Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:03

ЭРКИН ТЕЛЕКОМПАНИЯЛАРГА ЭМНЕ БОЛДУ?


Мурдагы президент Аскар Акаевдин бийлигинин соңку жылдарында айрым теле компаниялар кадырэсе эркин иштеп, кантсе да көрүүчүлөр эки тараптын оюн чагылдырган маалыматтар менен камсыз болуп турушчу дешет. Маалымат айдыңында эмгектенишкен бир катар адистердин баамында, 2005-жылдан кийин эркин теле компаниялар акырындап жоголуп, бир жактуу гана маалымат таратып калышты. Ыңкылаптан кийин ошол эркин теле компаниялар кимдердин колуна өттү?

Оппозициядагы бир катар саясатчылар менен катар бир катар медиа уюмдардын өкүлдөрү 2005-жылдан кийин сөз эркиндиги кайсы бир деңгээлде азайып, эркин теле компаниялар калбай калганын айтып жатышат. Алардын айтымында ыңкылапка чейин эркин иштеп келаткан теле компаниялар бүгүнкү күнү бийликте отургандардын көзөмөлүнө өтүп, маалымат таркатууда бир жактуулук өкүм сүрүп калды. Ал эми бийлик өкүлдөрүнүн ырасташынча, сөз эркиндиги жаатындагы өзгөрүштөр алга карай гана кетпесе, эч кандай артка кеткен жери жок. “Журналисттер” коомдук бирикмесинин төрагасы Марат Токоев бул тууралуу төмөнкүлөргө токтолду:

- Мурда Аскар Акаевдин заманында бийликке сын-пикир айта ала турган жок дегенде бир-эки канал болгон болсо, азыр болсо андайлар дээрлик жок калды. Теле каналдардын элдерге таасир берүүсү абдан күчтүү да. Ошондуктан бийликтегилер биринчи кезекте теле каналдарды колго алганга аракет кылып атышат.

Ал эми Президенттин алдындагы адам укуктарын коргоо боюнча комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акундун айтымында, мурунку бийлик тушунда деле, азыркы бийлик тушунда деле сөз эркиндиги жаатында анда-санда басым-кысымдар боло калып жатат. Бирок азыркы тапта андай көрүнүштөр мурункудай анча байкалбайт:

- Демократияны баштабаш керек, баштаганга жараша аны толук ишке ашырып, демократиялык жолго өтүш керек. Акаев ушундан ката кетирип, жарым демократия кылып коюп анысы өзүнө муш болду. Анын учурунда соттолго журналисттер, куугунтук жегендер, жабылгандар көп болуп калды. А биздин тушубузда андай корүнүштөр анча билинген жок.

“Ата мекен” партиясынын лидери, мурдагы депутат Өмүрбек Текебаевдин пикиринде, азыркы бийлик өз ордун бекемдөө, экономикалык операцияларын жаап-жашыруу жана элди каалагандай башкаруу максатында бардык теле компанияларды монополиялаштырып алды:

- Мына биринчи кезекте бийликтин монополиясы орноду. Жакында экономикалык монополия түптөгөнү жатышат. Бул экөөнү кармап туруу үчүн ММКларды монополиялап, көзөмөлдөп туруш керек. Мына НТС, 5-канал, Пирамиданын чыныгы кожоюндары ким экендиги белгилүү. КТРди айтпай эле койсо болот.

Президенттин маалымат катчысы Нурлан Шакиев, бийликтегилер ММКларды монополиялаштырып алды дегенге кошулбайт. Анын айтымында УТРК менен ЭлТРден башка теле компаниялар эркин, өз алдынча иштешет:

- Мурда бир канча эркин теле компаниялар бар эле, азыр монополия болуп калды дегендерге кошула албайм. Анткени бизде УТРК анан ЭлТР мамлекеттен каржыланат. Калганы эркин.

“Ар намыс” партиясынын лидерлеринин бири Эмил Алиев бул тууралуу мындай дейт:

- Теле компаниялар, белгилүү ММКлар бийликтин гана айланасына топтолуп, ошолордун сөзүн сүйлөп калышты. Ээлери бүт бардыгы жалган, башка бирөөнүн атына жазып коюшкан, чыныгы ээлери ак үй тарапта.
XS
SM
MD
LG