Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:43

“ТАЛИБАН” ӨКҮЛДӨРҮ ӨКМӨТКӨ ӨТӨ БАШТАДЫ


Ооганстанда талиптердин Гилменд провинциясындагы отрядына командачылык кылган молдолордун бири өкмөт тарапка өттү жана түштүктөгү Муса-Калага шаар башчы болуп дайындалды. Ырасмий жарлыкта айтылгандай, ал былтыр бул шаарды талиптерден бошотууда коалициянын күчтөрүнө жана ооган армиясына чоң көмөк көрсөткөн.

Молдо Абдул Салем өзүнүн Муса-Калага шаар башчы болуп дайындалганын байистүү талиптер менен өкмөт ортосунда ишеним түзүлө баштаганын көрсөткөн иш деп баалады. ”Буга чейин эч кандай ишеним жок эле, кимди эш тутуп, ким менен алака түзгөндү билчү эмеспиз. Эми өкмөт мага ишеним көрсөтүп,мен аларга ишенип, өз ара өтүлдүк алышып, иштей баштадык”, - деп билдирди ал “Азаттыктын” кабарчысына Муса-Каладагы кеңсесинен.

Молдо Салем менен кошо талиптердин үч жүздөй лашкери да өкмөт тарапка өттү. “Талибан” режими тушунда молдо Салем түштүктөгү Урузган провинциясында губернатор болгон дешет. Талиптердин адыйы Омар молдо, азыркы ооган президенти Хамид Карзай да урузгандык болушат.

Ооганстан боюнча британдык эксперттердин бири Кристофер Ленгтон мурдагы жаңбашчынын шаарбашчы болуп дайындалышы менен Кабул өкмөтү стратегиялык маанидеги Гилменд провинциясын өз амирине каратканга жакшы мүмкүнчүлүк алды деп эсептейт. 0933 Президент Карзай үчүн бу өзгөчө маанилүү аймак, эгер жагдай жакшыра баштаса, адамдар анын өрнөгүнө ынанып, баракатчылык бара-бара башка аймактарга да таралышы ыктымал.

Карзайдын басма сөз катчысы да өкмөттүн бул чечими азыркы бийлик жүргүзүп жаткан саясатка кайчы келбей турганын белгилеп, “Талибандын” башка мүчөлөрү ооган конституциясын таанып, жалпы саясий процесске аралашканга кызыга турган болсо, аларга ар дайым эшик ачык экенин билдирди.

Бирок өкмөттүн талиптер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тууралуу демилгелери жергиликтүү басма сөздө жана парламентте талаш-тартышты чыгарып, атүгүл сын пикирлерди пайда кылды. Кээ бирөөлөрү талиптердин мурдагы жаңбашыларына кайсы бир аймактарды башкарууга берип, аларды өкмөт козголоңчуларга тарттырып жибериши ыктымал, мунун арты барып өлкөнү уруу-тайпаларга ажыратып,бөлчөктөп-бөлүп салышы мүмкүн деп чочулашат.

Ал эми “Талибандын” Пакистандагы мурдагы элчиси молдо Абдул Зариф жалпы улуттук баракатчылыкка жетүү үчүн Кабул бийликтерине талиптердин баары менен мунаса тапканга туура келерин эскертти. ”Ооган өкмөтү “Талибандын” айрым жамааты менен гана элдешип, Карзай болсо алардын кээ бир мүчөлөрү менен гана сүйлөшүү жүргүзгүсү келет. Бирок эки тараптын көздөгөнү эки башка максат,андыктан проблема кеңири масштабда чечилмейинче,ортодо уруш улана берет”,- дейт талиптердин экс-элчиси.

XS
SM
MD
LG