2008- жылдан тартып Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн аскер менен чук болушу өзгөрүлө баштады. Жашы жеткен уландардын аскерде кызмат чакырылышы бир жыл гана болуп кыскарды. Армиянын жогорку жетекчилиги муну олуттуу жетишкендик катары баалашканы менен анализчилер чөйрөсү аскер кызматындагылар башында дагы кыйла мүшкүл иштер бар экенин айтышууда. Азыр аскерге чакырылган уланды кайсы бөлүктө болбосун аскерлердин аны сөзсүз түрдө сабап, сезин алуу адаты пайда болгонун айтышат жана мындай жагдайдын чынында бар экенин армиянын жетекчилиги моюнга алат.
Орусиялык куралдуу күчтөр катарынан былтыр тогуз ай ичинде уставда жазылбаган мамиледен же ачыктан ачык жазалган кылмыштан улам 400 аскер өлгөн.
Орусиялык коргоо министрлигинин алдындагы коомдук комиссиянын төрагасы Александр Каньшин айтканга караганда өлгөндөрдүн жарымы – аскердик бөлүктөрдө келтек жеп ошого чыдабай өз жанын өзү кыйгандар. Алардан сырткары бир эле кеткен жылы аскердик бөлүктөрдө 1500дөн көп кылмыш иши жасалган.
Орусиялык армияда башты ооруткан дагы бир маселе - жаштардын аскерден качуусу экенин Генштабдын жетекчилиги айтат. Маселен, 2007-жылкы күзгү чакырууда аскерге баруудан качып, изин жашырып жүргөндөр эсеби 12,5 миңден ашкан. Ошол себептен аларды 12 айлык мөөнөткө чакыруу - маселенин оң чечилишине алып келет дейт генерал-полковник Василий Смирнов:
«Бир жылга чакырылып калганга байланыштуу, буга окшогон, аскерге баруудан качкандар катары азаят деп ойлойбуз».
Анализчилер баамында армияда дедовщина болбогондо андан эч ким качмак эмес. Орусиялык аскерлер энелери комитетинин төрайымы Валентина Мельникова айтканга караганда «азыркы тушта офицерлер аскерлерди адам ордуна көрбөйт. Андан сырткары жыл өткөн сайын дедовщинанын башка түрлөрү пайда болгон»:
«Өзүнө чейин кызмат өтөп жүргөндөр менен аскерге жаңы чакырылгандар кагылышышат. Кичүүлөрү улууларынан акча өндүрүшөт» - дейт.
Кеткен жылдын этегинде Маскөөдө Коргоо министрлиги имаратынын алдында жаштардын митингиси өттү. Ага катышкандар дедовщина болбогондо аскерге барат элек, бирок армиянын азыркы абалында анын катарында кызмат кылуу коркунучтуу. Бийлик аскер кызматынан акы төлөп бошонуу үчүн бизге шарт түзсүн деген талап коюшту. Бирок мындай сунуш бирөөлөргө жакканы менен бирөөлөргө жага бербей кабылданган эле.