Лондондун Times гезити “Жарылган бомба жаш балдардын өмүрүн кыйды” деп жазган кабарында, “Түркиянын армиясы чегаранын аркы жагында операция баштагандан бери өлкөнүн түштүк-чыгыш аймактарында абал курчуп келаткан болчу” деп билдирет. New York Times, “Диярбакырдагы жардырууда көпчүлүгү күрт болгон 5 киши өлүп 60 киши жарадар болду” деп жазса, Лондондун The Guardian гезити, муну бир канча айдан бери болуп көргөн эң кандуу чабуул катары мүнөздөп, “Бул - Түркиянын согуштук аба күчтөрүнүн Түндүк Ирактагы ПККнын базаларына жасаган чабуулдарына кайтарылган жооптой көрүнөт” деген жоромол ой билдирет. Францияда чыгуучу Le Monde дагы “ПКК өзүнүн базаларына жасалган чабуулдардын өчүн алаарын күн мурунтан эскерткен эле” деп жазса, Washington Post гезити “Күрт жикчилдердин өөрчүп бараткан чабуулдары абалды ого бетер курчутуп жатканына көңүл бурду.
Boston Globe гезитинде чыккан баш макалада болсо, 5 кишинин өмүрүн кыйып 68 кишинин жарадар болуусуна алып барган бул террордук жардыруу кеңири масштабтагы жергиликтүү бир окуя болуп эсептелери билдирилип, “Түркиянын демократиялуу өнүгүүсүнүн жана аймактык коопсуздуктун пайдасы үчүн Түркиянын жетекчилери, өлкөдө даанышман мамлекеттик ишмердүүлүктүн эсебинен, патриоттук кумарлануулардын салтанат куруусуна жол бербөөсү керек болот. Эгерде өлкө, 1980-жана 90-жылдарда аскерлер ПККге каршы жүргүзгөн ‘кирдүү согуштун’ кунарсыз деңгээлине кайра кулай турган болсо, Түркиядагы прогрессивдүү жараяндар гана запкы жейт. Эгерде бул терракт өлкөнүн түштүк-чыгышында согуштун кайра жандануусуна алып бара турган болсо, АКШ жана ЕБ эң эле баалуу бир өнөктөшүнөн кол жуушка туура келет” деп эскертилген.
Washington Times гезитинде жарыяланган макаласында таанымал серепчи Брус Фейн (Bruce Fein) ПКК жикчил тобун талдоого алган. “Марксист-ленинист маанайдагы ПКК бир гана Түркияда регионалдык бир автономияга жетишүүнү көздөбөйт. Бул уюмдун максаты, анын 1978- жылда жар салынган уставында көрсөтүлгөндөй, Түркия, Сирия жана Ирандын територяларында көз каранды эмес социалисттик Күрдистан мамлекетин куруу болуп эсептелет” деп далилдеген автор, ПКК террордук иш-аракеттерин дээрлик Түркияга каршы уюштуруп келгенин; бул өлкөдө 40 миң адамдын, мыдайча айтканда 11-сентябрь террактында жабыркагандардан 13 эсе көбүрөөк кишинин өмүрүнүн кыйылуусуна себебкер болгонун эске салат.
“Казакстан Кипрдин грек секторуна башелчи дайындады. Буга Түркия нааразы” деп жазган кабарында, Түркияда чыгуучу ZAMAN гезити, Казакстандын Ислам Конференсиясы Уюмунун жыйындарында Түндүк Кипр Түрк Жумуруятын жөлөмөлөө тууралуу такай убада берип келгенине карабастан, аралдын грек тарабы менен байланыштарын жакшыртуусу Анкара тарабынан достук маанайдагы бир жосун катары кабыл алынбаганын билдирет. Гезитте жазылышына караганда, ушул өңдүү чечими үчүн өткөндө Ашхабатка да тынчсыздануусун билдирген Анкаранын, Астанага да окшош реакция жасоосу күтүлөт.
Стамулда жарык көрчү Hürriyet, жаңы жыл менен бирге Өзбекстанда өлүм жазасы алынып салганын жазат. Өзбекстандын башкы прокуратурасы тарабынан жарыяланган билдирүүгө таянуу менен гезитте билдирилишине караганда, өлүм жазасынын ордуна мындан ары өмүр бою эркинен ажыратуу же узак мөөнөттүү камак жазасы берилет.