Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:07

ЭДИЛ БАЙСАЛОВ: ЭЛИНЕН УЯЛБАГАН БИЙЛИКТЕН АКЫЙКАТТЫК КҮТПӨЙМ


Парламенттик шайлоонун алдында чыккан бюллетень чатагынан улам Социал-демократтар партиясынын мүчөсү, белгилүү укук коргоочу Эдил Байсалов шайлоо тизмесинен чыгарылып, ага каршы Баш прокуратура кылмыш иш козгогон. Акыры ал Казакстандын Алматы шаарына чыгып кеткен. Эдил Байсалов «Азаттык» менен телефон аркылуу байланышып, өзүнүн Алматыда жүрүү себептери, бюллетень чатагы жана анын айланасындагы ызы-чуулар тууралуу көз карашы менен бөлүштү.

- Эдил, сизди Социал-демократтар партиясынын катарынан чыкты деген маалымат интернет аркылуу тарады. Мунун канчалык чындыгы бар? Бул эмнеге байланыштуу?

- Жок, бул чындык эмес. Жооптуу катчы саясий партияда катуу иштеши керек. Ошондуктан, орунду мен убактылуу бошотуп бердим. Бирок баягыдай эле партия мүчөсү катары кала бермекчимин.

- Сиз ал жерге - Алматыда Борбордук шайлоо комиссиясында шайлоо алдында болгон бюллетенге байланыштуу чатактан кийин чыгып кеткениңизди билебиз. Ошонун жөн-жайы тууралуу айтып бере аласызбы? Эмне себептен кеттиңиз? Күрөштүн башкача жолу жок беле?

- Ошол күндөрү бардык прессалар мен жөнүндө көп маалымат тараткандан кийин өзүм дагы үч-төрт айдан бери суткалап иштегенден кийин кичине эс алайын деп бул жөнүндө алдын ала бийликтегилер менен сүйлөшүп, аларга маалымат бергем. Мен эч кандай качкан жерим жок. Ошол күнү башкы прокурордун орун басары Сумар Насиза менен сөз болгон. Администрациянын бир канча жетекчилери менен сөз болгон. Алар толугу менен укугуң бар, бул мыйзамдуу, эч кандай эч нерсе болбойт, чыга берсең болот деген сөз болгондон кийин мен ошол жерден эки-үч күнгө кичине эс алып келели деген ой менен чыгып бара жатканда мени чегара кызматкерлери кармаган. Кармагандан кийин чет өлкөлүк элчиликтер киришип, бошотушкан. Мен ошол чыгып кайра келейин деген оюмду бузушуп, атайын Турсунбек Акун аркылуу жаманатты кылыш үчүн мени качып кетти деген маалыматты таратышкан. Саат түнкү он бирден өткөндөн кийин эртеси күнү эле таң атпай ошол чегара кызматы, анын артында турган бийликтегилер атайын жаманатты кылыш үчүн мени качкын кылып жиберишти. Бирок мен эч кандай качкан жерим жок жана качпайм дагы.

- Бишкекке качан кайтып келесиз?

- Эми билесиздер, мына баарыбыз эле байкап турабыз. Көрдүк. Борбордук шайлоо комиссиясы ушул чоң элдин добушун уурдап, бардык мыйзамсыз чечимдерди кабыл алып жатышат. Көрүп жатабыз сот бийлигинин мыйзамсыз чечимдерин көрүп атабыз. Мен күнөөмдү далилдебестен, туруп мени мыйзамга каршы четтетип салышты шайлоодон. Күнөөм болсо дагы аны далилдебестен туруп, партиянын үстүнө жыйырма миллион сомду илип коюшту. Башкасын айтпай эле коёюн, Төлөйкан Исмаилова пикетке чыгып койгондугу үчүн жети суткага кесилип жатат. Эч кандай калыстык жок, мыйзамдуулук жок. Булардын уяттары да жок. Анан аларга жем болуп, оюнчук болуп бергидей мен деле… Сот бийлигине ишенишке мүмкүнчүлүк да жок. Азыр мен Алматы шаарында эле турайын деген бир чечимде болуп жатам.

- Сизге издөө жарыялангандыгы жөнүндө маалыматыңыз барбы?

- Издөө жарыялашыптыр. Мен деле качкан жерим жок. Үйүмө деле бир дагы кагаз алып келишпептир. Булардын мени издеп табайын деген деле ою жок болуш керек. Мен эмне үчүн Алматыга келгенимдин себебин айтып берейин: билесиздер мага деле кол салуулар болгон. Ошондо деле мени бийлик коргоп алган эмес. Мен таптыңарбы, ким экен десем. Ооба, бир көлдүк балдар экен, алар Алматыда качкын болуп жүрүшөт дешкен. Мен деле Алматыда жүрө турайын. Мага канча издөө жарыялашса, мага кол салган адамдарды дагы таап, ошолор менен бирге алып келишсин.

- Кайра бир аз артка кайрылсак. Бул жерде Борбордук шайлоо комиссиясынын берген маалыматына караганда мыйзамсыз, шайлоочулардын колуна жете электе расмий ачыктоо жөнүндө уруксат бериле элек кезде бюллетенди өзүңүздүн сайтыңызга жарыялады деп доомат коюлуп жатат. Сиз ошого канчалык ынанасыз? Коюлуп жаткан доо канчалык деңгээлде негиздүү?

- Мунун эч кандай негизи жок. Анын далили да жок. Эми ачыгын айтканда күлө турган нерсе. Мен эч кандай коргоосу жок, жөнөкөй кагазда, туура эмес басылып чыгып жатат деп ага чейин эки-үч күн мурун баардык жерге маалымат берип, жарыялап жүргөм. Өздөрүнүн мыйзамсыз, туура эмес кадамдарын жабыш үчүн кайра ошол күнөөнүн баарын тең менин моюнума жүктөп коюу элге белгилүү болуп эле турат. Жалпы шайлоонун жыйынтыгын бурмалап, элдин добушун уурдаган адамдар үчүн меники жөнөкөй эле тамаша болуп жатат. Анткени, көрүп жатасыздар шайлоо протоколдорунун көчүрмөлөрүн тапшырышса дагы тааныбай жатат. Абройлуу “Ата Мекен” партиясын ж. б. партияларды шайлоодон четтетип коюшту. Демек, мунун баарын көрүп жатабыз – мыйзамсыз. Калптын үстү калп болуп жатат.

- Сиз бюллетенди жарыялабай башкача жол менен аракет кылсаңыз болот беле? Же ошондой жол натыйжалуу болот деп ойлодуңузбу?

- Мунун баардыгы билесиздерби, мен жарыялайт белем же жарыялабайт белем… Жарыялаган күнү дагы ошонун үстүнөн көчүрмө жасап туруп, ар кандай фальсификацияга жол ачылат деген бул күлкүлүү нерсе. Анткени, бул бюллетендер шайлоо күнүнө чейин эле миңдеген кишилердин колуна тийет. 20-30 миң шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө, канчалаган администрацияларга. Болуптур мен жасабасам да, ошону бурмалайм, фальсификация кылам деген адам ансыз деле ошол жерде сүрөткө тартабы же башка жагынан болобу кара жумуш жасаса болот эле да.

- Социал демократар партиясында лилерлердин бири элеңиз. Бүгүн айтканыңызга караганда төрага орун басарлыкты - жооптуу катчылыкты өткөрүп берген экенсиз. Бюллетень чатагына байланыштуу, албетте, сизге он бир миллион коюлуп жатат. Социал-демократтар партиясынын өзүнө 20 миллион сом тагылууда. Бул партиянын ичинде кандайдыр бир пикир келишпестикти жараткан жокпу?. Бул маселени партия жетекчилиги менен талкууладыңыздарбы?

- Менин күнөөм болгон күндө дагы жоопкерчилигимди ошол партиянын мойнуна илип коюш үчүн мыйзамдуу бир негиздер керек. Албетте, партия жетекчилери деле түшүнүп турушат, бийлик атайын социал-демократтарга каршы кысым көрсөтөлү деген аракет катары баалап жатышат. Партия, билесиздер шайлоого активдүү катышты. 11 мандат алды. Кээ бирөөлөр туура эмес түшүнүп жатышат. Булар үчүн бийлик уруксат берип, парламентке киргизип койду деп. Менин оюмча бул туура эмес. Анткени 130 миң добуштан да көп добуш топтогон социал-демократтар партиясы. 11 манданттан да көбүрөөк мандат алып, парламентте отуруш керек эле. Бирок, тилекке каршы фальсификациялардан улам алар жерде жөн эле декорация болуп отурганга шарт түзүлүп жатат.

- Мен суроого кайра кайрылайын, СДП лидерлери менен бюллетень чатагы боюнча телефон аркылуу болсо да талкууладыңыздарбы?
- Эми ар кандай сөздөр тарабадыбы. Башында кээ бир келишпестиктер да болду. Анткени, бир топ талдоочулар, оппозициялык жетекечилер Байсаловдун окуясын атайын бийликтин провокациясы, СДПнын баркын көтөрүү үчүн жасалган аракет катары баалашса, социал-демократиялык партиянын кээ бир жетекчилери «Сен «Ата мекен» үчүн иштеп атасың, ошол партияны каттоодон чыгарыш үчүн ушуну жасадың» деген да түшүнбөстүктөр болду. Бирок, билесиздер, бир аз күндөн кийин эле, мисалы, ошол эле Өмүрбек Бабановдун жарандыгын алып койгон мыйзамсыз чечимдер болду. Андан кийин дагы бир канча аракеттерден кийин Алмаз Шаршенович (Атамбаев – СДП лидери) деле, башка жетекчилер деле туура түшүнүп, мени колдошту. Ал үчүн мен, албетте, рахматымды айтам. Бирок ушул провокация, албетте, партияга да каршы. Негизинен жанагынча бюллетенди жокко чыгарып, мени отургузуп, мага каршы кылмыш козгоп, мени кылмышкер кылыш үчүн жасалып атат. Бул менден өч алуу аракеттери болуп атат.

- Эдил шайлоо тыянактары, өзүңүз билесиз, ар кандай талкууну жаратууда. Ушу тапта «Ата мекен» партиясы тыянактарына катуу каршылык билдирип жаткан кез ушу тапта. Сиз да байкоо жүргүзгөндүрсүз, бааңыз кандай?

- Эми акыйкат деп айтууга болбойт. 2005-жылдагыдан да катуу фальсификация болду. Мунун баарын шайлоого чейин эле көрүп турдук. КТРге эч кандай мүмкүнчүлүк болгон жок. Саат он бирден кийин берип атты. Жер-жерлерде мыйзамcыз аракеттер болуп атканын көрүп аттык. Шайлоо күндөрү мен өзүм көргөн жокмун. Бирок, угуп аттык, жалгыз эле бир факт да, көз карандысыз байкоочулардын колунда Ош шаарынан «Ата мекен» 3 миң, 4 миң добуш алгандыгы тууралуу протоколдор турат. Аны сот тааныбастан, четке кагып атат. Ушуну мыйзамдуу деп айтса болобу? Бул акыйкатсыздык. Ушундан улам дагы бир жолу кайталап коеюн, элдин добушун, саясий эркин тебелеп-тепсеген, эч кандай эл аралык уюмдардан уялбаган, элинен коркпогон бийликтен менин жеке ишимде мыйзамдуулукту, акыйкаттыкты күтсө болобу? Болбойт.

- Эдил мырза, азыр кандай ишмердүүлүк менен алектенип атасыз ушу кезде?

- Мен үч-төрт ай катуу иштеп, абдан чарчаптырмын. Көп кишилер туура эмес көрүп атышат, прессага чыкпай койдуң деп. Мен бул жерде отуруп алып кичине эсе алып, өзүмө келдим. Көп нерселерди талдап-эледим. Акыркы эки жылдагы эле эмес, мен саясатка аралашып, көргөн беш-алты жалдардагы окуяларды талдап, балким, жазсам, эл менен бөлүшөйүн деген оюм бар. Бирок, бир сөздү айтып коеюн, бул качып кетти, баш паанек сурап атат, башка жерге бир качкын болуп кетет экен деп мени жаман атты кылган сөздөр толугу менен туура эмес. Кыргызстанда акыйкатсыздык болуп атат. Мен буга каршы күрөшөм, Кыргызстанда боломбу, Казакстанда боломбу, башка жерде боломбу. Мен буга чейин аткарган жумушумдан да, жолумдан да кайтпайм. Мен Акаев менен да кармашкам, кубалап чыккам. Азыркы кишилерди кубалап чыксам да, өз жолумдан кайтпайм.

- Башкача айтканда, сиз саясаттан кетпейсиз?

- Саясаттан мен кетпейм. Саясатчы боломбу, укук коргоочу боломбу, элим үчүн акты –ак, караны – кара деп, бул жолумдан кайтпайм.

- Рахмат маегиңизге.

Маектешкен Бурул Сарыгулова, Бишкек

XS
SM
MD
LG