"Ата Мекен» социал-демократиялык партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Өмүрбек Абдырахманов бир жарым жыл мурда Тбилисиге барып, грузин ишкерлеринин жана саясатчыларынын иш аракеттерине байкоо салып, эл аралык экономикалык форумга катышып келген эле. Анын көз карашында Грузиядагы президенттик кезексиз шайлоо Европадагы шайлоолорго караганда бир топ кемчиликтери бар, бирок КМШдагы шайлоолорго салыштырмалуу кандайдыр бир демократиялык стандарттарга жооп берет.
Көз карандысыз телевидение жана басылмаларды бийлик таптакыр жаап салбаганы, атаандашынын жыйырма пайыздан ашуун добуш алышынан улам Грузияда Европалык стандарттагы демократиялык баалуулуктар бар деп эсептөөгө болот.
-Бирок Михаил Саакашвили монополдук бийликке ээ болгону үчүн канчалык демократиялуу болбосун, ошону бузганга да аракет кылып атканы чындык. Саакашвили эгерде бийликтерди тең салмактуу кылып бөлүп берсе Грузияда чыныгы демократия орномок. Ошого карабастан Грузия КМШ мамлекеттеринин ичинен эң демократиялуу деп эсептелет.
Cаясат таануучу Турат Акимов болсо Грузияда жарандык коомдордун, оппозициянын күчтүүлүгүнөн улам грузин бийлиги шайлоону Кыргызстандагыдай одоно бурмалоого батына алышпаганын баса белгиледи.
-Президенттик шайлоодо бийлик он пайыздан ашык талаша албайт. Анткени он пайыз добушту ары бурмалап, бери бурмалап өзүнө санап коюууга мүмкүнчүлүгү болот. Андан ашырганда коомчулукта кайрадан нааразылык пайда болуп, митингдерге чыга бериши мүмкүн. Ошондуктан мен ойлойм Саакашвили шайлоону бурмалап добуш алууну он пайыздан ашырган жок.
Мурдагы тышкы иштер министри Роза Отунбаева болсо грузин бийлиги президенттик шайлоону атайын майрам күндөргө коюп атаандаштарына ыңгайсыз жагдай түзгөнүн, Михаил Саакашвили авторитардык башкарууга ыктап баратканын сынга алды. Бирок бул шайлоо Грузиянын демократиясын дагы бир жолу чыңдады, деп эсептейт саясатчы.
- Грузиянын азыркы демократиялык өнүгүшүндө абдан маанилүү өзгөрүүлөр болуп атат. Булардын калкы бул саясий иш чара аркылуу дагы бир жолу калыптанып алды. Бирок мен айта албайм президенттик шайлоо канчалык деңгээлде акыйкат жана таза өткөнүн. Бирок ушул шайлоодо дагы бир жолу Грузиянын демократиясын чыңдалды деп айтар элем.
5-январда өткөрүлгөн Грузиядагы мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого үч миңден ашуун грузиялык жана эл аралык байкоочу, жуз алтымыштан ашуун ММКлардын өкүлдөрү көз салышты. Кыргызстандан да жарандык коомдордун төрт өкүлү байкоо жүргүзгөн. Грузиянын шайлоочулары президентин тандоо менен катар парламенттик шайлоону өткөрүү жана НАТОго кошулуу тууралуу маселеге да добуш беришти.