Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:26

ТҮРКИЯ ТҮНДҮК ИРАКТАГЫ ЖИКЧИЛДЕРГЕ КАРШЫ ЧАБУУЛ КОЮУДА


Түркиянын согуштук аба күчтөрү Ирактын түндүгүндөгү ПКК жикчил тобунун базалары деп шектелген буталарды аткылоосун байма-бай улантып келатат. Вашингтон Түркияны карманып турууга үндөгөн менен Түркиянын жикчилдерге каршы кийинки аралыкта чукул өрүш алган күрөшү тез арада аяктаары күмөндүү.

Чилде кыштын ыңгайсыз шарттарына карабастан Түркиянын согуштук учактары кийинки 10 күндүн ичинде Ирактын түндүгүндө бекинген ПКК жикчил уюмуна каршы эң эле аз дегенде 3 ири чабуул уюштурду. Генштаб тарабынан ПККнын бери дегенде 200-250 согушкери өлтүрүлүп, уюмдун логистикалык базасына ири сокку урулганы билдирилген чабуулдарда авиация илгери технологиядагы радардык аспаптарды жана ‘акылдуу бомба’ делинген дүрмөттөрдү пайдаланды. ПККге каршы башталган жортуул өлкө ичинде да, атайын машыктырылган аскерлер жана Скорски тибиндеги согуштук тик учарлардын коштоосунда улантылып, алынган натыйжа тууралуу генштаб калайыкка деталдуу маалымат бере баштады.

Түрк согуштук аба күчтөрүнүн Ирак чегарасынын аркы жагындагы ПККнын базаларына карата болгон чабуулдары Түндүк Ирактагы жергиликтүү күрт жетекчилерди дүрбөлөңгө салды. Мурда күнү Салахаддин шаарында, АКШнын Ирактагы баш элчиси Рян Кроккер менен чогулуш өткөргөн Ирактын күрт тегиндеги президенти Жалал Талабани жана Түндүк Ирактагы жергиликтүү күрт башкаруунун лидери Масуд Барзани, Түркиянын чабуулдары менен байланыштуу тынчсыздануу билдирип, чабуулдардын дароо токтотулушу үчүн Вашингтондун кийлигишүүсүн талап кылышты.

Ал эми кечээ Вашингтондо чыгып сүйлөгөн Ак Үйдүн басма сөз өкүлү Scott Stanzel: “ПКК Иракта дагы туруктуулукту бузган террористтик уюм. Ирактыктар террорчуларды каалашпайт. Биз Түркия менен бул маселе тууралуу маселетибизди улантып жатабыз” деп белгилеп, Буш администрациясынын ПКК тууралуу пикири алмашпаганынын четин чыгарды. Чегаранын сыртында операциясын баштардан алдында узун убакыт карманып, ошол эле кезде Вашингтон Бруссел жана араб өлкөлөрүндө ургаалдуу дипломатиялык өнөктүк жүргүзгөн Түркия болсо, чилде кыштын ыңгайсыз шарттарына карабастан чабуулдарын улантууга чечкиндүү көрүнөт.

“Керектүү болгон нерсе чалгындоо маалыматтарды алмашуу аркылуу биздин куралдуу күчтөрүбүз тарабынан жасалып келатат. Куралдуу күчтөр бардык технологиялык жетишкендиктерден пайдалануу менен чегаранын сыртындагы операцияларын улантууда. Биз бул жикчил террордук уюмду талкалап бүткөнгө чейин согушту улантабыз”- деди премьер-министр Режеп Тайип Эрдоган шаршемби күнү чыгып сүйлөп.

Премьер-министр бул сөзү менен Анкаранын чечкиндүүлүгүн дагы бир жолу баса белгиледи. Мындан сырткары, бир-эки жуманын ичинде Израилдин коргонуу өнөр-жайынан чыккан, Херон 1 тибиндеги пилотсуз учуучу чалгындоо учактарынан ону бир-эки жуманын ичинде Түркияга тапшырыла тургандыгы тууралуу Израил медиасында чыккан кабарлар дагы Түркиянын согуштук аба күчтөрүнүн операциясы дагы бир топко уланарынан кабар берип олтурат.

XS
SM
MD
LG