Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:06

КЫРГЫЗСТАНДЫК СЕРЕПЧИЛЕР ГРУЗИЯДА ӨТҮП ЖАТКАН ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛОО ТУУРАЛУУ


Бүгүн Грузияда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүүдө. Добуш берүү өнөктүгүнө үч миңден ашуун грузиялык жана эл аралык байкоочу, жуз алтымыштан ашуун ММКлардын өкүлдөрү көз салууда. Грузияда өтүп жаткан шайлоого карата кыргыз байкоочулары жана жергиликтүү серепчилери пикирлерин айтышты.

Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына карганда, шайлоо участкалары Абхазиянын Кодор капчыгайынан жана Түштүк Осетиянын кээ бир региондорунан тышкары грузин диаспоралары жашаган бардык өлкөлөрдө ачылды. Добуш берүү өнөктүгүнө көз салып жаткан эл аралык байкоочулардын катарында кыргызстандык байкоочулар да бар. “Жарандык коом жана демократия үчүн” коалициясынан барган байкоочу Бурул Усманалиева Грузиянын Сантредия шаарынан “Азаттыкка” шайлоо кандай жүрүп жаткандыгы тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, грузин элинин шайлоого катышуусу абдан активдүү болуп жатат:

- Добуш берүүгө келип жаткан жарандардын саны арбын, булар өз укуктарын пайдаланып калалы, шайлоого катышабыз деп, шайлоочулардын тизмесинде жок экенмин деп жаңжал кылышат экен. Менин сураганым боюнча, жаштарынын көбү Михаил Саакашвилиге шайлагысы келет экен, карыраак адамдар каршы экен. Анткени ноябрда митинг болгондо бийлик жарандарды күч менен тараткан экен, союлдар менен урган экен, ошону айтып азыр “биз кечире албайбыз, ушундай жаман иш кылды, төрт жылдан бери жасаган жакшы иштеринин бары жуулуп кетти”, деп айтып атышат.

Бурул Усманалиеванын белгилешинче, Грузиядагы шайлоодо Кыргызстанда жакында эле болуп өткөн парламенттик шайлоодогудай эле шайлоочулардын тизмеси менен мүчүлүштүктөр кетүүдө:

- Бизге окшош нерселери көп экен, көчөлөрдө, эшикте милициялар эки үчтөн турат, тизмеден өздөрүн таппай калып жатканы негизги кемчилик болуп атат.

Маалыматтарга караганда, ар бир шайлоочуга добуш берээрдин алдында атайын боек менен бармагына белги коюлат, ошондой эле ар бир шайлоо участкасында эки видео камера орнотулду. Бир камера шайлоочуну каттоо үстөлүн, экинчиси бюллетень салына турган үкөктү тартып турмакчы. “Таза коом” партиясынын мүчөсү Таблды Акеровдун айтымында, бул ыкманы Кыргызстан да пайдаланса шайлоолордо мызам бузууларга жол берилбейт эле:

- Албетте, биз камераны орнотууну талап кылышыбыз керек. Бул шайлоочулардын шайлоого ишенимин жогорулатат. Ушул сыяктуу талаптар Шайлоо кодексине киргизилиши керек. Бизде камера түгүл электр жарыгы өчүп калып, мамлекеттик автоматташтырылган “Шайлоо” системасы да иштебей калбадыбы.

Анткен менен Грузиянын оппозиция талапкерлери добуш берүүнүн жыйынтыгы бары бир бурмаланат деп, элди расмий санактар жарыялана турган күнү, 6-январда көчөлөргө чыгууга үндөшкөн.

Фридом Хауз укук коргоо уюму бир нече күн мурун жарыялаган докладында Тбилиси саясий жана жарандык укуктар чөйрөсүндө артка чегингенин белгилеген. Бирок саясатчы, коомдук ишмер Ишенбай Абдыразаков Грузияда Кыргызстанга салыштырмалуу жарандык коом бир кыйла активдүү экенин белгиледи:

- Гурзияда Кыргызстанга салышытырмалуу жарандык коом активдүүрөк да. Ал жерде мыйзам шайлоо участкаларында мыйзам бузууларга жол бербейт.

Ишенбай Абдразаков, ошондой эле, Грузияда өтүп жаткан шайлоодо байкоо жүргүзүп жаткан КМШнын байкоочулары калыс жыйынтык берээрине күмөн санаарын билдирди:

- Байкоочулардын пикири ар кандай болуп атпайбы, мисалы КМШнын байкоочулары кайсы жерге барбасын бардыгы жакшы дейт. Ал эми Грузияда ахыбал кичине башкараак . Россия менен алардын байланышы татаалыраак. Ошондуктан азыр калысыраак пикир айта тургандар ЕККУнун өкүлдөрү жана башкалар эле болбосо, калгандары туура айтпай калбадыбы.

Президентти тандоо менен кошо шайлоочулар парламенттик шайлоо жазында же күзүндө өткөрүлүшү керекпи жана өлкө НАТОго кошулууга тийишпи деген суроолорго жооп беришет. Эгер бүгүнкү шайлоодо талапкерлердин бири шайлоочулардын 50%дан ашуун добушун топтой албаса, экинчи айлампа жарыяланат.

XS
SM
MD
LG