Михаил Саакашвилинин кайра да президент болуп шайланышы кепке алына баштады. ИНТЕРФАКС маалымдагандай, Грузиянын ордо клаасында Ыйса пайгамбар туулган күндү урматтап өткөрүлгөн салтанат үстүндө ат салышта алдыда келишкен Михаил Саакашвили менен Леван Гачечиладзе эл алдында бири менен бири кол алышып, шайлоонун өтүшүнө ыраазы экендиктерин билдиришкен.
Европалык коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюму Грузияда өткөн шайлоону көп жагынан эл аралык үлгүгө дал келер шааниде өттү деп билдирди. Ошол эле учурда ЕККУ кайсы бир эске алар кемчиликтер болгонун да белгиледи:
– Кечээ демократия Грузияда болуп көрбөгөндөй кадам жасады. Шайлоо алдындагы өнөктүктүн жүрүшүндөгү катуу таймаштан улам, бул шайлоону мен, грузин элинин ниетин көргөздү деп эсептеймин ,-деп билдирди журналисттер алдында америкалык конгресстен келген байкоочу Элси Хастингс.
Орусиянын тышкы иштер министрлиги өз сайты аркалуу таркаткан маалыматта Грузиядагы шайлоо - «азыркы жетекчилик колунда бийликти сактап калуу үчүн жазалган ачык тамаша болду», - деп айтылат.
Ал эми ЕККУ койгон бааны Орусиянын Тышкы иштер министрлиги «жондото бычылып калыптыр» деп баалаган. Мамдуманын КМШ өлкөлөр боюнча комитетинин мүчөсү Константин Затулин:
– Грузия БШКсы чыгарган жыйынтык этегине чекит коюу али эрте. Ошондон улам, кантсе да алдыда атуулдук башаламандык, кезектеги митингдер, аларды кууп сабап таркатуу күтүп турат ,-деген.
Сөз эркиндиги үчүн күрөшкөн Олег Панфиловдун баамында Грузияда «талапкерлер эфирди сатып алууга укуктуу болушкан, бирок аны Бадри Патаркацишвили менен Михаил Саакашвилиден башка талапкерлер жасаган эмес».
Грузиялык парламенттин эл аралык иштер боюнча комитетинин жетекчиси Константин Гобашвили болсо:
– Шайлоонун өтүшүн кабыл албаган же аны каалагысы келбеген бирден бир өлкө - Орусия болду. Тилекке каршы, ал отуз эки мамлекеттен келген көз салуучулар берген саясий баага катышууда дагы бир жолу жалгыз калды.
Грузиядагы президентти шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн эл аралык уюмдардан миңден ашуун көз салуучу олуттуу мыйзам бузуулардын болбогонун айтышкан.
КМШ өлкөлөрүнөн барган көз салуучулар тобунун жетекчиси Наурыз Айдаров да:
– Атуулдардын өз эрки менен добуш берүүсү үчүн Грузияда тоскоол болчудай кандайдыр бир көзгө урунарлык мыйзам бузууну жолуктурбадык., - деген.