Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:34

РОССИЯ НАТОго ЖАҢЫ ӨКҮЛҮН ДАЙЫНДАДЫ


Президент Путин Россиянын НАТОдогу туруктуу өкүлү кылып Дмитрий Рогозинди дайындады. Рогозин орус коомунда улутчул ишмерлердин бири катары белгилүү жана антиНАТОлук ынтаасы менен да кеңири таанымал. Ушул себептен улам анын түндүк Атлантикалык альянска Москванын элчиси болуп жиберилип жатканын бир катар байкоочулар дурус аянга жорушкан жок.

Дмитрий Рогозин мурдакы Думанын депутаты болгон. Москва мамлекеттик университетинде журналистика факультетинин эл аралык бөлүмүн бүтүргөн. Бир нече тилде эркин сүйлөйт. Бирок ал коомчулукка негизинен улутчул ынтаасы менен көбүрөөк таанылган.

Он беш жылдай илгери орус жамааттар конгрессин түзгөн, “Орус маселеси жана анын улуттук, эл аралык коопсуздуктагы орду” деген темада илимий иш жактаган. 2003-жылы “Родина” деген аталышта шайлоо блогун курап, кийин аны партияга айланткан. Акыркы эки жылда Россияны, анын ичинде Москваны “калдыктардан тазалоого чакырган” улутчул кыймылдардын “марштарын” уюштургандардын бири болгон. Былтыр “Эл душманы” деген китеп жазып, “Улуу Россия” партиясын түзгөнгө аракет кылды. Рогозин мындан тышкары НАТОну активдүү сынга алып жүргөндөрдүн бири.

Германиялык саясий эксперт Александр Рар бир катар жүйөөлөрдөн улам Рогозинди “мушкер-күчүнөшчүгө” теңештирди. Элчи катары ал “НАТО менен далай челишип, чекишет” болуу керек. Дегинкисинде ушундай кишини альянска Россиянын өкүлү кылып жиберүүнүн өзү өтө таң каларлык кадам, дейт немец эксперти.

Москвадагы “Саясат” фондусунун президенти Вячеслав Никонов менен "Russia In Global Affairs” журналынын башкы редактору Федор Лукьяновдун көз карашы окшош чыкты. Эки эксперт тең муну менен Кремл НАТОнун ишине, айрыкча анын Чыгышты көздөй кеңейишине таптакыр ичи чыкпай жатканын каңкуу кылгысы келди дешет. Лукьянов деген менен Рогозиндин элчиликке дайындалышынан улам апалаң-тапалаңга түшүүнүн кажети жоктугун, анткени альянска байланыштуу саясатты Брюсселдеги өкүл эмес, Кремл аныктай турганын эске салды.

Ал эми Москвадагы Карнеги борборунун аналитиги Алексей Малашенко буга чейин Рогозин айрым иштерде айрымаланганын, эми өзүн Брюсселде ийкем саясатчы катары көрсөтүшү керектигин белгиледи. Думанын эл аралык комитетинин төрагасы Константин Косачев Кремлдин бул кадамын новаторлук чечим деп баалады.

Рогозиндин өзүнө болсо жаңы кызматы “өтө маанилүү, жооптуу жана кызыктуу иш” катары көрүндү. Ал ошондой эле Брюсселде баарыдан мурда Косовонун статусуна жана АКШнын Европага жайгаштырганы жаткан антиракеталык системасына байланыштуу проблемаларга көңүлүн топтоп, Батыш өкүлдөрү менен таза адамгерчилик жүйөөдө алака түзөрүн да кошумчалады.

Айрым бир баяндамачылар Кремл Рогозин улуттук-патриоттук маанайдагы күчтөрдү баш коштуруп, “Бирдиктүү Россия” партиясынын монополиясын бүлүнтүп жибериши мүмкүн деп чочулап, аны өлкөдөн тышкарыраак жерде кармоону чечти дешет.

Аталган кызматта буга чейин Константин Тоцкий иштеп келген эле. Путин аны кечээ кызматынан бошотту.

XS
SM
MD
LG