Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:48

А.ЖЕКШЕНКУЛОВ: БЕНАЗИР БХУТТОНУН ӨЛҮМҮ ПАКИСТАН ҮЧҮН ООР ЖОГОТУУ


Тышкы иштер министрлигинин мурдагы жетекчиси Аликбек Жекшенкулов Беназир Бхуттонун өлүмү Пакистан эли үчүн оор жоготуу деп билдирди. Ал ошондой эле Пакистандын мурдагы премьер-министри Беназир Бхуттонун саясий ишмердүүлүгү жана адамдык касиеттери тууралуу кабарчыбыз Аманбек Дилденбай менен болгон маегинде айтып берди.

Аликбек мырза, Беназир Бхуттонун саясий ишмердүүлүгүнө токтоло кетсеңиз?

Албетте, бул абдан кайгылуу окуя. Жөнөкөй адам эмес, ушундай дүйнө жүзүнө белгилүү саясатчы дүйнөгө кетти. Мен ошон үчүн биринчиден, Пакистан элине көңүл айтам. Экинчиден, мен 1994-жылы Пакистанга Кыргызстан президентинин визитин даярдаганы баргам. Ошол кезде ал киши менен жолугушуп, саламдашып, ушул Кыргызстан менен Пакистан ортосундагы мамилелерге дагы салым кошконго аракет кылгам. Өзүңөр билесиңер, бул кишинин атасы Залфикар Бхутто дагы мурун премьер-министр болгон. Ал киши дагы ушундай кырсыктан каза болгон. Абдан чоң саясатчылардын бири болчу. Адам катары дагы маңдайы ачык, мага абдан катуу таасир калган ошол киши менен жолуккандан кийин. Абдан өкүнүчтүү анын каза болушу.

Беназир Бхутто менен жолугушкан экенсиз. Ал кишинин саясий жана адамдык кандай өзгөчө касиеттерин айта аласыз?

Батыш жактагы аялдардын мүнөзү башкача болот эмеспи. Бул киши болсо, абдан шар, анан ачык, өткүр киши болгон да. Мен ушуга абдан чоң көңүл бурдум. Экинчи жагынан абдан акылдуу, кыйын киши болчу.

Беназир Бхуттонун өлүмүнөн кийин Пакистанда саясий кырдаал кандай болот?

Мен ойлойм, саясий кырдаал Пакистанда курчуйт. Өзүңөр билесиңер, азыр ал жерде үч чоң күч бар. Бийликте турган аскерлер күчү, экинчи жагынан демократияны кармаган күчтөр болчу, Беназир Бхутто менен мурдагы президенти бир блок түзгөн. Үчүнчү күч исламисттер. Ошон үчүн бул үч күч ортосунда мындан ары саясий күрөш курчуйт. Албетте, террактар болушу мүмкүн.

Беназир Бхутто Пакистанда демократия орнотуу үчүн күрөшүп келгенби, же бийлик үчүнбү?

Эми бул жерде демократияны Пакистанда орнотуу үчүн бийликке келиш керек болчу. Ошондуктан эки жагынан караш керек. Биринчиден, бийлик алып туруп, анан демократияны орнотууга аракет жасамак.

Пакистан бийлиги Беназир Бхуттонун коопсуздугун камсыз кылбаган үчүн ушундай кайгылуу өлүмгө дуушар болду деп ММКлар жазып чыгышты. Сиз ушуга кандай карайсыз?

Албетте, мен ойлойм, Пакистандын бийликтер бул маселеге дагы жооптуу. Анткени мындай Пакистандын элине чоң таасир эткен инсандардын коопсуздугун сактаганга жардам бериши керек болчу.

Рахмат

XS
SM
MD
LG