Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:37

УУ ЗАТ ТАШЫГАН ПОЕЗД


Элеонора Бейшенбек кызы Кыргызстанда жүк ташуучу поездден табылган уулуу затка байланышкан окуяны иликтөө башталды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев “Азаттыкка” ырастады. 31-декабрь күнү Беловодск темир жол бекетине келген поездден адам өмүрү үчүн өтө коркунучтуу уулуу зат - радионуклид табылган. Бирок бул окуя бир жумадай өткөндөн кийин гана коомчулукка ачыкталып отурат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей бир чакага жетпеген чаң, кум, кар аралаш уулуу зат табылган күнү эле көмүлүп жок кылынган:

- “Радиоактивдүү коопсуздук боюнча” мыйзамга ылайык биз радиоактивдүү заттан эл ууланбасын деп ошол эле күнү баардык чараларды көргөнбүз. Ошол эле күнү биздин адистерден атайын комиссия түзүлүп, алар радиоактивдүү затты Сокулук районундагы иштетилген уран калдыктары сакталчу атайы жайга көөмп келишкен.

Өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиевдин маалымдашынча аталган министрлик бул окуя боюнча болгон материалдарды Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке өткөрүп берип, ал жерде атайын түзүлгөн мекемелер аралык комиссия иликтөө жүргүзүүдө:

- Азыр Улуттук коопсуздук боюнча комитет бул жүк кайдан каякка келаткан, буга ким жооптуу деп иликтөө жүргүзүп жатат.

Бирок коопсуздук боюнча мамкомитет бул айтылгандарды тастыктаган жок.

- Азыр кайсы стадияга жеткенин, эмне болуп жатканын азырынча ырасмий түрдө айта албайм – деди аталган комитеттин басма сөз кызматынын өкүлү Рысбек Быкын уулу.

31-декабрда Беловодск темир жол бекетине келген мом темир бөлүктөрүн ташыган поезд Тажикстанга тиешелүү болуп чыккан. Ал эми андагы жүк “Темир” мамлекеттик ишкананыкы экени кабарланууда. Бул компания Кыргызстандан Иранга мом темир бөлүктөрүн ташыйт. Адам өмүрүнө өтө коркунучтуу уулуу жүк табылган поезд кыргыз-тажик жана кыргыз-казак чек араларынан камырабай өтүп кеткени азыр адистердин тынчын алууда.

Маалымат үчүн - радионуклид заты ядролук медицинада ар кандай оорулардын диагносторун аныктоо үчүн колдонулат.

XS
SM
MD
LG