Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:24

БХУТТОНУН ӨЧҮН УУЛУ ШАЙЛОО АРКЫЛУУ АЛАТ


Пакистанда өкмөт башчысы Беназир Бхутто өлтүрүлгөндөн кийин, парламенттик шайлоо 8-январдан 18-февралга кийинкиге калтырылды. Бхуттонун династиячыл партиясын анын көзү өткөндөн кийин атасы менен кошо жетектеп калган уулу Билавал энесинин өчүн шайлоодогу жеңиши менен алууга сөз берүүдө. Бирок Билавал өтө жаш болгондуктан, бул партия жеңип чыкканда да, өкмөт башына ким келери бүдөмүк бойдон калууда.

Беназир Бхуттонун өлүмүн иликтөөгө көмөк көрсөтүү максатында ушул жума күнү Пакистанга Британиянын тергөөчүлөр тобу келди. Пакистан бийликтери алгач Бхуттону башынан жарадар кылган жардырууну Аль-Каида менен байланышы бар согушкерлер уюштурду деп ырастаган. Бирок анын партиясы Бхутто атылган октон курман болду деп айтууда. Бийликтердин бул кылмышка тийешеси жок экендигин далилдөө далалатында президент Мушараф өлкөгө британиялык тергөөчүлөрдү чакырган. Ал эми Бхуттонун партиясы бул окуяны Бириккен улуттардын көз карандысыз тергөөчүлөрүнүн иликтөөсүн талап кылууда.

Мунун алдында Пакистандын башкы шайлоо комиссары Казы Мухаммад Фарук шайлоонун жаңы мөөнөтүн жарыялаган:

– Шайлоо 2008-жылдын 8-январынын ордуна, 2008-жылдын 18-февралында өткөрүлөт.

Фарук шайлоо "акыйкат, эркин, ачык болот" деп убада кылып, бардык партияларды шайлоонун жаңы мөөнөтүн кабылдоого чакырды.

Беназир Бхуттонун Элдик партиясы шайлоону 8-январда эле өткөрө берүүнү туура көрөт. Аны азыр Бхуттонун күйөөсү Асиф Али Зардари жана алардын 19 жаштагы уулу Билавал жетектеп жатат.

Оппозиция лидерлери шайлоо канчалык эрте өтсө, көпчүлүк аларга көбүрөк жан тартат эле деп үмүттөнгөн. Алар ошондой эле президент Первез Мушараф шайлоо создуккан сайын кырдаалды өз кызыкчылыгында пайдаланып кетет деп чочулашууда.

Кошмо Штаттары жана башка Батыш союздаштары да Мушарафты шайлоону мурда пландалгандай 8-январда өткөрүүгө чакырышкан. Бирок шайлоону келерки айдын башында өткөрүүгө уюштуруу иштерине убакыт тар. Бхутто өлтүрүлгөн чакта түштүктөгү анын колдоочулары үстөмдүк кылган Синдх провинциясындагы тополоңдо шайлоо бекеттеринин көпчүлүгү тып-тыйпыл талкаланып калган. Бюллетендерди басып чыгаруу жана аларды таркатуу да үзгүлтүккө учурады.

Баяндамачылар белгилеп жаткандай, Пакистандык Элдик партиясы ар дайым Бхуттонун үйбүлөсүнүн партиясы болгон. Ошондуктан, шайлоо бул династияга бийликти кайта алуунун жолу болуп саналат. Беназир Бхутто өкмөт башында туруп, кийин төңкөрүштөн кийин дарга асылган атасы Зулфикар Бхуттонун өлүмү үчүн өч алууга ант берген. Эми анын уулу, 19 жаштагы Билавал энесинин өчүн алууга сөз берүүдө. Бирок көпчүлүктүн ишениминде, Билавал зордукчулук менен эмес, шайлоо аркылуу өч алууга аракет кылмакчы.

Бирок шайлоодон кийин да кандай болоору белгисиз. Эгер Бхуттонун партиясы жеңип чыкса, партия кимди өкмөт башчылыгына сунуш этери белгисиз. Анын жубайы Зардаринин мойнунда көптөгөн коррупциялык иштер илинүү, ал эми уулу Билавал өтө жаш. Болсо, партиянын төрагасынын орун басары Махдум Амин Фахимдин талапкердиги сунуш этилиши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG