Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:56

НААРАЗЫЛЫК ТОЛКУНУ ЖАЗ МЕНЕН КАЙРА КӨТӨРҮЛӨБҮ?


Парламенттик шайлоодон кийинки өлкөдөгү акыркы саясый окуялар коомчулукта нааразылыктарды жаратты. Айрым серепчилер бул нааразылыктар бара-бара толкундоолорго алып келиши мүмкүн деп болжошсо, кээ бирлери жазында массалык толкундоолордун болоор-болбосу бийликтин учурда жасаган кадамдарына байланыштуу болот деп айтышууда.

16-декабрдагы парламенттик чукул шайлоонун жыйынтыгына нааразылыктар митинг, пикет, ачкачылык акциялары менен коштолду. Шайлоого көз салган эл аралык байкоочулар арасынан бирден бир гана КМШдан келген байкоочулар анын акыйкат өткөндүгүнө күмөн санашкан жок.

Бийликтин, жергиликтүү бир катар уюмдардын жана КМШнын байкоочуларынын мындай бүтүмү коомчулуктун калың катмарынын кыжырын ого бетер кайнаткансыды. Ал эми шайлоодон кийин уюштурулуп жаткан нааразылык акциялары кыштын кыраан чилдесинде, жаңы жыл башталаар алдында гана токтоду. Айрым байкоочулар бул нааразылыктар суукка гана байланыштуу басаңдады, жазында элдин толкундоосу кайрадан башталат деген жоромолдорун айтышууда.

Шайлоодо жарым пайыздык чектен өтө алган жок деген негизде парламентке келтирилбеген “Ата мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жазында өлкөдө толкундоолордун болоор болбосу бийликтин азыркы кадамдарына байланыштуу болот дейт:

-Жазында кайрадан нааразылыктардын толкуну башталат деп так айтуу кыйын. Албетте элдин нааразылыгы бар. Толкундоолор болоор болбосу бийликтин, парламенттин, өкмөттүн жазга чейин жасаган кадамдарына байланыштуу болот.

Өмүрбек Текебаев мындай нааразылыктарды болтурбай коюуга бийликтин мүмкүнчүлүктөрү бар экенин айтты. Бирок, дейт саясатчы, ал үчүн бийлик учурдагы саясатын өзгөртүшү керек.

Ал эми “Асаба” партиясынын лидери Азимбек Бекназаров болсо жазында нааразылыктар күч алаар-албасы боюнча жоромолун эртең президент Бакиевдин парламентке кайрылуусунан кийин гана айта алаарын билдирди.

Албетте элдин нааразылыгынын күчөшүнө саясый гана эмес, социалдык, экономикалык жагдайлар да себепкер болот. Маселен, азык–түлүк кымбаттап, анын үстүнө жыл башынан тартып газга болгон баа да жогорулады. Мына ушундай жагдайлар да элдин нааразылыгынын күчөшүнө түрткү берет, дейт Өнүгүү жана саясат боюнча эларалык агенттиктин президенти Аликбек Жекшенкулов :

-Мынa нан кымбаттады, эми газга болгон баа жогорулады. Электр энергия да кымбаттаса, азыктар дагы кымбаттайт да. Баалардын көтөрүлүшү саясый кырдаалга да чоң таасирин тийгизет. Биз эми толкундоолор болот деп так айта албайбыз, 14-январда “Акыйкат үчүн” кыймылынын форуму өтөт, ошондо кийинки кадамдар талкууланат.

Өлкөдө жакынкы келечекте саясый кырдаал тууралуу байкоочулар мына ушундай жоромолдорун айтышууда. Анткен менен республикада жакынкы арада массалык толкундоолор, каршылык акциялар болбойт дегендер да жок эмес.

Бул маселе боюнча саясат талдоочу Карыбек Байбосунов “Азаттык” менен ой бөлүшүп, төмөндөгүчө көз карашын айтты:

-Ар бир нерсенин өзүнүн убактысы болот. Ошону үчүн мен ойлойм, жазында эч кандай толкуундоолор болбойт. Азыр ар кимиси өзүнүн иштери менен алек, алар да бардыгын таштап коюп жазында көчөгө чыга калбайт да. Ал эми жаңы парламентке, өкмөткө бир жылдай убакыт беришибиз керек, алар деле жаңыдан ишке киришип атат да.

Жакынкы арада өлкөдөгү кырдаал боюнча мына ушундай ар кыл пикирилер айтылууда. Бирок бул жоромолдор канчалык так, аны мезгил гана калчайт.

XS
SM
MD
LG