Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:26

КОСОВОНУН КЕЛЕЧЕК МАКАМЫ ДАЛЕ БҮДӨМҮК БОЙДОН


Европа биримдиги Сербиядан бөлүнүүгө далалаттанып жаткан Косовонун лидерлерине эскертүү жасады. Шаркеттин учурдагы төрагасы Словениянын премьер-министри Янес Янша провинция Евробиримдиктин жардамына көз каранды экенин эске салып, ал толугу менен эгемен боло албарын айтты.

Европа биримдиги Косового каржы жардамын берип, коопсуздукту камсыздоочу миссиясын жиберүүгө даяр. Кечээ Люблянадагы пресс-конференцияда сүйлөп Янша Косово толук көз карандысыз боло албайт деди:

Косовонун болчок макамы тууралуу кеп кылганда, толук эгемендүүлүк жөнүндө сөз кылабыз деп ойлобойм. Европалагы коопсуздук жана коргонуу боюнча миссияны суверендүү мамлекетке жибере албайбыз да, - деди Словениянын өкмөт башчысы.

Өлкө алдыдагы 6 айда Евробиримдикке төрагалык кылмакчы. Косоводогу коопсуздукту камсыздоо вазийпасы ушу тапта НАТОнун 16 миңдей аскерине жүктөлгөн.

Яншанын айтымында, биримдик Сербия жана Косово менен Стабилдүүлүк жана келишимин түзүүнү көздөөдө. Келишим аталган өлкөлөрдүн шаркетке мүчө болуп киришине өбөлгө түзөт. Мындай сценарий Косовонун толук эгемендүүлүк дымагын басаңдатышы мүмкүн.

Чөлкөмгө көз карандысыздык берүү идеясын шаркеттин бардык эле мүчөлөрү колдошопойт. Мисалы, Кипр андай кадам Түркия менен талашка түшкөн бөлүгү үчүн терс прецедент түзүшү ыктымал деп чочулайт.

Бирок биримдик Сербиянын провинциясы болгон Косовонун азыркы статусун мында ары сактап калуу мүмкүн эмес деген пикирде. Янша белгилегендей, эки тарапты тең канаатандыра тургандай чечим табуу дээрлик мүмкүн эмес. “Андыктан Европа биримдиги башка жол издөөдө”, - деди Словениянын өкмөт башчысы. “Андай чечим тезирээк кабыл алынууга тийиш, же болбосо региондогу стабилдүүлүккө кооп туулат”, - деп эскертти Янша:

Менимче, кээ бир сербиялык саясатчылар “биз соодалашып, Косовону Европа биримдигине мүчөлүк үчүн берип койбойбуз”, - деген жасалма алтернатива чыныгы алтернатива эмес жана мындай позиция серб элинин кызыкчылыгына төп келбейт.

Премьердин ырастоосунда, муун алмашмайынча, серб коомчулугу Косовонун эгемендүүлүк идеясына көнө албайт. “Бир дагы потнециалдуу чечим региондогу крыдаал дароо жакшырат деген кепилдик бербейт”, - деди Янша.

Ал ошондой эле Босния жана Герцоговина Косового караганда олуттуу проблема туудурушу мүмкүн экендигин эскертти. “Дэйтон тынчтык келишими согушту токтотууга гана алып келген. Калган максаттар болсо ишке ашпаган бойдон калды”, - деп жыйынтыктайт Янша.

XS
SM
MD
LG