Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:09

10- ЯНВАРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1636-жылдын 10-январында ай жаңырып, бу күнү кыргыздардын он эки уруу башчылары Балх өкүмдарынын ордосуна келишкен. Батыш Сибирь Аскер-губернатору кыргыздын бугу уруусунун өкүлүнө улук манап мансабын ыйгаруу маселеси менен Аскер министрине кайрылган.

Кыргыз жана калмак каршылаштыгы айынан Алай жана Каратегинге сүрүлгөн кыргыз уруулары XVIII кылымдын биринчи жарымында Гиссарга келип жайланышкан. Мусулман аторлорунун жазганына караганда 1636-жылдын 10-январында ай жаңырып, бу күнү кыргыздардын он эки уруу башчылары Балх өкүмдарынын ордосуна келишкен. Аларды Хажим аталык-кытай коштоп, Надир-Мухаммед өкүмдардын кабыл алуусуна киргизген. Кыргыздар Балх өкүмдарына Гиссарда калып, ислам динин кабыл ала тургандыгын билдиришкен. Ыраазы болгон Надир-Мухаммед уруу башчыларына чапан жапкан.

Батыш Сибирь Аскер-губернатору А. О. Дюгамель 1867-жылдын 10-январында Аскер министри Д. А. Милютинге кыргыздын бугу уруусунун өкүлүнө улук манап мансабын ыйгаруу маселеси менен кайрылган. Кайрылууда кыргыз калкында манап мансабы жогорку бийлик титулу экендиги айтылып, анын кадыр-баркы жогору тураардыгы белгиленет. Бугу уруу өкүлүнө улук манап мансабын ыйгаруу жолу менен аларга таасир тийгизип, ийкемдүү башкарууга амал табылаары айтылат.

Шабдан баатырдын империяга өтөгөн кызматы жана Түркстан аймагын өздөштүрүүдө сиңирген эмгегин эске алган орус бийлиги ага Сарыбагыш волостунан сугат жана кайрак жер бөлүп берүүнү туура тапкан. Түркстан генерал-губернатору Аскер министрине милициянын аскер старшинасы Шабдан Жантаевге жер бөлүп берүү өтүнүчү менен кайрылып, Өтүнүч кат 1905-жылдын 10-январында Жериштетүү министрдигине жолдонгон.

Кыргыз Автономиялык областынын VII партиялык конференциясы 1934-жылдын 10-январында ишин баштады. Конференцияда обком партиянын жылдык отчету угулуп, Автономиялык областтын бир жыл ичинде жумшалган акча каражат чыгым тегерегинде областтык ревизиялык комиссия отчет берди. Мындан тышкаары, малчарбасын өнүктүрүү жана анын өндүрүш базасын куруу сыяктуу маслелер каралган.

Бу күнү, б. з. ч. 49-жылы Гай Юлий Цезарь Рубикон дарыясын кечип өтүп, өлкөдөгү граждандык согушка жол ачып, 1573-жылы немец астроному, Андромеда туманын байкаган Симон Матиус, 1883-жылы жазуучу Алексей Толстой, 1936-жылы америкалык радиоастроном, Нобель сыйлыгынын лауреаты Роберт Уильсон, 1913-жылы Социалисттик эмгектин баатыры Көкөбай Мамбеталиев, 1929-жылы жазуучу Акматбек Солтобаев жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG