Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:09

ЗИЛЗАЛАДАН ЖАБЫРКАГАНДАРГА АКЧА ЖОК, А ДЕПУТАТТАРГА ТАБЫЛАТ


Жаңы шайланып келген парламенттин 27 депутаты борбор калаада турак-жайы жоктугу тууралуу ЖК төрагасына арыз жолдогон. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Адахман Мадумаров сессияда маалымдап, аларды убактылуу үй-жай менен камсыз кылуу үчүн ай сайын 400 доллардан каражат бөлүнөрүн билдирген. Кээ бир депутаттар парламентке тиешелүү турак-жайлардын көпчүлүгү мурдагы депутаттардын ээлигинде болуп, кийинкилерге бошотулбай жаткандыгын белгилешет.

Депутаттык макам тууралуу мыйзамга ылайык Кыргызстанда парламент мүчөлөрүн турак-жай менен камсыз кылууну мамлекет мойнуна алган. Учурда жаңы шайланып келген парламенттин 27 депутаты борбор калаада үй-жайы жоктугун билдирип, арыз менен кайрылышкан. Бул маселени бийлик депутаттардын санын 90го чыгарып, шайлоо кодексин кайра жазарда эле ойлонууга тийиш болчу деген пикирлер айтылып келет. Он беш жылдан бери кыргыз парламентинин мүчөсү болуп келген Дооронбек Садырбаев өзү Жогорку Кеңеш тарабынан берилген үйдө жашап туруп, ал жерден ардактуу эс алууга чыкканына байланыштуу үйүн мыйзамга ылайык менчиктештирип алган. Дооронбек Садырбаев депутаттарды үйсүз калтырууга болбойт, бирок муну бийлик мурдатан ойлонууга тийиш болчу деген пикирде:

-Референдум аркылуу шайлоо кодексине өзгөртүү киргизерде ойлонушса болмок. “Өлө турган адамдын оозуна алла кирет” дегендей болуп атат да, -дейт Дооронбек Садырбаев.

Жаңы шайланып келген депутаттардын турак-жайы жок болуп, аларды убактылуу батир менен камсыз кылуу үчүн кошумча каражат бөлүү зарылчылыгынын келип чыгышына – бир жагынан парламентке тиешелүү квартираларды мурдагы депутаттардын бошотпой келе жаткандыгы да себеп болууда. 2000-жылдан 2005-жылга чейин Кыргызстанда эки палаталуу, 105 депутатынан турган парламент иштеп турган. Мурдагы жана азыркы чакырылыштагы депутат Иса Өмүркулов 105 депутатты камсыз кыла алган ЖК эми 90 депутатты камсыз кылууга күчү жетет, бирок мамлекеттик турак-жайды бошотпой жүргөн экс-депутаттар өздөрү билип, кийинки шайланып келгендерге үйдү бошотуп бергенде мындай кошумча каражат бөлүү маселеси келип чыкпайт эле, дейт:

-Мөөнөтү бүткөндөн кийин бошотуп чыгып кетиши керек, бирок тилекке каршы бизде эки-үч чакырык мурун депутат болгондо алып, бүгүнкү күнгө чейин чыкпай аткандар бар. Мен өзүм турак-жайга муктаж эмесмин, бирок обьективдүү кароого тийишпиз, депутаттарды үй менен камсыз кылуу керек.

Жогорку Кеңештин бир депутатын үй, машина, телефон ж.б. менен камсыздоо үчүн мамлекеттин бир жылда кетирген каражатына катардагы мугалим 80 жыл иштесе гана жетет. Минтип белгилеген журналист Абдувахаб Мониев депутаттардын турак-жай сураганы уят, андан көрө катуу жер титирөө болуп, олуттуу кырсыкка кабылган элди камсыздоого көмөк кылышса болмок, деп эсептейт:

-Кырсыкка кабылган элди толук камсыздай албай туруп, депутаттарга мындай кам көрүү туура келбеген иш. “Ак жол” партиясы парламенттин көпчүлүгүн түзүп атпайбы. Биз билебиз, “Ак жол” партиясынын азыркы парламенттеги мүчөлөрү бардар, чөнтөгүндө пулу бар, бизнеси бар адамдар. Алардын айрымдарынын шайлоо кампаниясы учурунда миңдеген, миллиондогон долларларды чачкандыгын да көпчүлүк эл билет. Демек, алар үй-жайсыз талаада кала турган адамдар эмес.

Абдувахаб Мониев парламенттик шайлоо алдында саясий партиялар "эл үчүн иштейбиз, эл үчүн көкүрөгүбүздү тособуз" деп сөз берип, алардын ишеничине киргендигин, эми аны иш жүзүндө көрсөтүүгө убакыт келип жеткендигин кошумчалады.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG