Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:52

ЕВРОПАЛЫК БАЙКООЧУЛАР ГРУЗИЯДАГЫ ШАЙЛООГО НЕГИЗИНЕН ОҢ БАА БЕРИШТИ


Чет элдик байкоочулар айрым мүчүлүштүктөр катталганы менен, негизинен Грузиядагы президенттик шайлоо эл аралык стандарттарга шайкеш өттү деп билдиришти. Грузиянын оппозициялык күчтөрү ишембидеги добуш берүү далай мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтып, Тбилисиде нааразылык акцияларын өткөрө баштады. Алгачкы жыйынтыктар шайлоодо Михаил Саакашвили алдыда баратканын көргөзүүдө.

Жекшембиде кечке маал Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясы билдиргендей, бюллетендердин көбү эсептелип бүткөндө, Михаил Саакашвили добуштардын 52,8%ы менен алдыда баратат. 2-сапты бирдиктүү оппозиция көрсөткөн Леван Гачечиладзе 27% добуш менен ээледи. Азырынча Ирак менен Косоводо бейпилдик кызматын өтөп жаткан аскерлер жана чет өлкөлөрдө жашаган грузин жарандарынын добуштары кошула элек, - деп жарыялады ырасмий Тбилиси.

Жекшембиде Шайлоолорго байкоо жүргүзүү боюнча эл аралык миссия тараткан билдирүүдө Грузиядагы өнөктүк көп жагынан демократиялуу шайлоонун стандарттарына ылайык өткөнү айтылат. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму, Еврокеңештин парламенттик ассамблеясы бу жолку добуш берүү Грузиядагы алгачкы чыныгы атаандаштыкта өткөн шайлоо болду деген баа беришти.

Европарламенттин миссиясын баштап келген Марие Энн Ислер-Бегин атайын пресс-конференцияда буларга токтолду.

- Шайлоочулардын тизмеси жана бармакка мөөр басуу жагынан айрым мүчүлүштүктөр катталды. Бул жаатта айтылган сын пикирлер кийинки парламенттик шайлоодо орун албагыдай дароо эске алынышы керек.

ЕККУнун байкоочулар жетекчиси Элси Хастингс мамлекеттик мекемелердин ишмердиги менен Михаил Саакашвилинин кампаниясы ортосунда так ажырым сакталган жок деген пикирин кошумчалады.

Саакашвили 1-айлампада жеңип, президенттик кызматында калыш үчүн добуштардын 50%ынан көбүн чогултушу керек. Эгерде ага жетпей калса, шайлоонун 2-айлампасы грузин мыйзамдары боюнча, 2 жумадан кийин өтөт. Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясы жекшембиде эртелеп эле Саакашвили добуштардын жарымынан көбүн топтогонун маалымдап, ал өзү элге жеңгенине таккесе ишенип тургандай нукта кайрылды.

-Мен бардык тараптар менен иштешүүгө, Грузиянын биримдиги үчүн ким менен болсо да күрөшүүгө, бардык патриоттук күчтөр үчүн, биз менен макул жана макул эместер, бизге добуш берген жана бербегендер менен иштешүүгө даярмын. Биздин мекенибиз менен максатыбыз бир. Бул жеңиш баарыбыздын жеңишибиз, - деп шашыла убадалар берип кирди Саакашвили.

Ага удаа Тбилисиде оппозициянын миңдеген тарапкерлери башкы аянтка чогулуп, алардын талапкери Гачечиладзе шайлоо маалында бир катар мыйзам бузуулар катталгандыктан, анын башкы атаандашы жеңишин эрте жарыялап элди алдап жатат деп айыптады.

Саакашвили 2004-жылы Грузиядагы жибек ыңкылаптын шарапаты менен бийликке келип, өткөн ноябрда өлкөнү каптаган демонстрацияларды полиция күчкө салып кууп тараткандан кийин мөөнөтсүз президенттик шайлоо жарыялоого аргасыз болгон. Буга чейин бийликтеги 3 жыл ичинде ал Грузияны НАТО менен Евробиримдикке жакындатуу багытына басым жасап, оппозициячыл күчтөр Саакашвили өз өлкөсүндөгү социалдык жана башка көйгөйлөргө көз жуумп салып, жалаң Батышты көздөй умтулуу менен алек деп айыптап чыккан.

Президентти тандоо менен бирге шайлоочулар бул ирет Грузия НАТОго кошулушу керекпи жана парламенттик шайлоону быйыл жазда өткөрүү зарылбы деген суроолорго да жооп беришти.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG