Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:42

БАКИЕВ ПАРЛАМЕНТКЕ ЖАНА ӨКМӨТКӨ КАЙРЫЛУУ МЕНЕН ЧЫКТЫ


Президент Курманбек Бакиев бүгүн Жогорку Кеңешке келип, жаңы депутаттык корпуска жана өкмөткө кайрылуу менен чыгып сүйлөдү. Президент мамлекет турмушундагы орчундуу маселелерди атап, өкмөттүн жана парламенттин алдында турган алты блоктогу маанилүү милдеттер жөнүндө айтты. Мамлекет башчы өлкөдө конституциялык реформа соңуна чыгып, туруктуулук үчүн шарт түзүлгөнүн, экономикалык реформаларды чечкиндүү жүргүзүүгө мезгил келгенин, ошондой эле бюджеттин көлөмү 41 миллиард сомго жетип, 2005-жылга салыштырмалуу эки эсеге өскөнүн айта кетти.

Президент мамлекет турмушунда орчундуу делген алты маселеге өзгөчө токтолду. Биринчиси – ички ресурстарды натыйжалуу пайдалануу жана сырткы инвестицияларды тартуу. Курманбек Бакиев экономиканын керектөө форматынан инвестициялык форматка өткөнүн Кыргызстандын экономикасындагы бурулуш учур деп белгилеп, мамлекеттин ичиндеги каржы каражаттарын пайдалануунун жаңы ыкмаларын киргизүү керектигин айтты. Бул багыттагы биринчи кадам катары өкмөт Камбарата 1, Камбарата 2 жана эл аралык маанидеги автомагистралдар сыяктуу улуттук инвестициялык долбоорлор боюнча узак мөөнөттүү облигацияларды чыгаруу жагын карап көрүшү керек.

Экинчи блоктогу маселелер катары К. Бакиев инфраструктураны жана экономиканы модернизациялоону айтты. Бул жакта акы төлөнүүчү жолдор жөнүндө мыйзам кабыл алуу, жол фонддору жөнүндө концепция иштеп чыгуу, авиатранспорт кызматын өркүндөтүү, Камбарата 2 ГЭСин куруп бүтүү, калкты таза суу менен камсыз кылуу сыяктуу орчундуу маселелер турат.

Экономиканы квалификациялуу кадрлар менен камсыз кылуу азыркы учурда Кыргызстан үчүн абдан орчунудуу маселелердин бири болуп саналат. Бул маселеге токтолгон президент жогорку окуу жайларында кадр даярдоону рыноктун суроо-талаптарына шайкештөө, кесиптик-техникалык билим берүү системасын өркүндөтүү жагын баса белгиледи. К. Бакиев ошондой эле “10-топ менеджер” программасын улуттук долбоор катары сунуштады. Анын максаты – экономиканын артыкчылыктуу тармактары үчүн жылына жогорку даярдыктагы 10 менеджерди максаттуу даярдоо болуп саналат.

Көпчүлүк калктын санаасын алган салык маселеси боюнча мамлекеттик саясат президенттин сөзүнө караганда бизнести өнүктүрүүгө жана мамлекеттик казынаны туруктуу толтурууга иштеши керек. Бул максатта жакында жаңы Салык Кодекси ишке кириши керек, ал боюнча иштер аяктоо алдында турат. Президент айрыкча кыймылсыз мүлккө салык салуу маселесин создуктурбай чечүү керектигин айта кетти. Бул маселени чечүү аймактардын каржылык каруусун чыңдамак жана кыймылсыз мүлктүн чыныгы рыногун түзүүгө алып келмек. Ошондой эле мамлекет башчынын баамында кошумча нарк салыгынын өлчөмүн азайтуу мүмкүнчүлүгүн да карап чыгуу зарыл.

Президент өзүнүн сөзүндө мамлекет турмушундщагы бешинчи жана алтынчы маанилүү маселе катары социалдык тармактагы реформалар жана аймактарды өнүктүрүү маселелерине кайрыла кетти. Мамлекет башчынын көз карашында мамлекет социалдык тармакта көрсөтүп жаткан кызматтын минималдык стандартын тактап алышы керек. Мектепке чейинки жана мектепте билим берүү мамлекеттин мойнундагы башкы милдеттерден болуп кала берүүгө тийиш. Ошол эле учурда жогорку жана кесиптик билим берүүдө мамлекеттин катышуу деңгээлин кайра карап чыгуу керек. Мында башкача айтканда билим берүү структураларын каржылоодон болочок кадрларды каржылоо системасына өтүү маанилүү маселе. Жогорку билим берүү мамлекеттин керектөөсүн канааттандыра тургандай болуп негизинен рынок жолуна менен кетиши керек. Ошол эле учурда жогорку билим берүүнүн стандарттарына да талапты күчөтүү абзел. Билим берүү кызматы үчүн төлөнүп жаткан акчаны болсо көбөйтүү керек.

“Бүтүрүүчүлөрдүн сапаты боюнча ЖОЖдордун коомдук рейтингин чыгаруу жогорку билим берүү системасы үчүн эчак бышып жетилген маселе. Атаандаштык болмоюнча жалаң административдик чараларга таянуу менен бул тармакта сапатты көтөрүү мүмкүн эмес. Окуу жайлардын академиялык автономиясын киргизүү да буга өбөлгө түзөт”,- деп белгиледи президент.

Үнөмдөлгөн каражаттар мектептерди техникалык жактан камсыздоого жумшалат. Бардык мектептер компьютер менен жабдылып, жакынкы келечекте алар бүт Интернетке кошулууга тийиш.

Кубат Чекиров, Бишкек

XS
SM
MD
LG