Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:24

КЫШТЫН АРТЫ КЫМБАТЧЫЛЫКТЫН ЖАЗЫБЫ?


“Заман Кыргызстан” гезити “Оштогу зилзаланын зыянынан эл кутула элек”, “Жаштардын кендири кесилүүдө, келечегиң барбы, Кыргызстан?”,“МСН суббота” гезити <v>“Коммуналдык кызмат, баары баягыдай эле, бирок кымбат”,</v> “Новый Кыргызстан” гезити <v>“Чычкан чыйылдаш”</v>,“Агым” гезити “Манас” эларалык аэропортунун президенти Бакыт Сыдыков чоң муштум, чоң бизнесмен, чоң кумарчы”, “Аалам” гезити “Кыргыздын бар болорун ойлочу” деген өзөктүү темадагы макалалар менен жарык көрдү.

Республиканын саясый картасындагы күчтөрдүн жайгашышына ылайык эми өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал түп тамырынан бери өзгөрөт. Батыш үлгүсүндөгү демократия доору бүттү. Республика жетекчилиги “Ак жол” деп аталган партиясын түзүү менен өз жолун тандап алды. Бакиев бир кезде Акаевдин түшүнө кирбеген нерсеге-оппозициянын белин мертинткенге жетишти. Ушу тапта байкоочулардын бир даары “кыргыз асманында жаңы Кыргызбашы” пайда болду, эми ал президенттик өмүрүн уузартыш үчүн мөөнөтсүз шайлоого аттанууга кам-чом жеп жатат деп айтса, бир даары үстүбүздөгү жылы түзүлө турган социалдык оор жагдай, кар кетери менен каптап кире турган кымбатчылык бийликтин дагы бир жолу саясат талаасында “көкбөрү” тартуусуна жол бербейт дешет.

Бакиевдин режимине бул ирет коркунучту демейде боло келген саясый жагдай эмес, кадимки эле кара курсактын айынан пайда болучу социалдык оор абал келтириши мүмкүн. Анткени электр энергиясы өзү эле кымбаттап тим болбой жолундагылардын баарын ала жыгылып олтуруп баасын асмандатып тынары турган иш. Өлкө жетекчилиги болсо келаткан кымбатчылыкты жаап-жашырып, айлык акыңарды, пенсия, пособиеңерди көтөргөнү жатабыз деп убадалардын уузу менен тойгузууда. Бирок кыр-кырдан кылкылдап басып келаткан кымбатчылыкка кыйрайган маяна менен, ийрейген пенсия туруштук бере албайт, деди “Новый Кыргызстан” гезити.

Газ кымбаттады. Эми артынан электр энергиясы менен жылуулук кызматы кымбаттайт. Буга чейин биз коммуналдык төлөмдөрдүн кымбаттоосуна эч убакта жол бербейбиз деп элдин ээгин эчен ирет кызарткан өкмөт бул ирет оозуна кум куюп алгансып унчукпайт. Энергетиктер болсо “калк керектөөсүнөн аз төлөп жатпайбы” деп доомат кылганын койбойт, чын эле ошондойбу?-деп суроо салган “МСН суббота” гезити, өткөн жылы Бишкектин 5 кичирайонундагы эки үйдүн тургундары “Кыргызстан-Сорос” фондунан грант утуп алып, жылуулук эсептегичтерин коюп чыгышканын, жыйынтыгында ошого чейин өкмөт коюп келаткан төлөө тарифинен 50 пайыз арзан төлөгөнүн мисалга тартып, көрсө өкмөт элден эки эсе кымбат алып жүргөн турбайбы, буга эмне дейсиз? деп сураганда энергетика жана отун-өнөржай министринин орунбасары Акылбек Түмөнбаев буга жооп бере албай койду деп жазды.

Өлкөбүз өз алдынча мамлекет болуп, кандай күндө калганыбызды билелбай экономикабыздын ойрону чыкты, ондогон жылдар ортого чогулткан жалпы элдик мүлктү-Акаевдар, Бакиевдер, Касиевдер, Силаевдер, Танаевдер, Сыдыковдор, Айбалаевдар, Сарыгуловдор, Керексизовдор, Байболовдор, Балкыбековдор, Исаевдер, Куловдор, Сыйдановдор, Атамбаевдер, Салымбековдор бөлүп кетип, кара курсактын айынан нечендеген азамт кыз-жигиттерибиз ары жагы Америка, бери жагы Казакстанга чейин “кайың саап “ кетишти. Урматтуу президент! Сизде өлбөстүн күнүн көрчү байлыгыңыз бар, бийлигиңиз болсо чексиз, аны сизден эчким тартып алалбайт, алам десе да бере турган түрүңүз жок, баамыбызда түбөлүк президент болосуз. Мамлекеттеги жаман-жакшынын баарына биринчи кезекте сиз жооп беришиңиз керек. Анткени бийликтин баарын өз колуңузга топтодуңуз деп жазды “Аалам” гезити жаңы санында.

Кыргызстанда 90-жылы 1064 бала бакча болсо алардын саны 2006-жылы 417ге кыскарган. Кыскарган бала-бакчалардын баары “колу түктүүлөргө” сатылып кеткен да, мамлекет мектепке чейинки балдарга таалим-тарбия берүүдөн кол жууй баштаган. Азыр өлкөгө 200дөн ашык мектеп, 3,5 миңден ашык мугалим жетпейт. Айыл мектептеринде компьютерди мындай кой бүгүнкү күндүн талабында окута турган окуу китептери жок, болсо жетишпейт. Ошол эле учурда мектеп деген эмне экенин билбеген туташ сабатсыздардын бүтүндөй армиясы артыбыздан келатат. Сандардын сайын бойлосок, 2002-жылы окуусун таштагандардын саны-1миң 642ге, 2004-жылы-1 миң 852ге жеткен. Бир эле Бишкек шаарында өткөн жылы “А” деген арип эмне экенин билбеген көчө балдарынын саны 700дөн 5 миңге чейинки көрсөткүчтү түзгөн.Мунусу аз келгенсип наристелердин өлүмү боюнча Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинде да алдыңкы орундардын биринде турат деп баяндады “Заман Кыргызстан” гезити.

“Агым” гезитинин жетекчиси жаңырды. Гезиттин башкы редактору болуп, алгачкы эмгек жолун мына ушул “Агым” гезитинин кожоюну Мелис Эшимкановдун жардамчысы катары баштап, кийин гезит кабарчысы болуп иштеген, акыркы жылдары өз алдынча “Апта”, “Айкын” деген гезиттерди чыгарып такшалган Керим Айдаров дайындалды.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG