Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:22

ПРЕЗИДЕНТ ЭКОНОМИКАНЫ ЖАҢЫ БАГЫТТА ӨНҮКТҮРҮҮНҮ СУНУШ КЫЛДЫ


Аманбек Жапаров,Бишкек Президент Курманбек Бакиев бүгүн парламент жана өкмөттүн алдына экономикалык милдеттерди койду. Ал өз сөзүндө өлкөнүн ички маселелерине кайрылып, конституциялык реформа ийгиликтүү соңуна чыгып саясий туруктуулукка шарт түзүлгөндүгүн, экономиканы өнүктүрүүдө жаңы ыкмаларды колдонуу керектигин баса белгиледи. Айрым оппозициячыл саясатчылар президенттин билдирүүсүндөгү алты багыттагы маселелер бири-бирине карама-каршы келерин, ири көлөмдөгү каражат жана бийликке элдин ишеними болмоюнча бул милдеттер ишке ашпай тургандыгын айтышууда.

Өлкө башчысы Курманбек Бакиев билдирүүсүн консттуциялык реформа ийгиликтүү соңуна чыгып, саясий туруктуулукка шарт түзүлгөндүгү, эми экономикалык жана социалдык реформаларды кыска мөөнөттө ишке ашыруу зарылдыгын айтуу менен баштады. Анын пикиринде 2008-жыл чечүүчү жана бурулуш жылы болууга тийиш. Өз сөзүндө президент экономикалык өсүш 8 пайыздын тегерегин түзгөнүн, мамлекеттин бюджети 41 млрд. сомго жеткенин, ири энергетикалык курулуштар башталганын, жол инфраструктурасына, айыл чарбасына өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилеп, учурдагы бир катар чечилбеген көйгөйлүү маселелерге токтолду.

-Баалардын орчундуу өсүүсү, инфляциянын жогорку деңгээлинин сакталышы. Эгерде буга тиешелүү чара көрүлбөсө 2008-жылдын биринчи кварталында эле баалардын кескин жогорулушуна алып келет. Олуттуу чочулоо пайда кылган маселелердин экинчи тобу, бул инфраструктуранын күн өткөн сайын эскирип бара жатканы менен байланыштуу. Квалификациялуу кадрлардын жетишсиздиги уламдан-улам курч маселеге айланууда. Узак жылдар бою социалдык блоктогу реформалар күтүлгөн натыйжаны берген жок. Биз бюджетти социалдык багытта карайлык. Саясатыбызды социалдык багытта жүргүзөлүк деп айтып келе жатабыз. Бирок чыныгы турмушка келгенде тескерисинче болуп атат.

Өлкө башчысы чечкиндүү түрдө мамлекеттик менчиктеги обьектилерди мамлекеттен ажыратууну, экономикалык иштерге укук коргоо органдарынын кийлигишпөөсүн, экономиканы жаңы багытта өркүндөтүүнү сунуштады. Бакиев белгилегендей пенсия жашын мурдагы калыбына келтирүү, медицина кызматына жана жогорку окуу жайларда билим алууга акы киргизүү азыркы учурдун талабы.

Айрым саясатчылардын көз карашында президенттин билдирүүсүндө айтылган конституциялык реформа тескерисинче мурдагы президент Аскар Акаевдин учурундагыдай болуп, кайрылууда көтөрүлгөн алты маселеде бири-бирине дал келбеген бөлүктөр бар. «Ар намыс» партиясынын төрага орун басары Эмил Алиевдин айтымында, президенттин билдирүүсүн даярдаган бир нече топтун пикирлери бири-бирине шайкеш келбей калган.

-Президенттин кайрылуусун бир адам эмес, үч-төрт кишиден турган башка-башка топ жазып чыкканы билинип турат. Мисалы, президент базар экономикасы деп үч-төрт жолу баса белгиледи, ошол эле убакытта мурдагы коммунисттик замандагы экономиканы пландаштырып башкаруу системасынын ыкмасы айтылууда. Аңдап баамдаган кишиге бири-бирине дал келбеген ушундай учурлар көп экен.

Алиев ири көлөмдөгү каражат жана бийликке элдин ишеними болмоюнча президенттин кайрылуусунда көтөрүлгөн маселелер ишке ашпай ара жолдо калат деген пикирде.

XS
SM
MD
LG