Мыйзамдуулукту көзөмөл кылуучу негизги орган бул маселе боюнча «Ата Мекен» партиясына жообун бере элек, дейт партиянын БШКдагы өкүлү Чолпон Жакупова.
-Башкы прокуратура ушул кезге чейин расмий жооп бере элек. Бирок жаңы жылдын алдында БШКнын төрайымы Клара Кабилова бизге беш кат жибериптир. Арткы число менен жазылган жооп катта кетирген каталыктарын жабууга аракет кылыптыр.
Жакупова белгилегендей «Ата Мекен» партиясы БШКга шайлоодо мыйзам бузуулар боюнча 400 чукул арыз жолдошкон, бирок эч кандай жооп алышкан эмес.
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын жетекчиси эмгек эс алуусунда жүргөндүгүнө байланыштуу бул маселе боюнча маалымат бере албастыгын билдирди.
Ал эми парламенттик чукул шайлоо канчалык деңгээлде мыйзамдуу өткөнү тууралуу БШКнын айрым мүчөлөрүнө, уюштуруу жана укуктук бөлүмүнө, басма сөз кызматына суроо узатканыбызда алар бул маселеге байланыштуу кандайдыр бир комментарий берүүдөн караманча баш тартышты.
БШКнын төрайымы Клара Кабилова менен байланышууга эч кандай мүмкүнчүлүк болгон жок. Анын кабылдамасындагы катчы, төрайымдын колу бош эместигин айтып, биздин сурообузду жоопсуз калтырды. Бирок Кабилова парламенттик шайлоонун жыйынтыгында шайлоо акыйкат, таза, мыйзамдын чегинде өткөнүн жарыялаган эле.
Жогорку Кеңештин төрагасы Адахан Мадумаров да парламенттик шайлоо негизинен мыйзамдын чегинде өткөнүн белгилеп, шайлоодо талаш-тартыштар боло берерин «Азаттыктын» кабарчысы менен болгон маегинде баса белгилеген.
«Ата Мекен» партиясынын мүчөсү Чолпон Жакупова Кыргызстанда мыйзамдуулуктун сакталбагандыганан улам сот адилеттиктен тайып, шайлоолор бурмалоо менен өткөрүлүүдө, дейт.
-Бизде мыйзам такыр иштебей калды. Ак үйдүн жетинчи кабатынан бирөө телефон чалса мыйзам биртике иштемиш болуп калат. Азыркы бийлик мыйзамды каалаганындай калчап, элдин укуктары менен эсептешпей калды.
«Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын мүчөсү, укук коргоочу Бакыт Рысбековдун пикиринде да Кыргызстанда мыйзам колунда бар адамдардын кызыкчылыгына иштеп, колунда жок адамдар үчүн иштебей же тескери иштөөдө.