Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:26

ДЕМОКРАТИЯНЫН КЫЧКЫЛТЕГИ АЗАЙЫП БАРАТАБЫ?


Бүгүн Бишкек пресс-клубу жылдын мыкты он журналисттин атап, атайын диплом жана акчалай сыйлыктарды тапшырды. Сыйлыктарды тапшыруу аземинде Коомдук саясат институтунун президенти Муратбек Иманалиев Орто Азия чөлкөмүндө Кыргызстандын журналистикасы жогорку деңгээлде экенин баса белгиледи. Жылдын мыкты деп тандалган он журналисттин бири - “Азаттыктын” кабарчысы Бекташ Шамшиев “Калыстык үчүн” сыйлыгына татыктуу болду.

“Журналисттердин укугун коргогондугу үчүн” Медиа өкүлдөрү институтунун директору Илим Карыпбеков сыйланды. Анын айтымында, өлкө эгемендүүлүккө ээ болгондон бери журналисттер үчүн өткөн жылдагыдай оор жыл болгон эмес. Массалык маалымат каражаттарына мамлекеттик чиновниктер тарабынан дооматтар көп коюлуп, ар кандай өңүттөгү айып тагууларга дуушар болушкан. Журналисттердин укугун коргоону кыргыз бийлиги Алишер Саиповдун өлүмүнөн кийин гана эске алымыш болду, дейт Карыпбеков.

-Өткөн жылы бийлик журналисттердин укугун коргоо боюнча эч кандай чара көрүшкөн жок. Бирок калыстык үчүн айта кетүүчү нерсе, журналист Алишер Саиповдун өлүмүнөн соң бир топ журналисттер токмок жегенден кийин бейөкмөт уюмдар менен жалпыга маалымат каражаттары биригип өкмөткө, президентке бир нече ирет кайрылышкандан кийин кандайдыр бир кыймыл пайда болду.

Илим Карыпбеков өткөн жылы журналисттерге кол салуу фактылары боюнча укук коргоо органдары мыйзамдын чегинде чара көрөт деген ишенимде.

Маалыматтарга караганда былтыр Жалалабаттагы “Сентябрь” телекомпаниясынын имаратына белгисиз адамдар кол салууга аракеттенип, Бишкекте МТРКнын кабарчысы Кайрат Биримкуловду, “НБТ”нын башкы редактору Владимир Плотниковду токмоктоп кеткен. Ошондой эле бир катар журналисттерди коркутуу, аларга кол салуу боюнча 21 факты катталган.

“Кесибине жанын аябагандыгы үчүн” номинациясы боюнча сыйлык “Сиесат” гезитинин башкы редактору маркум Алишер Саиповго каза болгондон кийин ыйгарылды. Журналист Алишер Саиповду 24-октябрда Ош шаарында белгисиз бирөөлөр атып кетишкен эле. Буга чейин айрым талдоочулар анын өлүмүн кесиптик ишине байланыштырып, өзбек бийлигин катуу сынга алгандыгы үчүн Өзбекстандын атайын кызматтары анын өлүмүнө себепкер болушу мүмкүн деген божомолдорун айтышкан. ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда бул иш боюнча тартип коргоо органдары иликтеп-тергөө иштерин жүргүзүүдө.

“Кесипкөйлүүлүк үчүн” сыйлыкка татыктуу болгон Би-би-си үн алгысынын Бишкектеги кабарчысы Султан Жумагулов Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалына карата пикирин төмөндөгүчө билдирди.

-Кыргызстанда сөз эркиндиги тилекке каршы кыязы бара-бара кагаз бетинде калат окшойт. Себеби массалык маалымат каражаттарына карата азыркы жышаан ошол багытка баратат. Башка ойду, башка пикирди, башка көз карашты айта турган бир дагы телекомпаниялар калган жок. Бири-бирин туураган, бири-бирин кошумчалаган бийликтин сөзүн сүйлөгөн телеканалдар эле калды. Гезиттерден болсо “Агым” оппозициянын үнүн угузуп, ачуу чындыкты айтканга аракет кылышчу эле. Мына эми ал гезит дагы бийликтин сөзүн сүйлөп калды. Сөз эркиндиги деген демократиянын кычкыл теги да. Эгер анын оозу жабылгандан кийин Кыргызстанда демократия бар деп айтыштын кажети жок болуп калат.

Бишкек пресс-клубу бир катар медиа өкүлдөрүнө “Оперативдүү иштери үчүн”, “Кесибине берилгендиги үчүн”, “Журналисттик иш чараларды мыкты уюштургандыгы үчүн” номинация боюнча сыйлыктар ыйгарылды. Аталган мекеме мындай иш чараны жылыга уюштура турган болду.

Коомдук саясат институтунун президенти Муратбек Иманалиев журналисттерди куттуктап, сыйлыктарын тапшыруу менен бирге Орто Азия чөлкөмүндө Кыргызстандын журналистикасы жогорку деңгээлде экендигин баса белгиледи. Анын баамында, сөз эркиндиги коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу жогору ал эми Прибалтика жана Европага салыштырмалуу абдан эле төмөн.
XS
SM
MD
LG