Былтыр күзүндө баш калаа Тбилисиде оппозиция уюштурган демонстрацияларды таратуу үчүн күч колдоногондон кийин Грузияда чукул кырдаал киргизилген эле. Ички жана тышкы кысымдан улам, президент Михаил Саакашвили эрте шайлоо өткөрүлөөрүн жарыялаган. Муну менен анын атаандаштарына үгүт иштерин жүргүзүүгө дээрлик бир айдай гана убакыт берилди.
Саакашвили өзү болсо шайлоого катышуу үчүн президенттик кызматынан кеткени менен соңку апталарда мамлекеттин карамагындагы маалымат каражаттарынын беттеринен түшпөй келатты. Жаңы жылда болсо анын улутка кайрылуусу түз эфирде Грузиянын патриархы Илия Экинчинин жана мамлекет башчынын милдетин аткаруучу Нино Буржанадзенин куттуктоолорунун алдында көргөзүлдү.
Оппозиция талапкерлеринине болсо эфирдик убакыт алда канча азырак берилди.Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун байкоочулары белгилегендей, Грузиянын коомдук телеканалы декабрда шайлоо жөнүндөгү берүүлөрүнүн 40 процентиндейин Саакашвилиге арнаган. Көп көргөзүлгөн дагы бир талапкер Жаңы оңчулдар партиясынын өкүлү Давит Гамкрелидзеге эфирдик убакыттын 17 проценти гана берилген.
Оппозициялык маанайдагы «Имеди» каналы декабрдын аягында өз берүүлөрүн ыктыярдуу түрдө токтоткон. Канал ноябрда бийлик тарабынан жабылып, бир нече күн мурун эле кайра эфирге чыга баштаган.
-«Имеди» ТВнын күч менен жабылышы биздин шайлоо кампаниябызга терс таасир тийгизди. Башка улуттук телеканалдардын бир тараптуулугу даана көрүнүп турат. Аны байкоочулар, мониторинг жүргүзгөн уюмдар да айтышууда. Бардык телеканалдар мурдагы президентке анын кампаниясынын бир бөлүгү болгон жаңы жылдык куттуктоосуна бир добуштан убакыт беришти. Болгондо да патриарх менен мамлекет башчынын милдетин аткарган адамдын алдында сүйлөтүп коюшту, - дейт республикалык партиянын төрагасы Давит Усупашвили. Анын партиясы биргелешкен оппозициянын талапкери Леван Гачечиладзени колдойт.
Мындай арыздануулар Батыш байкоочуларынын кабатырлыгын жаратпай койгон жок. Грузия мурдагы советтик жумурияттарда да чыныгы демократия өнүгүшү мүмкүн деген үлгү катары каралып келатты эле. Өзгөчө Украина менен Кыргызстандагы революциялар өтөсүнө чыкпай калгандан кийин.
2003-жылы “Роза ыңкылабынын” натыйжасында бийликке келген Саакашвили автоматтык түрдө демократ деген атка конгон. Эң башынан эле ал Батыш менен интеграцияга багыт алып, Грузия НАТО, Еврошаркетке кирүүгө татыктуу деп ишендирүү аракеттерин көрүп келди.
Жалпысынан алганда, ал Москванын кастыгына карабай, реформалар багытынан тайган жок. Бирок грузиндер былтыр ноябрда демонстранттарга каршы күч колдонуп, өзгөчө кырдаал киргизилгенден кийин түңүлүп калышты.
Фридом Хауз укук коргоочу уюму бир нече күн мурун жарыялаган докладында Тбилиси саясий жана жарандык укуктар чөйрөсүндө артка чегингенин белгилейт.
Батыш шайлоо эркин жана адилет өткөрүлүүгө тийиш деп Саакашвилиге кысым көргөзүп келди. Европадагы коопсузудк жана кызматташтык уюму шайлоого байкоо салуу үчүн 300дөн ашуун өкүлүн Грузияга жиберди. Европа биримдиги, Европа Кеңеши жана КМШнын байкоочулары да добуш берүүгө көз салып турушмакчы.
Борбордук шайлоо комиссиясы 3 миң 800 шайлоо участкасынын ар бирине 2 камерадан орнотулат деп билдирди. Бир камера шайлоочуну каттоо үстөлүн, экинчиси бюллетень салына турган урнаны тартып турмакчы.
Оппозициянын талапкерлери добуш берүүнүн жыйынтыгы бары бир бурмаланат деп, элди 6-январда, расмий санактар жарыяланат деген күнү көчөлөргө чыгууга үндөштү.
Алар ошондой эле шайлоо комиссиясы үгүт иштерине керектүү унаа, жарнамалар, башка жабдыктар талапкерлер ортосунда адилет бөлүштүрүлгөн жок деп нааразы болушууда. Шайлоо комиссиясынын төрагасы Леван Тархнишвили болсо айыптоолорду четке какты:
-Административдик ресурс пайдаланып жатат деген бир да арыз чындыкка дал келген жок. Учактарды же тик учактарды колдонуу тууралуу даттануу текшерилип чыкты. Кимдир бирөөнүн өтүнүчү канааттандырылган жок же бирдей эмес баа талап кылынган деген ырастоолор далилденген жок.
Президенттик орун үчүн 7 кандидат ат салышууда. Байкоочулардын баамында биргелешкен оппозициянын талапкери Гачечиладзе Саакашвилиге олуттуу атаандаш боло алат.
Шарап чыгаруу менен алектенген ишкер шайлоону жеңсе өлкөнү парламенттик башкарууга өткөрүүнү көздөөдө. Өкмөт башчылыкка болсо Гачечиладзе мурдагы тышкы иштер министри Саломе Зурабишвилини тандаарын билдирди.
Байкоочулар алгачкы жолу шайлоону ким жеңээрин мурдагыдай алдын ала айтуу кыйын экенин белгилешүүдө. Биринчи айлампада талапкерлер жетиштүү добуш ала албаса, 19-февралда 2-айлампа өткөрүлмөкчү.
-Грузияда алагчкы жолу атаандаштыкка негизделген шайлоо өтүүдө. Бул – позитивдүү жагы. Бирок ошол эле маалда шайлоого сайылган саясий үстөктүн баасы жогору болгондуктан ишенбөөчүлүк, чыңалуунун деңгээли да жогору,- дейт тбилисилик аналитик Гия Нодия.
Президентти тандоо менен кошо шайлоочулар парламенттик шайлоо жазында же күзүндө өткөрүлүшү керекпи жана өлкө НАТОго кошулууга тийишпи деген суроолорго жооп беришет.