Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:26

ТОКТОМ ТОКУЛГАН, ИШ СОТТО


Бекташ Шамшиев, Бишкек Бишкек шаар кеңешинин көчө жыйын, нааразылык иш-чараларын белгиленген гана жерлерде, жергиликтүү жетекчиликке алдын-ала кабарлагандан кийин өткөрүү тууралуу өткөн жылдын 30-ноябрындагы токтомун айрым бейөкмөт уюмдар сотко беришкен. Андай токтомду Бишкек шаар кеңеши 1994-жылы, андан кийин 2004-жылы кабыл алган. Шаар кеңештин токтому Башмыйзамга кайчы келерин ырастап, 2004-жылы Конституциялык сот анын айрым пункттарын мыйзамсыз деп тапса, 2005-жылкы бийлик алмашуусунан кийин шаар кеңеш депутаттары токтомун толугу менен жараксызга чыгарышкан.

Башкалаа кеңешинин айрым депутаттары менен шаар башчысы Данияр Үсөнов нааразылык иш-чараларын белгиленген жерде өткөрүү зарылдыгын кийинки жылдарда өтөле арбып кеткен көчө жыйын, пикеттерден шаардыктар тажагандыгына байланыштуу түшүндүрүшөт. Маселен, Бишкек шаар кеңешинин депутаты Абдыгул Чотбаев көпчүлүк катышкан нааразылык иш-чараларын атайын белгиленген жерлерде өткөрүү туура деген пикирде.

- Ошо жыйындарга катышкандар кимдер? Жумуш жок, бүт Кыргызстандан, жер-жерлерден келген кишилер катышып жатпайбы. Катышканда да жөн катышпай, акчага сатылып катышып жатышпайбы. Ошон үчүн, менин оюмча, шаарга тынчтык керек.

Ал эми Бишкек шаар башчысы Данияр Үсөнов бул демилгени жергиликтүү жетекчилер өз алдынча көтөрүп чыгышканын айтат.

- Бизге бирөө өйдө жактан демилге кылып чыккан эмес. Биз өзүбүз көтөрдүк. Өзүбүздүн шаарыбызда тартип орнотолу деп чечтик.

Бирок да башкалаа мыйзамчыларынын баары эле эски-жаңы демилгени бирооздон колдоп ийишкен жери жок. Депутат Нуржамал Байболова шаар кеңештен өткөрүлгөн токтом жогортон түшүрүлгөн документ экенин билдирди.

- Жанагы жыйындар, нааразылыктар болгондон кийин 2007-жылдын ноябрына чейин эки жолу киргизилген ушул токтом. Токтом А.Ногоев аркылуу эки жолу киргизилген. А.Ногоевге ал токтом Акүйдөн келген, Акүйдөн сунушталган.

“Демократия жана жарандык коом үчүн” бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын төрайымы Динара Ошурахунова Бишкек шаар кеңешинин конституциялык укуктарды чектөөчү токтомун жокко чыгаруу өтүнүчү менен айрым бейөкмөт уюмдар сотко кайрылышканын ырастап, бирок азырынча Бишкектин райондор аралык соту арызды карай электигин маалымдады.

- Биздин доо-арызды Бишкек соту караштыра элек. Биз аны күтүп жатабыз. Мен ойлойм, ушу январдын башында караштырат болуш керек. Мына, Жаңы жылдын алдында Каракол шаар кеңеши да ошондой чечим кабыл алды. Бизде Конституция бар, эң жогорку мыйзам. Конституцияда жазылып турат. Ошон үчүн биз сотко берип жатабыз. Бишкек шаар кеңешинин чечими Башмыйзамга карама-каршы.

Бишкек шаар кеңешинин өткөн жылдын 30-ноябрында кабыл алынган токтому боюнча көпчүлүк катышкан нааразылык иш-чараларын уюштуруyчулар 10 күндөн кечиктирбей жергиликтүү бийликке билдирип, ал эми көпчүлүктүн ошол бийликке карата арыз-даты Жогорку Кеңеш имаратынын алдында, Максим Горький атындагы аянтта, болбосо Жаш Гвардия менен Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Жаштык” багында өтүшү керек. Соңку жылдардагы көчө жыйындардын көп өтүшүнөн жүрөкзаада болгон азыркы бийлик нааразылык иш-чараларды иретке салуу демилгесин мыйзамдаштырып, аны жаңы шайланган парламенттин кароосуна коюшу деле ыктымал экенин айрым байкоочулар айтышууда. “Андай болушу толук мүмкүн,- дейт Н.Байболова.- Менин оюмча, алгачкы кабыл алчу мыйзамдардын бири ушул”.

XS
SM
MD
LG