Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:22

ТҮРКИЯ ПРЕЗИДЕНТИНИН АКШга САПАРЫ УЛАНУУДА


Түркиянын президенти Абдуллах Гүлдүн АКШга болгон сапары уланууда. Гүл жетекчи чөйрөлөр менен болгон сүйлөшүүлөрүндө, аймактык жана эл-аралык маселелерде турукташтыруучу фактор катары өлкөсүнүн аткара алчу ролун алдынкы планга чыгарууга тырышууда.

Дүйшөмбү күнү Вашингтондо Президент Жорж Буш менен көрүшүп өз-ара жана бир катар эл-аралык маселелерди талкууга алган Түркиянын Президенти Абдуллах Гүл, бул өлкөдөгү сүйлөшүүлөрүнүн чегинде бир чети, өлкөсүнүн АКШ менен өзгөчө Ирактагы согуш себептүү улам начарлап келаткан мамилелерин кайра кадимки нугуна которууну көздөп, ошол эле учурда, Түркиянын аймактык жана эл-аралык көптөгөн маселелердеги тышкы саясатын түшүнтүрүп берүүгө аракеттенүүдө. Буш менен Гүлдүн көрүшүүсү учурунда, Ирак жана ПКК жикчил тобуна каршы күрөштөн тартып, көптөгөн регионалдык жана эл-аралык маселелерде эки өлкөнүн көз карашы бири-бирине айкашаары кайра тастыкталып, солгун тарткан мамилелерде жаңы бир терезе ачылгандай болду.

Президент Абдуллах Гүл шейшемби күнү Вашингтондо, Илимпоздордун эл-аралык Вудров Вилсон борборундогу (International Woodrow Wilson Center for Scholars) бир программага катышты. Анда айткан сөзүндө Гүл, Кавказ жана Борбор Азияда тынчтык жана туруктуулукту бекемдөө, өлкөсүнүн тышкы саясатынын баштапкы көрсөтмөлөрү экенин ишендирип, Анкара өзүнүн кошуналарынын басымдуу көпчүлүгү менен достук мамиледе экенин билдириди. Түштүк Кавказдагы туруксуз абалды Жакынкы Чыгышка теңеген Түркиянын президенти, бул аймактын маселелери тууралуу АКШ менен Түркиянын турумдары бири бирине дал келгенин айтты. Президент катары АКШга алгачкы саякатын жасаган Гүл программа учурунда, Түркиянын АКШ-Иран кризисинде Вашингтондун тарабын колдоп-колдобостугу тууралуу берилген суроого жооп кайтарып буларды айтты:

-Түркия менен Иран кошуна өлкөлөр. Эки өлкөнүн чегаралары 1639-жылынан бери эч кандай чатак болбой жана өзгөрбөй келе жатат. Баарынан мурда ушул фактынын туура түшүнүлүүсүн каалар элем. Бул-АКШнын тарыхынан алда канча көөнө тарых. Ким гана болбосун, кошунасы менен татынакай мамиледе болушту каалайт эмеспи. Болгону, биз бирдей географиянын калктарыбыз. Бири бирибизге окшош тарткан жактарыбыз жана тарыхтын түпкүрүнөн келген орток касиеттерибиз бар,-деп айтып, өлкөсү БУУюмунун токтомдорун эсепке алуу аркылуу Иран менен мамилелерин өнүктүүнү кааларын жана аймакта өзөктүк куралдардын болушуна каршы экенин кошумчалады.

Гул ошол эле учурда Анкара, Ооганстан менен Пакистандын ортосунда коопсуздук тармагында кызматташтыкты тигелтиш үчүн Исламабат менен болгон тарыхый-тыкыс байланыштарын колдонуп жатканын, Грузия жана Азербайжан менен мамилеси күндөн күнгө гүлдөп өсүп баратканын белгилеп, Баку-Тбилиси-Жейхан мунай багыты, Баку-Эрзурум табыйгы газ куурлары жана Карс-Тбилиси-Баку темир жолу өңдүү долбоорлор аймак өлкөлөрүн бири бирине ого бетер жакындаштырганын билдирди.

Президент Гүл Вашингтондон Нев Йорк шаарына өтүп, БУУнун баш катчысы Бан Ки Мун менен көрүштү. Түркиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Баки Илкин мырзанын резиденциясындагы кечки тамак учурунда Гүл баш катчы Бан Ки Мунга Кипр маселеси, Киркук шаарынын болочоктогу макамы жана Ирактын аймактык бүтүндүгү тууралуу Анкаранын турумун түшүндүрүп берди. Гүл кечөө Нью-Йорк шаарында эл-аралык инвесторлор, Эврей уюшмаларынын өкүлдөрү жана Месхет Түрктөрүнүн өкүлдөрү менен да көрүштү.

XS
SM
MD
LG