первез Мушаррафтын сүрөттөрүн өрттөп, аны сөгүп-тилдеп, көпчүлүгү асманга ок атышты. Албууттанган демонстранттарды таркатканы полиция айрым жерлерде күч колдонду.

Президент Мушарраф калкка кайрылып, Равалпиндидеги кыянатты террорчулардын мыкаачылыгы деп атады жана өлкөнүн эң башкы коркунучу террорчулар экенин кайталап эске салды. Кайгылуу бул окуяга байланыштуу ал элди сабырдуулукка чакырып, муну менен өлкөдөгү абалды экстремисттер аласалдырып ийе албастыгын далилдөөгө үндөдү. Өлкөдө үч күнгө аза күтүү ырасмысы жарыяланды.

Бхутто быйыл октябрда бир топ жылдык эмиграциядан жаңы эле кайтып келип, аэропорттон бараткан жолдо жанкечти жардырган бомбадан кудай жалгап аман калган эле. Бирок анда бейжазык 130 киши набыт болгон.

Бхуттонун өмүрүнө забын болгондорду көңкү дүйнө журту,анын ичинде АКШ,Евросоюз, Россия жана башка өлкөлөр кескин айыптады. Британиянын премьери Гордон Браун террорчулар Бхуттонун түбүнө жетишкени менен Пакистандагы демократияны тындым кылалбай турушканын, бул касирет дүйнөнүн бардык жеринде террорго каршы чечкиндүүлүктү күчөтөрүн белгиледи. Президент Жорж Буш америкалыктардын атынан пакистандыктарга колдоо билдирип, аларды Бхутто бүт өмүрүн арнаган демократиядан баш тартпоого чакырды. Ооган лидери Хамид Карзай суук кабарuf кабыргасы катуу кайышканын айтып, Бхуттонун көзүн тазалагандарды тынчтыктын,пакистан элинин жана жалпы мусулман дүйнөсүнүн душмандары деп атады.

Улуттар Уюму да Равалпиндидеги кыянатты кескин айыптады.Коопсуздук Кеңеши чукул жыйын өткөрүп,Пакистандагы кырдаалды талкуулады.

Бхуттонун элдик партиясы кырк күн аза күтүүнү чечти. Беназирдин сөөгү атасы Зулфикар Али Бхуттонун Ларкандагы күмбөзүнө коюлат. Маркумдун күйөөсү кечээ балдары менен Пакистанга учуп келди.

Пакистандын дагы бир экс-премьери, азыр оппозициядагы Наваз Шариф анын партиясы 8-январга белгиленген парламенттик шайлоого катышпай турганын жарыялады, бирок Беназирдин ишин улантканга ант берди. Ал ошондой эле президент Мушаррафтын тезинен бийликтен кетишин талап кылды.

Шариф кечээ Бхутто көз жумган ооруканада болуп, Беназирдин табыты жанында улутунуп, көпкө чейин унчукпай отурду.

XS
SM
MD
LG