Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:41

АЖЫЛЫК САПАРГА АВТОБУС МЕНЕН КЕТКЕНДЕР ЭМНЕ БОЛДУ?


Ажыга өз алдынча автоунаа менен кеткен кыргызстандык жарандардын бир катары Мекеге жетпей кайтып келаткандыгы, бир катарынын Саударабстанга ачылган визасы жасалма экендиги тууралу кабарлар бар. Кыргыз өкмөтүнүн ажыларды учак менен гана алпаруу жөнүндөгү токтомун көзгө илбей, адамдарды топтоп автоунаа менен ажыга алып кеткен адамдардын үстүнөн кылмыш ишин ачуу жагы да суралууда.

Адегенде бейрасмий ажыга кеткендер туурасындагы Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин Оштогу кеңешчиси Шамшыбек Закиров билген маалыматын мындайча билдирди:

- Мындай мыйзамсыз нерсеге жол бербегиле деп түшүндүргөнүбүзгө карабастан кошуна мамлекеттер аркылуу ажыга кеткендер болду. Кыргызстандыктар түшкөн 8 автобус Мекеге өз убагында жетип барыптыр. Ал эми мекендештерибизден - ноокаттыктар түшкөн 3 автобус Мекеге жетпей, Саударабстандын чегарасынан эле кайтып келатыптыр.

Бейрасмий, автоунаа менен ажыга кеткен кыргызстандыктардын болжолдуу саны 400 адам экендигин Кыргызстандагы ислам эл аралык кызматташтыгы борборунун жетекчиси Садыкжан-ажы Камалиддин атады.

Ал ошондой эле Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик жарыя кылгандай, быйыл Кыргызстандан 4585 адамга эмес, 4800гө жакын адамга виза ачылган, алардын ичинде акчанын күчү менен ачылган визалар да бар деп эсептейт. Демек автоунаа менен кеткендердин жарым-жартылайы визаны Кыргызстандан эле ачтырган болуш керек деген пикирде.

Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин деректири Тойгонбек Калматов бул пикирди четке кагуу менен, автоунаада ажыга кеткендер Казакстандан, Орусиядан Саударабстанга виза ачтырышканын, айрымдары визасы жок эле ажылык сапарга аттангандыгын айтты.

Садыкжан-ажы Камалов автоунаа менен алпарган ажы башчылардын жеке кызыкчылыгы – ал жакта соода жасап, пайдага туйтунуп келүү, аларды тартипке салууну мусулмандарга таасири бар адамдар гана ишке ашырат деген оюн жашырганы жок.

Тойгонбек Калматов болсо ажыга алпарам деп Кыргызстандын жарандарын ашкере кыйнаган, Кыргыз өкмөтүнүн ажылыкка Кыргызстандан учак менен гана алпаруу жөнүндөгү токтомун көзгө илбеген ажы башчыларды жоопко тарттыруу ниетинде.

Ал эми автоунаа менен ажыга кеткендер азыр жолдо. Келишсе өз жүйөлөрүн айтып беришет. Биз тек гана белгилей кетчү жагдай, автоунаа менен ажыга барууга макул болгон адамдар - негизинен учак баасын кымбат көргөндөр.
XS
SM
MD
LG