Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:38

РОЗА ОТУНБАЕВА: БЕНАЗИРДИН ӨЛҮМҮ ПАКИСТАН ЭЛИ ҮЧҮН ТРАГЕДИЯ


Пакистандын мурдагы премьер-министри Беназир Бхуттонун өлүмү кыргыз коомчулугун да кайдыгер калтырган жок. Тышкы иштер министрлигинин мурдагы жетекчиси Роза Отунбаева кабарчыбыз Аманбек Дилденбай менен болгон маегинде Беназир Бхуттонун Кыргызстанга расмий сапары менен келгенин жана анын тагдыры тууралуу айтып берди.

Роза айым, Беназир Бхуттонун саясий ишмердүүлүгүнө токтоло кетсеңиз?

Беназир Бхутто Пакистанда аялдардын ичинен биринчи премьер-министр болгон. Кыргызстан ошол убакытта Пакистан менен тыгыз мамиле түзгөнбүз. Беназир Бхутто дагы биздин жергебизге келип, биздин расмий делегациябыз дагы бир нече жолу ислам өлкөлөрүнүн уюмдары аркылуу Исламабадга барып, бир нече жолу ал адам менен жолугушканбыз. Беназир Бхутто ал убакытта ислам өлкөлөрүнүн эң эле прогрессивдүү жактарын көрсөтүп, “мына, аял киши премьер-министр боло алат” деген. Экинчиден, бул кишинин репутациясы абдан күчтүү болчу дүйнө жүзүндө. Мына акыркы 6-7 жылдан бери Беназир Бхутто Пакистандан куулуп, аны коррупцияга тиешеси бар деп айыпташты. Акыркы жылдары бул киши Сауд Аравиясы, Кувейт, Лондондо, Араб эмираттарда жашап, көп жылдан кийин генерал Мушарраф Пакистанда диктатордук режимден кийин өтө демократиялык шайлоо болот дегенде, Беназир Бхутто ошол парламенттик шайлоого келди эле.

Роза айым, сиз Беназир Бхутто менен бетме-бет жолугуштуңуз беле? Жолуксаңыз, ошол тууралуу айта кетсеңиз.

Мен эки-үч жолу жолуктум Беназир Бхутто менен. Мен өзүм дагы атайын сапар менен бардым Исламабадка. Расмий сапарымым менен Беназир Бхуттонун сарайында болгом, жана ислам өлкөлөрүнүн уюму алкагында бир нече жолу жолугушуп калдык. Бул киши батышта, Оксфорд университетин бүтүргөн. Премьер-министрдин кызы болуп, жаш кезинде эле жогорку мамлекеттик кызматка даярдалган, Оксфорддо окуп жүргөндө эле студенттердин лидери болуп, адам катары калыптанган. Эсимде, 90-жылдары Беназир Бхутто дүйнө жүзүндө демократиянын символу, прогресстин символу болуп, эл арасында көп үмүт жаратты эле. Анан 3 жылдан кийин эле күйөөсү экөөн коррупцияга тиешеси бар деп күнөөлөп, он жылдан бери түрмөдө болчу. Дегеле, бул үйбүлөнүн трагедиялык тагдыры бар. Мына атасын дагы өлтүрүп кетишкен. Азыр Беназир Бхутто жанкечтинин колунан каза болду. Иниси дагы ошондой трагедиялык жагдайда кайтыш болгон. Мунун апасын дагы мен көрүп калдым, генерал Бхуттонун аялы. Бул дүйнө жүзүндө абдан белгилүү үйбүлө, бирок тагдырлары ушундай экен.

Роза айым, Беназир Бхутто Кыргызстанга расмий сапар менен келип кеткен экен. Ошол тууралуу кененирек айтып берсеңиз.

Беназир Бхутто Кыргызстанга келгенде, биз аны Ошко алып барганбыз. Ошто Сулайман тоого чыккан. Кыргызстанда көп делегациянын арасында абдан сулуу, бойлуу, башкалардан айырмаланчу, баарынын көздөрү Беназир Бхуттодо болчу. Ал өзүн ханыша катары сезген, ошондой тарбияланган. Беназирдин эки баласы бар, алар менен дагы келген эле. Беназир Бхутто Кыргызстан, Орто Азия менен мамилелерге көп көңүл бурчу. Биздин көп проектибиз бар болчу. Биз Пакистан менен Кыргызстан ортосунда электроэнергияны, айыл-чарба продукцияны дагы бири-бирибизге жиберип, сатып дегендей. Эң эле негизгиси, Каракорум жолун Орто Азиядан деңизге эң эле кыска кылып, Кыргызстанга Кытай аркылуу Пакистанга, андан ары Карачиге эки миң чакырым жол ушуну биздин продукцияны алып чыгабыз деп ушуга көп көңүл бурду эле.

Канчанчы жылдар эле?

Бул 95-97-жылдары болчу.

Роза айым, эми Беназир Бхуттонун өлүмү Пакистандагы саясий кырдаалга кандай таасирин тийгизет?

Менин оюмча, азыр Пакистандагы кырдаал абдан эле татаал болуп жатат. Январдын башында Пакистанда боло турган парламенттик шайлоо бул өлкөнүн тагдырын чече турган шайлоо болот. Абдан бири-бирине карама-каршылы адамдар, саясий күчтөр топтолду. Президент Первез Мушарраф мурунку каршылаштарына дүйнөлүк кысымдын алдында жол ачты эле. Алардын баарына уруксат берген. Дүйнөлүк ММКлардын айтымында, Беназир Бхутто келгенде эч бир шарт түзүлгөн жок анын өмүрүн сактаганга. Абдан көп коркунучтар болду. Бирок бийлик көңүл бурган жок. Бул шайлоо өтөбү, кантип өтөт бул азыр бүдөмүк. Бул шайлоо Пакистан үчүн абдан маанилүү. Анткени азыркы бийликтин келчеги дагы бүдөмүк. Жанкечтинин колунан курман болгон Пакистандын мурдагы премьер-министри Беназир Бхутто Пакистан элинин атактуу, улуттук лидери. Биз мына ушуну угуп, абдан чоң кайгыдабыз. Пакистан үчүн бул абдан чоң жоготуу. Беназир Бхуттонун туугандарына көңүл айтабыз.

Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG