Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:15

БЕНАЗИР БХУТТОДОН КИЙИН ПАКИСТАНДА ЭМНЕ БОЛОТ?


Беназир Бхутто эки ай мурда Пакистанга кайтып келгенде, мекендештеринде өлкө эми демократияга жана стабилдүүлүккө багыт алат деген үмүт жаралган. Бхуттонун бейажал өлүмү - элдин илгери үмүтүн өчүрүп, “Пакистан туңгуюкка кайра такалдыбы?” деген кооптонууларды пайда кылды. Первез Мушарраф орноткон аскерий режим өзөктүк куралы бар өлкөнү капсалаңдан бүлүнтпөй алып чыгып кете алабы?

Беназир Бхуттонун 8-январдагы парламенттик шайлоого эки жума калганда өлтүрүлүшү ички карама- каршылыктардан улам, толкундагы кемедей чайпалып турган Пакистан эмне болуп кетет деген табигый суроону жаратты.

"Жакынкы мезгилде элдин акыл- эси Пакистандагы саясый жагдай менен алек болот. Пакистандагы демократиялык жараян кандай өнүгөрүн жакынкы мезгилде байкап турабыз. Эларалык коомчулук жакын арада Пакистанда эмне болот деп, этият турат,"-деди Австралиянын премьер- министри Поль Руд.

168 миллион элдүү Пакистандагы саясый жагдай кайсы багытта өнүгөрү Бхуттонун Пакистан элдик партиясы менен Пакистан мусулман лигасындагы экс- премьер- министр Наваз Шарифти колдогон топтун карманган саясатына да байланыштуу болорун соңку окуялар көрсөтүүдө. Наваз Шариф бийликте Мушарраф турганда, өлкө калабадан бошонбойт деп, элди шайлоого катышпоого чакырды:

-Бир күндө Улуттук эки чоң партияга кол салуу- бул Мушаррафтын ыкыласындагы иш экенин айгинелейт. Мушарраф турганда шайлоо эркин болбосу дайын болду. Ал турганда хаос жана кандуу калабалар токтобойт… Бардык проблемалардын башаты Мушаррафта.

Мушарраф башындагы аскерий бийлик өлкөдө тынчтыкты сактоо үчүн бардык чараны көрүүдө.

"Биз мыйзамдуулукту жана тартипти сактоо үчүн колдон келген ар бир ишти жасоодобуз. Биз бүтүндөй өлкөдө эл толкуп турганын көрүп, адамдардын көчөгө чыгып, үгүт жүргүзүү себебин түшүнөбүз. Ошондуктан, провинциалдык өкмөттөрдү өтө кыраакы турууга милдеттендирдик,"-
деп билдирди Ички иштер министринин өкүлү Жавед Ыквал Жима.
Батыш өлкөлөрү Пакистандагы кырдаал башкаруудан чыгып кетпейби деп тьнчысызданууда. АКШнын БУУдагы элчиси Залмай Хализад өлкөдөгү баистүү күчтөрдү биригип, жоопкерчиликти өздөрүнө алууга үндөдү:

"Менин оюмча, Бхутто айымды курман болуусу, өкүнүчкө карай, үй- бүлөсү үчүн чоң жоготуу. Бул акыр аягында демократиянын жана байистүү күчтөрдүн жеңишине алып барат. Ошол эле учурда региондогу байистүү элементтер терроризмге жана экстремизмге каршы биригет. Дүйнө байистүү күчтөрдү колдошу абзел."
XS
SM
MD
LG