Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:40

ГРУЗИЯДА ПРЕЗИДЕНТИН ШАЙЛАШТЫ, СААКАШВИЛИ АЛДЫДА БАРАТАТ


Эл арлык байкоочулар кээ бир кемчиликтерге карабай, Грузиядагы президенттик шайлоо негизинен демократиялык стандарттарга ылайык өттү деп билдиришти. Оппозициялык лидерлер болсо баш калаанын борборунда митинг өткөрүштү. Алар кечээки добуш берүүнүн жыйынтыктары бурмаланды деген нааразылыгын айтышууда. Алдын ала санактар Михаил Саакашвили алдыга озуп чыкканын көргөзүүдө.

Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун, Европа кеңешинин паралменттик ассамблеясы менен Европа биримдигинин байкоочулары белгилегендей, Грузияда алгачкы жолу президенттик шайлоо атаандаштык негизде өткөрүлдү. Бирок бир топ проблемалар байкалды жана алар кечикпестен чечилүүгө тийиш,- делинет алардын биргелешкен отчетунда.

Жекшембиде Тбилисиде өткөн маалымат-жыйында Европа парламентинин
өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Мари-Энн Ислер Бегин буларга токтолду:

- Айрым эреже бузуулар байкалды, маселен, шайлоочулардын тизмелерине жана бармакты сыя менен боёго байланыштуу. Парламенттик шайлоого чейин керектүү жыйынтык жасалышы керек.

Сын пикирлерге карабай, көз салуучулар шайлоону грузин элинин эркин тандоосу катары сыпатташты. ПАСЕ делегациясынын жетекчиси Матиас Эорси болсо бардык грузиндерди шайлоонун мыйзамдуулугун урматтоого чакырды.

Добуштардын 10 пайыздайы саналып чыкканда Борбордук шайлоо комиссиясы Саакашвили 59 пайыз менен алдыда баратканын маалымдады. Биринчи айлампада эле жеңип чыгуу үчүн ал добуштардын 50 пайызын чогултушу керек. Саакашвилинин негизги атаандашы Леван Гачечиладзе азырынча 22 пайызга жакын добуш алды.

«Азаттыктын» грузин кызматынын билдиришинче, Тбилсидеги Рике паркында оппозициянын жүздөгөн тарапкери чогулду. Көчөлөргө чыгуу чакырыгы менен кечээ Гачечиладзе кайрылган. Анын ырастоосунда, бир катар шайлоо участкаларында мыйзам бузуулар катталган. Саакашвили оңой эле жеңем десе жаңылышат,- деди оппозициянын кандидаты.

- Саакашвили элдин башын айландырыш үчүн жеңишин эрте майрамдай баштады.

Бийликтер болсо бурмалоолор жөнүндөгү айыптоолорду четке кагышууда. Саакашвили болсо утушуна ишенээрин кечээ эле билдирген.

- Мен бардыгы менен иштешүүгө даярмын. Грузиянын биримдиги үчүн күрөшүүгө, бардык патриоттук күчтөр менен биздин пикирге кошулган же кошулбаган, бизге добуш берген жана бербеген элдер менен биргелешип аракеттенүүгө даярмын. Себеби биздин мекенибиз жана максатыбыз бир. Алдыбызда бирдей максат турат. Биз чогуу жеңүүгө тийишипз. Ал жеңиш биздин орток жеңиш болмокчу.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Леван Таркнишвилинин айтымында, тоолуу аймактардагы катуу кардан улам, бюллетендерди саноо иштери кечеңдеп жатат. Бул аралыкта АКШ мамлекеттик катчысынын орун басар жардамчысы Мэтью Брыза эларалык байкоочулар шайлоо эркин өттү деген тыянакка келишсе, анын жыйынтыктарын урматтоого үндөдү. Бардык тараптар көз салган уюмдардын пикири белгилүү болгучакты баа берүүдөн карманууга тийиш деди дипломат.
Кечээки добуш берүү Саакашвили жана Грузиядагы демократия үчүн сынак катары каралууда.

Саакашвили бийликке 2003-жылкы Роза революциясынын натыйжасында келген. Бирок былтыр ноябрда оппозициянын чыгуулары күч менен басылганда ал президенттик мөөнөтүн кыскартып, эрте шайлоо жарыялаган. Өлкөдө ошондой эле чукул кырдаал киргизилип, көз крандысыз телеканалдар жабылган.

Президентти тандоо менен кошо шайлоочулар «парламентик шайлоо жазында же күзүндө өткөрүлүшү керекпи?» жана «өлкө НАТОго кошулууга тийишпи?» деген суроолорго жооп беришти.

XS
SM
MD
LG