Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:08

ПАРТИЯЛЫК ШАЙЛОО ЭЛДИ БУЗУП-ЖАРЫП ЖАТАБЫ?


«Кыргыз парламентин партиялык тизме аркылуу куроо өлкөнүн бүтүндүгүнө, элдин ынтымакчылыгына доо кетирди» дешет Оштун айрым тургундары. Ошол эле убакта аларга кайчы пикир тутунгандар минтип чочулоо негизсиз деп эсептешет.

Жергиликтүү серепчилердин баамдоосунда, 16-декабрдагы парламенттик шайлоодо административдик ресурстар ачык колдонулуп, жыйынтыгы бурмалангандагы калк арасында кооптонууну жаратууда. Алардын айтымында, Жогорку Кеңешке президенттин «Ак жол», бийликке ыктаган социал-демократиялык жана коммунисттер партиялары келгени, оппозициячыл маанайдагы «Ата Мекен» партиясынын добуштарынын уурдалышы массалык нааразычылыктын жаңы толкунун пайда кылышы ыктымал.

Белгилүү коомдук ишмер Абдылда Капаров партиялык системага Кыргызстан даяр эместигин, Америка, Австрия, Швецарияны тууроо өлкөнү кесепетке кириптер кылаарын, бийлик калыстыктан тайыган мамлекетте эл бөлүнүп-жарылып, тополон күчөп, эгемендиктин азабын тартаарын белгиледи.

- Парламенттин жыйынтыгы келип кыргызды 3-4кө бөлөт. Ичкилик кыргаздар, куулдун, акуулдун балдары болуп партия ошонун негизинде кармашат дагы, бизди кесепетке айдап кетип атат. Кыргыздар 50 жылга чейин туруп туруш керек эле. Партиялык тизме кыргызга туура келбейт, ал Америка, Австрия, Швейцария эмес. Муну баштап койду мунун азабын да тартат, өзүнүн очогуна күл тартып атат, - дейт Абдылда Капаров.

«Ак жол» партиясынын Оштогу активисттеринин бири Улукбек Максыталиев алардын пикирин Саясий Кеңеш эске албагандыгына өкүнүп, парламентте олтурган партиялаштарынын бирине дагы ичи чыкпастыгын, Башмыйзамды жеке адамдын пайдасына бурмалаган Конституциялык соттун мурунку төрайымы Чолпон Баекова, 2005-жылдын мартында Акаевден мурун Ош губернаторлугун таштай качкан Кубанычбек Жолдошев өңдүүлөр Жогорку Кеңеште жүргөндүгүнө санаалаштары нааразылыгын «Азаттыкка» билдирди.

Ошондой эле спикерликке Адахан Мадумаров жарабастыгын, ордуна Исхак Масалиев же Бакыт Бешимов шайланса дурус болмоктугун кошумчалап, дегеле Кыргызстан партиялык парламентти эртерээк түптөп алгандыгын, анын өмүрү кыска экендигин ачыктады.

- Бизге кандай күндөрдү көрсөткөн. Мен парламентте отургандан уялып атам. Чолпон Баекова 15 жылдан бери Акаевди колдоп жүргөн. Кыргыздын жүзүн көрсөткөн балдар өтпөй калды. Мадумаровду мен сыйлайм, бирок төрага болгонуна ичим ачышып атат, андан көрө Бакыт Бешимов, Исхак Масалиев болбойбойбу, Адаханга мен ишенбейм, - деди Улукбек Максыталиев.

Кыргызстан коммунисттеринин лидери, Жогорку Кеңеш депутаты Исхак Масалиев ал жетектеген партия Президент Бакиевдин саясатын толук колдой тургандыгын, бөйрөктөн шыйрак чыгарыштын кажети жоктугун, акыры жүрүп өлкө партиялык башкаруу системасына өтүүсү зарылдыгын жашырган жок.

- КДК ушул күнү бюронун жыйынын өткөрүп, президенттин чечимин колдоп атабыз, - дейт Исхак Масалиев.

Кыргыз оппозициясынын жолбашчыларынын бири Кубатбек Байболов «Шайлоо таза жана калыс өтүп, плюралисттик көз караштагы партиялардан парламент куралганда өлкөнүн өнүгүшүнө өбөлгө жаралмак, азыркындай бир кишинин кабак-кашын караган Жогорку Кеңеш алыска узабайт, анын үстүнө бийлик криминалдашып кетти» деген пикирде.

XS
SM
MD
LG