Михаил Саакашвили Грузиядагы ыңкылаптан кийин мамлекет башчысынын мандатын шайлоочулардын дээрлик 96 проценттен ашык колдоосу менен утуп алган эле. Бу жолу ага добуш берүүгө катышкандардын 50 проценттен биртке көбүрөөгү ишенимин артышты. Мунун өзү Саакашвили акыркы үч жылдай убакыт ичинде шайлоочулардын дээрлик теңине жакынына жакпай калганын көрсөттү. Добуштар толук саналып бүтпөй жатып эле оппозиция Саакашвилинин жеңишин тааныгандан баш тартты, атүгүл анын бийликтен кетишин талап кыла баштады.
Саакашвили болсо баары менен ийиндеше иштешкенге, өлкөнү бириктирүү үчүн күрөшкөнгө, Грузиянын бардык патриоттук күчтөрү,азыркы бийликти колдогондор жана колдобогондор, ага добуш бергендер жана бербегендер менен кызматташканга даяр экенин билдирди. “Анткени биздин мекенибиз бир, максатыбыз бир. Алдыбызда чоң милдеттер турат,аларды биргелешип гана чече алабыз жана буга биргелешип жетишебиз. Бу жеңиш баарыбыздын жалпы жеңишибиз болуп калат”, - деп айтты Саакашвили.
Саакашвилинин жеңишин өз жеңишиндей кабыл алганга даяр тургандар башкы аргумент катары Грузия ыңкылап алдында иш жүзүндө карап абалга жетип калганын айтышат. Не электри жарыгы, не газы жок, не коопсуздугу корголбой, коррупция менен кылмыш коомдун кырына чыгып алганын, полиция ар кошкон уруу-кескилер менен иришип кеткенин, капчыгы калың көрүнгөн чет элдик кишилерди уурдай качып, алардын кара башына кун талап кылган окуялар көп болуп турганын эстешет. Саакашвили бийликкке келгени ушул проблемаларды түгөл болбосо да түзүк эле жеңилдеткенге жетишти, бийликте да бир топ кагылып-согулуп, ак каптал боло баштады, эми ал өлкөдөгү кыйынчылыктарды чечкенге дагы жигердүү, ары иштин көзүн билип киришет дешет.
Ошол эле учурда Саакашвили эптеп бийлигин чыңдап алганы баарына барат,өлкөнү бириктирүү үмүтүн биротоло тындым кылат,аны дүйнөлүк геосаясий күчтөрдүн талашына айлантат, өзгөчө Россия менен Грузиянын алакасын бузат, атүгүл коомду “путинизация жолуна салат”, б.а.маалымат каражаттарына, сотторго, парламентке, бизнеске жана коопсуздук күчтөрүнө каркап контроль орнотот деп кооптонгондор да жок эмес. Мындай маанайдын каркыны айрыкча оппозиция лагериндегилерде,аларды колдогондор арасында күчтүү.
Ал эми бейтарап байкоочулар грузин коому шайлоонун тополоң-толкуну менен ары-бери чайпалып, кантсе да кайра жайына түшөт деп үмүттөнүшөт. “Азаттыктын” эксперти Давид Какабадзе, мисалы, грузин калкы бир да лидерге өз диктатурасын орнотконго мүмкүндүк бербей турганын, эгер мындай ынтаанын жышааны билинсе, анда эл кайрадан көчөлөргө чыгарын эскертти. “Менимче,Саакашвили жетерлик акылы бар саясатчы, аздыр-көптүр такшалып,тажрыйба топтоду,ошондуктан калкты кайра толкутканга барбайт”, - деп айтты Какабадзе.