Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:25

ООГАН КАЧКЫНДАРЫ ИРАНДЫН КАСАБЫНА КАЛДЫ


Иран өкмөтү өлкөдө мыйзамсыз баш калкалап жүргөн бир жарым миллиондой ооган качкындарына же өз жерине кайтууну, болбосо беш жыл түрмөдө отурууну сунуш кылды. Кабул бийликтери качкындарды жок дегенде кыш-күрөө бүткөнчө кодулабай турууну Тегерандан катуу өтүндү.

Сиддига Резай жыйырмага жаңы толуп, жанары жайнап турган бийке. Ата-энеси мындан чейрек кылым илгери Ооганстандагы согуштан улам иран жерине ооп келишкен. Атасы кыш куйган ишканада иштеп, жалдап алган үжөрөнүн акысына араң жеткидей айлык алат.“Университеттен окусам деген тилегим бар эле,бирок уруксат беришкен жок. Мектепте окуптурсуң, ал эми университетке киргенге укугуң жок дешти. Ушу кезге чейин жумуш издеп жүрөм, кайда барсам да бардык жерде оогандыктарды ишке албайбыз деп айтышат”, - дейт Резай.

Резайдай ыкыбалга туш болгондор Иранда бир жарым миллиондой бар. Өткөн аптада ички иштер министрлиги каттоодон өтпөгөн ооган обосолдорун же жериңерге кайткыла, болбосо беш жыл түрмөдө жатасыңар деп эскертти.

Ооган бозгундарын өз өлкөсүнө кайтаруу ишин Иран былтыр апрелде баштаган.Быйыл жазгы баарга чейин бир миллион киши Ооганстанга чыгарыларын айтышкан. Буга чейин канча адам куулуп салынганы тууралуу маалыматтар жок,бирок жакында эле 20 миң адамды, негизинен эркектерди автобустарга салып барып,чек арадан ары өткөрүп салышканын жергиликтүү тургандар кабарлашты.

Ырасмий каттоодон өткөн оогандардын саны Иранда 900 миңге жетет. Алар кара жумуштарда жалданып иштешет,жалчытпаса да жалыйна алышат. Бирок көбү медициналык жардамга жетишпейт,коомдук мектептерге балдарын бере алышпайт.

Нобел сыйлыгынын ээси,белгилүү укук коргоочу адвокат Ширин Эбади аргын үй-бүлөдөн чыккан балдарга бийликтер паспорт беришпей турганын, ошонун айынан алар жогорку окуу жайларына өтө албай калышарын, ооган качкындары өз күчү менен Тегеранда мектеп ачышса, аны да өкмөт тааныбай жатканын ырастады.

Кабулда ооган тышкы иштер министрлигинин өкүлү Тегерандын соңку чечиминен кабары жоктугун моюнга алды. “Бу кабарлардын чын-төгүнүн айтуу кыйын, ырас болгон күндө мындай кадам өз ара жетишилген макулдашууларга ылайык келбейт. Ошентсе да азыркыдай кыш-күрөө учурунда оогандыктарды Ирандан сүрүп чыгарбас деп үмүттөнөбүз”, - деп билдирди Кабул өкмөтүнүн өкүлү.

Жакынкы аралыкта Кабул Тегеранга атайын делегация жөнөтүп,жагдайды иран бийликтери менен жакшылап талкуулап көргөнү жатат. Акыркы беш жылдай аралыкта дүйнөнүн ар кайсы аймактарынан,айрыкча коңшулаш өлкөлөрдөн Ооганстанга төрт миллиондон ашуун качкын кайтып келди. Аларды орун-очок алдырып,жумуш менен камсыз кылганга өкмөттүн чамаасы жетпейт. Кайтып келгендердин көбү Кабулдун чеке-бакасында алачыктарда, чатырларда күн көрүшөт. Согуштун айынан бозуп-тозгон мекендештерин кайтып кабыл алуу да Ооганстанга өтө оор болууда.

XS
SM
MD
LG