Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:29

CЛОВЕНИЯ ЕВРОШАРКЕТТЕГИ ТӨРАГАЛЫГЫНДА БАЛКАНГА КӨҢҮЛ БУРУУНУ КӨЗДӨӨДӨ


Жаңы жылдан тарта Еврошаркетте төрагалык кылуу укугу Словенияга өттү. Мурдагы Югославиянын бир республикасы катары эсептелген Словения бул мүмкүнчүлүктү Еврошаркеттин тышкы саясатын Балкан чөлкөмүнүн батышына, өзгөчө Косовонун келечегине бурдуруу үчүн пайдаланууну көздөп жатат.

Словения - Еврошаркеттин эң кичинекей өлкөлөрүнүн бири, калкы эки миллион. Еврошаркетке 2004-жылдын майында кошулган, анын алдында НАТОнун мүчөсү болгон эле. Шаркеттин жаңы мүчөлөрү ичинен эң алгачкылардан болуп Европанын бирдиктүү валютасы – еврону былтыр 1-январдан тарта кабыл алды.
Мурдагы Югославиянын калган аймактарынан айрымалынып анын көз карандысыздыгы кезинде кансыз жол менен ишке ашкан болчу.

Словения буга чейин Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунда төрагалык кылган. Эми Еврошаркеттин төрагалыгы да ага Чыгыштан кошулган, экс-коммунисттик өлкөлөр арасынан биринчи кезекте тийип олтурат. Төрагалыктын мөөнөтү алты айга созулат, бул учурда Словения алдыдагы жарым жылда шаркеттин алкагында артыкчылык берилүүчү маселелерди аныктоого да укук алмакчы.

Мына ошондой маселелердин бири катары – Косово кризиси аталып жатат. Өлкөнүн тышкы иштер министри Дмитрий Рупель өткөн айдын соңунда Брюсселдеги пресс-конференцияда мындай деген эле:

-Биз төрагалыгыбыз учурунда Косово проблемасынын чечилишине өз салымыбызды кошо алабыз деп үмүттөнөм. Акыркы айларда орун алгандарды эске алганда, Словения өз төрагалыгы учурунда бул татаал жараян менен алектениши керектигин биз түшүнөбүз. Мен бул жараяндар биздин төрагалыгыбыздын аякташына карата жыйынтыкталат деп күтөм.

Сербия өзүнүн бир провинциясы катары эсептеген Косовонун көз карандысыздык жөнүндөгү чакырыктарын четке кагып келүүдө. Эл аралык ортомчулук астында эки жылга созулган сүйлөшүүлөрдө тараптар мунаса таба алган жок. Косоволук албандар эми көз карандысыздыгын бир тараптуу түрдө жарыяларын билдиришүүдө.

Словениянын тышкы иштер миинистри Дмитрий Рупель европалык маалымат каражаттарына алар Косовонун болочок статусу боюнча Еврошаркет ортосундагы ажырымды жоюу багытында иш алпаранын айткан. Шаркеттин өлкөлөрдүн көбү Косовонун көз карандысыздыгын колдойт, бирок Кипр, Испания, Греция өңдүү мамлекеттер мындай кадамдын тууралыгынан күмөн санап турат. Өткөн айдагы саммитте Еврошаркет Косового 1800 адамдан турган коопсуздук күчтөрүн жиберүүнү макулдашкан болчу.

Словен тышкы иштер министри Дмитрий Рупелдин айтымында, Словения төрагалыгы учурунда ошондой эле айланасындагы Балкан өлкөлөрү: Хорватия, Сербия, Черногория, Македония, Босния- Герцоговинанын шаркет менен алакасын чыңдап, алардын уюмга кирүү жараянын тездетүүнү да максат кылууда. "Ассошейтед Пресс" агенттиги анын "Балкандын батышына европалык келечек берилиши керек. Словения бул аймакты өз төрагалыгынын биринчи милдети катары кайрайт" деген сөздөрүн келтирет.

Словениянын шаркеттеги төрагалыгы учурундагы дагы бир маанилүү маселе катары – уюмдун жаңы конституциялык келишиминин ратификациясын ишке ашыруу аталууда. Бул келишимге өткөн жылдын соңунда Лиссабондогу саммитте кол коюлган. Уюмдун бирдиктүү Конституциясынын мурдагы долбоору Франция менен Голландиядагы референдумдарда четке кагылгандан кийин тарыхка кеткени белгилүү. Эми жаңы келишимге кол коюлганы менен ал күчкө кириш үчүн ар бир өлкөдө ратификацияланышы абзел. Айрым өлкөлөр бул эрежени парламент аркылуу ишке ашырууну кааласа, айрымдары референдум өткөрүүнү көздөөдө. Маселен, Еврошаркеттин эски мүчөлөрүнүн бири - Ирландия референдумду май айында өткөрүүнү белгилеп жатат.

Еврошаркет келечекте көңүл буруучу дагы бир маанилүү маселе – иммиграция. Былтыркы жылдын декабрындагы саммитте мыйзамсыз иммиграцияга кршы биргелешип күрөшүү, бирок чектелген өлчөмдө мыйзамдуу миграцияга жол ачууну караган саясатты өнүктүрүү макулдашылган. 2008-жыл Еврошаркетте маданияттар аралык диалогдун жылы деп жарыяланган.

Былтыркы жылдын алгачкы жарымында Германия төрагалык кылган учурунда Еврошаркеттин Борбор Азия боюнча стратегиясы кабыл алынган эле. Быйыл мына ошол стратегиянын алкагында чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн ар бири кызматташтык боюнча улуттук прогрммалардын иштелип чыгышы күтүлөт. Ал эми стратегиянын алгачкы жыйынтыктары июнда Словенияда өтүүчү саммитте талкууланат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG