Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:37

МУРАТ ЖУРАЕВ: УНЧУКПАЙ ОТУРГАН ДЕПУТАТТАН ЭЧ ПАЙДА ЖОК


Президент К. Бакиев кечээ министрлерге премьер-министрдин уруксатысыз бир да билдирүү жасабагыла деп тыйуу салды. Демократиялык көз караштагы жарандар муну авторитаризмди орнотуу аракеттеринин ачык далили катары дароо сындап чыгышты. Президенттин кайрылуусу сизге кандай таасир калтырды? Кыргызстан чын эле авторитардык башкарууга ыктап баратабы? Мына ушундай суроолор менен “Азаттык” ЖК депутаты Мурат Жураевди кепке чакырган.

- Кечээ айткан сөздөрү туура. Өкмөт саясатка киришпесин деген сөздөрү угулду. Мунун жакшы жерлери дагы бар. 2-3 жолу кайталап айтты, СНБ, УВД, МВД жактан бизнеске киришпесин деп, салык жагынан жакшы сөздөрдү айтты. Жаман жагын да айтып коюш керек. Биринчиси, элдерди даярдады, жазында кымбаттоо болушу мүмкүн деген сөздөр болду. Демек эл буга даяр болуш керек. Экинчиси, пенсия боюнча, өткөн үчүнчү чакырылыштагы депутаттар пенсиянын курагын түшүргөнбүз, азыр болсо биздин президентибиз пенсияны мурдагы нугуна коебуз деп жатат. Муну мен түшүнбөй калдым, эл кандай түшүнөт пенсияны биз кайрадан көтөрүп койсок. Март, апрелде элдер көчөгө чыкпашы үчүн азыркы өкмөт ошончолук жакшы иштеш керек. Жаман иштеп кыйынчылык болсо эл март, апрелде чыгышы мүмкүн.

- Маселен мындан мурдараак парламент төрагасы Адахан Мадумаров Жогорку Кеңеште темирдей тартип орнойт деп билдирген эле. Анын соңунан сунушталган регламент жөнүндөгү мыйзам долбооруна депутаттарга пикир айтууну чектеген бир эреже кирген экен. Сизди ушул эреже ынандырып атабы, мисалы комитеттерде жалпы жыйында депутаттар фракциялардын, же комитеттердин уруксаты менен сүйлөш керек деген сыяктуу?

- Бул өтө туура эмес. Президент кечээ дагы айтты, канчалык биз жаман законду алсак, жакшы адамды жаман кылабыз деп. Депутат болуп парламентте унчукпай отурса кандай жакшы закон алынат. Биздин фракциянын лидери Бакыт Бешимов туура айтты, ошол жерде керек болсо мушташыш да керек . Себеби канчалык сапаттуу закон алсак, ошончолук элге жакшы болот. Биринчиден, регламентти караганда ушуну алганга аракет кылабыз. “Ак жол” колдойбу, колдобойбу билбейм. Бирок ошондой бойдон калса бул өтө туура эмес болот. Регламентте закон боюнча ар бир депутат өзүнүн пикирин айтыш керек. Айтпаса өтө туура эмес болот.

-Регламент боюнча комиссияда мүчө экенсиз. Парламентте аз сандагы орундарга ээ социал-демократтар менен коммунисттерди эске албаганда негизинен “Ак жолдун” гана колунда болуп атат тигил, же бул чечимди кабыл алыш. Регламент долбоорунда азчылыктын укуктарын коргоо боюнча кандайдыр бир милдеттендирген жоболор барбы?

- Биз сунушту бергенбиз, сөзсүз вице-премьер, вице-спикер бизден, же коммунисттерден болуш керек деп. 12 комитеттен эки комитетке макулбуз. Бирок орунбасарларды дагы бизге бербей койду. Бул да өтө туура эмес. Себеби жок дегенде башка комитеттерде чечүүчү добушту азчылыктагы партиялар алыш керек. Сапаттык курам боюнча азыр 71 добуш “Ак жолдо”, ар бир суроону бизсиз эле өткөрө турган мүмкүнчүлүгү бар. Ошон үчүн күчтөрдүн тен салмактыгын камсыз кылыш керек. Ал болбосо эч кандай жакшы закондор өтпөйт. Вице-спикер, регламент боюнча сүйлөй турган депутаттар боюнча биз өзүбүздүн сунушубузду беребиз. Аны кабыл алабы, булар өздөрү билишет.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG