Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:49

ПАКИСТАН: ПРЕЗИДЕНТ КАЛККА КАЙРЫЛАТ, ШАЙЛОО МӨӨНӨТҮ ӨЗГӨРҮШҮ ЫКТЫМАЛ


Пакистанда бүгүн өлкө президенти Первез Мушараф калкка кайрылуу менен чыгары күтүлүүдө. Ал өлкөдөгү кырдаал жана алдыдагы парламенттик шайлоо жөнүндө сөз кылчудай. Шайлоонун мөөнөтү өзгөрүшү ыктымал.

Пакистандагы алдыдагы парламенттик шайлоо менен байланышкан ансыз деле чалкеш кырдаал оппозициянын таанымал лидери, мурдагы премьер- министр Беназир Бхуттонун өлүмүнөн кийин ого бетер курчуган эле. Бухтто өткөн аптада киши колдуу болгондон соң өлкөдө орун алган баш-аламандыктардан элүүдөн ашуун киши каза тапты. Андыктан азыркы жагдай, Пакистандагы саясий күчтөрдүн бир үчүн пайдалуу, экинчиси үчүн зыяндуу болуп тургандай. Бхуттонун өлүмүнөн кийин шайлоо мурда белгиленгендей эле 8-январда өтүшү керекпи же кийинкиге калтырылышы зарылбы деген маселе боюнча эки башка чакырыктар айтылууда.

Пакистандык саясий аналитик,отставкадагы генерал Талат Масуд азыр бийликте турган партия шайлоонун бир топ кийинки мөөнөткө которулушун каалайт эле деп эсептейт:

-Анткени, алар парламентке кайра келгенге мүмкүнчүлүгү аз экенин, буга кошумча шайлоо процессин мурдагыдай башкара албай каларын да жакшы билишет. Менимче, алар шайлоону токтотууну, кырдаал жумшарышын каалап жатышат.

Ал эми маркум Беназир Бхуттонун Пакистан Элдик партиясы шайлоо өз мөөнөтүндө өткөрүлүшү керек деп эсептейт. Бул партияны азыр Бхуттонун жубайы Азиф Али Зардари менен он тогуз жаштагы уулу Билавал жетектеп калды. Бул маселеде аларга мурдагы өкмөт башчысы, маркум Бхутто сыяктуу сүргүндөн жаңы эле кайтып келе алган Навази Шарифтин партиясы да тилектештик билдирүүдө. Шариф дегеле президент Первез Мушараф отставкага кетип, өлкөнү убактысынча улуттук биримдик өкмөтү башкарыш керек деп эсептейт:

-Бул адам кетиши керек. Бул өлкөдөгү көйгөйлөрдүн баарынын башаты андан чыгууда. Эгер ал муну жасабаса, Кудай тыюу салат, бул өлкөнүн келечеги жок. Ал өзүнүн гана жашап кетишин ойлогондуктан бул шайлоону бурмалоону көздөөдө. Ал бул өлкөнүн жашап кетишине кызыкдар эмес. Ал өзүн өлкөдөн, мыйзамдан улук деп ойлойт.

Пакистан бийликтерин шайлоо мөөнөтүн көп созбостон, тезирээк аныктоого ушул дүйшөмбү күнү Кошмо Штаттар да чакырган эле. Мурдараак өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын катчысы Дилшад Канвар добуш берүүнүнү мөөнөтү боюнча чечим, аймактардагы абал иликтенген соң, 1-январда кабыл алынарын билдирген. Айткандай эле бул күнү комиссиянын жыйыны өттү, бирок чечим кабыл алынган жок. Жыйындан соң комиссиянын катчысы шайлоону өз мөөнөтүндө өткөрүү "мүмкүн эместей" экенин белгиледи. Шайлоо комиссиясы шайлоо мөөнөтүн аныктоо үчүн бүгүн кайрадан жыйын курган жатат. Бирок шайлоонун убактысы өзгөргөнү тууралуу расмий жарыяны өкмөт гана жасай алат. Исламабаддан түшкөн кабарларга караганда, шайлоо февраль айына которулушу ыктымал. Бул аралыкта бүгүн, шаршембиде Пакистан президент Первез Мушараф элге кайрылуу менен чыгаары белгилүү болду. Анын кайрылуусу шайлоо маселесине арналчудай.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG