Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:39

ПАКИСТАН - САЯСИЙ БЕЛГИСИЗДИКТИН ТОЛКУНУНДА


Пакистанда парламенттик шайлоо, мурда белгиленген 8-январдын ордуна 18-февралда болот. Оппозиция лидери Беназир Бхутто өлтүрүлгөндөн кийин түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Борборшайлооком ушундай чечим кабыл алды. Бхуттонун Пакистан элдик партиясы менен экс премьер-министр Наваз Шариф башындагы Мусулман лигасы партиясы шайлоону 8-январда өткөрүүнү талап кылып жаткан. Президент Мушарраф 2-январдын кечинде улутка кайрылып, элди биримдикке чакырды жана Бхуттонун өлүмүн иликтөөгө британиялык тергөөчүлөр жардамдашат деп билдирди.

Парламенттик шайлоонун жаңы мөөнөтү жөнүндө БШКнын төрагасы Казы Мохаммад Фарук 2- январда Исламабадда билдирди:

-Шайлоо эми 2008- жылдын 8 –январында эмес, 2008- жылдын 18 февралында болот.

деген Фарук шайлоо калыс өткөрүлөт деп убада кылды:

- Мен бардык саясый партияларды шайлоо адилет, эркин жана ачык айкын жагдайда өтөт деп ишендирем. Мен улуттун кызыкчылыгы үчүн бул чечимди кабыл алууга жана шайлоого жапырт катышууга чакырым.

Мурдараак Бхуттонун Пакистан элдик партиясы-ПЭП жана Мусулман лигасы шайлоону кийинкиге которуу Мушаррафтын өкмөтүнө добуш берүүнүн жыйынтыгын өз пайдасына бурмалоого өбөлгө түзөт дешип, саясый өнөктүктү 8- январда өткөрүүгө чакырып жаткан. Анткен менен, Мусулман лигасынын лидери Наваз Шариф, БШКнын шаршемби күнкү чечимин уккандан кийин, партиясы 18- февралдагы шайлоого катышаарын билдирди.

ПЭПти азыр Бхуттонун күйөөсү Асиф Али Зардари жана 19 жаштагы уулу Билавел жетектейт.

АКШ жана анын батыштык союздаштары демократияны калыбына келтирүүгө өбөлгө болот дешип, Мушаррафтан шайлоону мөөнөтүндө өткөрүүнү талап кылып жаткан.

Бирок, өлкөдө абал татаал. Акыркы бир жумада Пакистандын түрдүү бөлүктөрүндө болгон толкундоолор саясый өнөктүктү ырааттуу өткөрүүгө олуттуу зыян келтирди. Бхуттонун таянычы болгон Синдх провинциясында шайлооканалар талкаланып, бюлеттендерди жана шайлоо сандыктарын жеткирүү үзгүлтүккө учурады. Мындай жагдайда президент Мушарраф улутту биримдикке чакырды. Мушарраф шаршемби күнү кечинде жасаган телекайрылуусунда Бхуттонун өлүмү үчүн “ал-Каиданы” күнөөлөп, кол салууну иликтөөгө британиялык адистер жардам берет деди.

Шайлоодон кийинки жагдай кандай өнүгөөрү да түшүнүксүз. Кокус ПЭП жеңсе, коррупцияга аралашты деп күнөөлөнүп жүргөн Зардари премьер-министр боло албайт. ПЭПтин башка теңтөрагасы, Билавал али жаш. Ошондуктан, 18-февралда ПЭП шайлоодо жеңсе, партиянын орун басар төрагасы Махдум Амин Фахим премьер-министр болушу ыктымал.

XS
SM
MD
LG