Борбордук шайлоо комиссиясынын төарагсы Леван Таркнишвили ачууланган оппозиционерлер анын кабинетине кирип келишет деп күтпөгөн болсо керек. Бириккен оппозициянын президенттикке талапкери Леван Гачечиладзе баштаган топ төраганы шайлоонун жыйынтыктарын бурмалады деп, анын кызматтан кетишин талап кылышты. Ал кайым айтышууну бир катар телеканалдар көргөзүштү:
– Бурмалоолор жөнүндө эмне дейсиң, Леван!,- деп кайрылышты оппозиционерлер Таркнишвилиге.
Бюллетендердин 90 процентине жакыны саналып чыккан кезде Борборшайлооком Михаил Саакашвили 52,1 пайыз менен 5-январь күнкү шайлоону жеңди деп маалымдаган. Экинчи орунду 25 пайыз менен Гачечиладзе ээледи. Биринчиле айлампада жеңиш үчүн Саакашвилиге 50 пайыз плюс бир добуш талап кылынат.
Гачечиладзенин колдоочулары болсо санактарда айырмачылыктар бар экенин белгилеп, ар бир добуш үчүн күрөшөөрүн айытшууда.
Шайлоо комиссиясынын төрагасына кайрылып, ызаланган Гачечиладзе анын дарегине бир топ катуу сөз айтты :
– Силер грузин элине кандай мамиле кылсаңар, биз да силерге ошондой мамиле жасайбыз. Шайлоону бурмалап жатасыңар, бул үчүн жазаланасыңар, бүт грузин элинин алдында жооп бересиңер. Сөз берем, - деген Гачечиладзе Таркнишвилиден жыйынтыктоочу протоколдорду көзргөзүүнү талап кылды. Оппозиция протоколдор оңдолуп чыккан деп айыптоодо.
Төрага болсо өз кезегинде оппозициядагы саясатчылар ага кысым көргөзүүгө аракеттенүүдө деген жообун кайтарды. “Ишиме тоскоол кылып, кабинетиме кирип келдиңер”, - деп сындады Таркнишвили.
8-январда оппозиция шайлоонун жыйынтыктарына макул эместигин билдирүү иретинде массалык митинг өтөт деп жарыялады эле, бирок акыркы мүнөттө ал кийинкиге калтырылды. Демонстрациялар эми бир нече күндөн кийин болмокчу.
Оппозиция ошондой эле бурмалоолор тууралуу арыздарын сотко жолдоорун билдирди.
Бул аралыкта чет өлкөлүк байкоочулар добуш берүү кээ бир мүчүлүштүктөргө карабай жалпысынан алганда эркин жана калыс өттү деген баасын беришүүдө.
АКШнын мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Шон Макккомрак дүйшөмбүдө белгилегендей шайлоо эл аралык стандарттарга ылайык жүргүзүлдү:
Грузин элин куттуктап кеткибиз келет. ЕККУнун баамында шайлоо негизинен эл аралык стандарттарга дал келди. Жеринде жүргөн миссия айрым проблемалар болгонун белгиледи:
Биз грузин бийликтерин аларды чечүүгө үндөйбүз. Бирок жалпысынан, миссиянын айтымында, грузин элинин мүдөөсүн чагылдырган шайлоо жакшы өттү, - деди вашингтондун өкүлү.
Европа биримдиги да өз куттуктоолорун айтып, Грузиядагы саясий күчтөрдү добуш берүүнү жыйынтыктарын урматтого чакырды.